86 жашка чыкса да спортту таштабай, балбан таптап келаткан машыктыруучу Хаким Махмудовдун жашоо образы көпчүлүккө үлгү болгудай. “Күн сайын түнкү саат үчтө турам, таң эрте чуркайм. Бул адатты 35 жылдан бери калтырбай келатам. Бекем дисциплина, эрте туруу жашооңду берекелүү кылат” дейт ал. Балбан Жоламан Шаршенбеков Париж Олимпиадасынан медаль утканда көпчүлүк ушул киши үчүн да сүйүндү. Мээнеттин үзүрү кайтты деп...
– Саламатсызбы, Хаким ага? Париж Олимпиадасы, андагы биздин балбандардын ийгиликтерин жана катачылыктарын сөз кылсак...
– Саламатчылык, кызым, грек-рим күрөшү боюнча айтсам, жалпы жыйынтык жакшы болду. Бирок кээ бир балдар койгон максаттарына бир аз жетпей калышты. Мисалы, өзүмдүн эле окуучум Жоламан алтын утам деп барган, мен да анын алтын утарына көзүм жетип турган, бирок кичине жерден катачылык кетип калды. Көптөр “кемчилик даярдыктан кетти” деп жатышат. Бизде жеке машыктыруулар көп мелдештерге спортчуларга кошулуп бара беришпейт. Балбандар натыйжа көрсөткөндөн кийин тандалма курамага кирип, ал жактан башка машыктыруучулар машыктырышат да. Менимче, ошол жактан даярдык начар болгон. Жеке машыктыруучулар спортчулардын ар бир мелдешине, машыгууларына кошо барып турушса жакшы болмок.
Жоламан мурун утуп жүргөн япон балбанына утулуп калды. Япон балбаны Жоламандын бардык ыкмаларын изилдеп, билип алыптыр, такыр эле коргонуп туруп алды. Спортто ушундай, күрөшкөн видеолорун көрүп атаандаштын ыкма жасоо техникаларын изилдейбиз. Жоламан 60 килограмм салмакта күрөшөт, бирок өзү 67-68 килограмм салмак менен жүрөт. Мелдештерге аз калганда салмак кууйт, ал дагы өтө оор иш. Париж Олимпиадасында салмак кууду, анан алгачкы каршылаштары менен күрөшкөндө көп энергия коротуп койду. Коло медаль үчүн күрөшкөндө “Жоламан, сен жандуу күрөшөсүң, билем, калыс атаандашыңды партерге жаткырат, ошол учурду пайдалан, өлүп баратсаң да көтөрүп ыкма жасашың керек” дедим. Айткан тапшырманы аткарып, коло утту. Бул деле жакшы. Биздин балбандар 100 миллиондогон калкы бар өлкөлөрдүн балбандарын утуп жатышты, буга эмне деген күч, эрк, дух керек, билесиңби? “Алтын жок” дебей, күмүш, коло утканыбызга сүйүнүшүбүз керек.
– Канча жылдан бери машыктыруучулук иш менен алексиз?
– Машыктыруучулук менен 1963-жылдан бери алектенем, жүздөгөн балбандарды машыктырдык. Союз убагында Владимир Скутарь, Пётр Дейс, Юрий Титеров деген балбандарды тарбияладым. Алар байге утуп турган тушта мага “Эмгек сиңирген машыктыруучу” деген наам беришкен. Жанарбек Кенжеев деген окуучум жаштар арасында Дүйнө чемпиону болгон. Ал эми Жоламан мага 8 жашында келди, 17 жылдан бери машыктырып келем. Чынында таланттуу спортчу миңден биринде эле чыгат. Ошол идиреги бар баланы кармап, таптап, туура багытта тарбиялоо – машыктыруучунун милдети.
– Талкуу жараткан көрүнүш боюнча сиздин пикирди билгим келет. Олимпиадада атаандашына утулуп калганда балбан Бекзат Өмүрбек уулун машыктыруучусу элдин көзүнчө урушуп жатты. Бул туура эмеспи же спортто нормалдуу нерсеби?
– Албетте, туура эмес болду. Менде да жаш кезде шакирттерди тилдеп, урушкан күндөр болгон. Спортчу утулуп калганда ыза болот, анан ызасын огобетер күчөтүп от койгон болбойт. Утулуп калса, машыктыруучу жарым же бир күн анын жанына барбай эле койгону жакшы. Өзүнө келгенде гана кандай ката кетиргенин айтыш керек. Жоламан япон балбанына утулганда килем үстүндө ыйлады, бери жакта турган менин деле муунум бошоп ыйлап жиберейин дедим. Бирок карманасың да, спортто ушундай, кээде утасың, кээде утуласың. Биздин балбандар мелдештен мелдешке катыша берип организмдери чарчап калышты окшойт.
– Мелдештерге көп катышуу – бул тажрыйба арттыруу эмеспи?
– Кээде организм да эс алышы керек. Бизде бир мыкты спортчу чыкса, агайы аны кайра-кайра мелдештерге жибере берет. Медаль ута берип, ал спортчу үчүн медалдын баркы деле кетиши мүмкүн. Мисалы, Акжол Махмудов бутунан жаракат алып Германиядан дарыланып келген. Ошондо спортту түшүнбөгөндөр “бүттү эми, болбойт, бул бир жыл машыкпай калды” деп кол шилтеп, керек болсо, стипендиясынан ажыратып коюшкан. Анан эмне болду? Акжол бир жылдан кийин келип баарын “талкалап” Дүйнө чемпиону болду, Токиого барып күмүш утуп келди. Мына жыйынтык. Эч ким Мээрим Жуманазарованы Парижден күмүш утат деп ойлогон эмес. Анткени жаракат алып көп машыгууларга, мелдештерге катышпай калган эле. Мээримдин организми эс алды, тазарды, анан Парижге барып туруп күмүштү багындырды. Спортчуну кайра-кайра мелдешке сала берсе организм деле чарчайт да. Спортко ар тараптуу мамиле кылган жакшы.
– Париж Олимпиадасында спортчулар тамак-аштан өксүдү деген сөздөр чыкты. Чыныгы абал кандай болду?
– Тамак-ашын начар дебейм, дүйүм тамактын баары эле бар экен. Балыктын түрү турду, биз кызыл балык жеп жаттык. Бирок негедир даамы жок сезилип, тузу кем болуп жей албай жаттык. Тузу жок же аз тамактар ден соллукка пайдалуу, бирок биз өзүбүздүн беш бармак менен шорпого көнүп калганбыз да.
– Баланы күрөшкө канча жашынан берген жакшы?
– Мурун машыгуу залына 15-16 жашта келишчү, азыр 7-8 жаштагы балдарын алып келип жатышат. Балага дароо эле ыкмаларды үйрөтүп мелдешке салбайсың, алгач 2-3 жыл даярдык көрүшөт. Таланты бар балдар 1-2 айда эле билинет. Ошолор менен акырындан иштеше баштайсың, калгандары ден соолук үчүн машыгышат.
– Хаким ага, 86 жашта адам эмнелерди көбүрөөк ойлонот экен?
– Акыретти көбүрөөк ойлонуп каласың, кызым. Басып өткөн өмүр жолуңду талдап, эмнени туура кылдым, эмнени туура эмес кылдым деп ойлоносуң. Кудай берген өмүрдү татыктуу жашап жатамбы, элге, коомго пайдалуу иш жасадымбы, тиги дүйнөм кандай болот деп талдоо жүргүзөсүң. “Адамдын тагдыры мүнөзүнө жараша болот” деп бекер айтылбайт, кандай жагдай болбосун адам адам бойдон калышы керек. Сага бирөө жамандык кылып жатса көрмөксөнгө салып кой, эч качан жамандык менен жооп бербе. Калганын Кудай өзү таразалап коёт.
Окуучуларыма да "адамгерчиликтүү болгула" деп көп айтам. Спортто кичине ийгиликке жеткенден кийин көчөдө мушташып, кылмыштуу топторго аралашып кеткендер болгон. Алардын ийгилик жолу кыска эле болот. Жаш кезде жаттап алган бир ырым бар: “Атагың чыкса ааламга, айланып жүрсөң дастанга, көкүрөгүң көтөрүп, жеке өзүм деп мактанба” деген саптарды окуучуларыма да жаттатам. Жаратканым тең мамилени сүйөт, мына, өткөндө президент Олимпиадага катышкан бардык спортчуларды бирдей сыйлады. Бул абдан туура кадам, себеби спортто бүгүн жеңилсең, эртең чемпион болушуң толук мүмкүн.
Лунара Бекиева