Өзүн дайыма позитивдүү маанайда алып жүргөн шайыр мырза. Таанымал актёр, блогер, алпаруучу, режиссёрлукта да өзүн сынап жүргөн Актан Рыскелдиев менен жаңы тарткан тасмасы, футболго болгон сүйүүсү жана башка темаларда сонун баарлашуу болду.
– Кандайсыз, Актан мырза? “Акыркы учурда убакыт тар болууда, быйыл Ысык-Көлгө барып эс алганга да жетишпедим” деп калдыңыз. Кандай маанилүү иштерди бүтүрүп жүрөсүз?
– Жакшы. Жарым жылдан бери “Базар жок” деген кинокомедияны тартуу менен алекпиз. 4 ай сценарий жаздым, 1 ай тартуу иши жүрдү, 1 ай монтаждадык. Сиздерге берген мурдагы маектеримде балалыгым базарда өткөнүн айткан эмес белем? Ошол тууралуу кино тартууну чечтим. Базарда араба түртүп иштеп, суугуна тоңуп, ысыгына күйүп чоңойгон баламын да. Базар ишинин түйшүгүн билген адам катары ушул темада кино тартууну колго алайын дедим. Былтыр “Эгиз” деген тасмам жарыкка чыгып, көп киночулардын мактоосуна татыган эле. Каражат жагын айтсам, банкрот болгон жокмун, өз чыгымын жапты.
– Кино тартуучулар абдан көбөйүп кетти. Бул тармак кирешелүү болуп жатат окшойт?..
– Мындай да, мисалы, казактар 300-400 миң долларга тарткан кинону биз 30-40 миң долларга эле тартып коёбуз. Биз ар кандай кыйынчылыкка ыңгайлашкан элбиз да, көйгөйдөн чыгуу жолдорун бат өздөштүрүп кетебиз. Анан казактар “ушунчага эле тартып коёсуңарбы?” деп таң калышат. Бирок азыркы кымбатчылык киного да жетти, былтыр 30-40 миңге тартылган кинолор быйыл 60-70 миң долларга тартылууда. Ошол 60-70ти таап, калган техника, жарнама жумуштарын өзүң чуркап бүтүрсөң 2-3 эсе пайда көрүп калганга кино тармагы жакшы булак негизи. Бирок кинонун баркын кетирип албаш керек. Баягы даңкылдак-дүңкүлдөк ырлар бат эле элге тарап кетет го, азыркы айрым комедияларды ошол сыяктуу эле көрөм. 2-3 комедиялык тасма көрдүм, анча-мынча моралдык нерселерге такыр эле көз жумуп коюшуптур.
– Бирок “карга карганын көзүн чукубайт” деген сыңары, тасмалардын бет ачарында баарыңыздар эле мактай бересиздер го. Чындыкты бетке айтуу кыйын да, ээ?
– Эсиңизде барбы билбейм, Эрнест Абдыжапаровдун “Сагымбай манасчы” деген киносунун бет ачарына Эдил Байсалов келип жамандап салган (күлүп). Бизди эми атайын кинонун жабык көрсөтүүсүнө чакырган соң “жакшы болуптур” деп калп эле мактап коёсуң да. Этикет жагынан алганда, балким, бул туурадыр. Бирок ал тасма сатыктан алынгандан кийин сөзсүз бири-бирибизге кемчиликтерин айтабыз. “Карга карганын көзүн чукубайт” деген нерсе бардык тармакта иштейт, бир эле кинодо эмес. Албетте, чындыкты бетке айткан жакшы, бирок кино сатыкта ийгиликсиз болуп калабы, ой-пикирим менен ага зыянымды тийгизип албаймынбы деп кооптоносуң да.
– Психологдор “адамдагы көп көйгөйдүн тамыры балалыктагы травмаларда” дешет. Сизде андай жараат барбы?
– Балалыктан калган жараатым болсо деле аны айтпайын деп чечтим. Өткөндө бир берүүдө байкабай айтып алган элем, эки жума өзүмө келе албай жүрдүм. Көрсө, мен алсыз жагымды балдарыма, келинчегиме көрсөтпөй тынч эле жашашым керек экен (күлүп). Элге айта турган, анан айтпай турган нерселер болот да. Балалыктагы травма менде мектепте көп болду. Айрыкча Нарындан Бишкекке жаңы көчүп келгенде мектептеги теңтуштар көп мыскылдашчу, теңине алышчу эмес. Бир жолу мектепке спорттук бут кийим менен кара классика шым кийип барсам бирөө “эмнени кийип алгансың калкамандай болуп?” деп аябай шылдыңдаган эле. Ошол баланын сөзүнөн намыстанып жылуу кроссовкимди кийбей, кышы бою жайкы туфлимди кийип чыккам. Карабайсыңарбы, өзүмдүн ден соолугумдан да бирөөнүн сөзүн өйдө коюп...
Ал кезде секонд-хендден кийинчүбүз, эртеден кечке базарда иштейм, жарытылуу кийимим жок эле да. Мен окуган мектепте жалаң “киргиздер” окушчу. Өткөөл курагыбызда апам базарда иштеп, бизге жакшы көңүл бөлө албай калды. Мага эне мээрими жетпей калган деп таарынбайм, ал мезгилде, балким, апам биздин жардамга муктаж болгондур, кайдан билем? Анан күйөөсү аялын сабаган окуяларга көп күбө болдум, ичип келип алып эле аялын былчылдатып сабагандарды көрүп чоңойдум. Кичинемде таң калып “эмнеге сабайт, жөн эле ынтымакта жашаса болбойбу?” деп өзүмө суроо берет элем. Кийин өзүм үйлөнгөндөн кийин түшүнбөдүмбү, көрсө, бул кыпкызыл жиндилик экен да. Аялды уруп-сабабай эле сонун жашаса болот.
– Үлгүлүү үй-бүлө тууралуу көп вайндарды тартасыз. “Актан жашоодо чын эле ушундайбы?” деп таң калгандар болсо керек?
– “Кошунаны тандабайт” деген сериалда мен ушундай бир бай-манаптык мүнөзү бар, иштебеген, аялына жардам бербеген, куру намысчыл каармандын ролун аткарам. Эл деле мени ошол кинодогудай элестетет экен. Үйдө колдон келишинче келинчегиме жардам берем, үй жыйнап, тамак жасап, бала карашуу мага көйгөй эмес, аялдын иши деп бөлүп карабайм.
– Футболго болгон сүйүүңүз тууралуу сурагым келди...
– Мектепте 4-5-класстарда окусам керек эле, бир мелдеш өтүп, апам мага жапжаңы кроссовки алып берген. Ошол бут кийимди эки жумада жыртып койгондо апам катуу урушкан. Ошондон кийин футболго кызыгуум сууп калды. Бирок ойнобосом да, футболго күйөрмандык кылуу каалоом такыр өчкөн жок. Азыр деле анча-мынча онлайн футбол оюндарга катышып утуп коём, көп маалымат билем. Бир жылы ырчы Максат Садырбеков “футбол боюнча медиа команда чогултуп жатабыз, кел” дегенде катышып көрүп, баягы кызыгуум ойгонуп кетти.
– Билишимче, улуу балаңыз да футбол менен машыгат, бул өзүнүн тандоосубу?
– Ооба. Былтыр “Барселонанын” легендарлуу капитаны Карлес Пуйоль келбедиби Кыргызстанга? Ошондо менин баламды жетелеп оюн талаасына чыккан, бул окуя мен үчүн да күтүүсүз болгон. Президенттин командасы менен “Барселона” ойной турган мелдешке “иш-чараны чагылдырып бер” деп блогер катары мени да чакырышкан. Ошондо бир уюштуруучу “сиздин балаңыз да футболчу, ээ?” деп сураган эле. Баламды ошол оюнга катышчу балдардын тизмесине кошуп коюптур. Ким менен болсо да оюн талаасына чыгып, чыныгы атмосфераны сезсе деп эле ниет кылгам. Анан эле Карлес Пуйоль менин баламды жетелеп чыгып келе жатканын көргөндө сыймыктанып, ыйлагым келгенин сурабаңыз. Балаңдын ийгилигине кубануу – бул сөз менен жеткире алгыс сезимдер экен. Көрсө, баары кокусунан болуптур. Ар бир баланы тизмектеп, ким ким менен чыгат алдын ала даярдап коюшат экен. Анан оюн талаасына чыгарда балдарды ошентип бөлүп жатканы Пуйолго жакпай калып, эң четте турган менин баламды жетелеп чыгып кетиптир. Кийин уктум, көк майсаңга жылдыздар менен жетелешип чыгышы үчүн байлар балдарын акча төлөп тизмеге коштурушат экен. Мени уюштуруучулар көпкө чейин жаман көз менен карап жүрүштү. Бул деле буйрук да, алардын Пуйоль менен чыгарабыз деген баласы чыкпай, менин балам чыгып кетсе мен күнөөлүүмүнбү?
Лунара Бекиева