Йога дегенде эмнени элестетесиз? Гимнастика, фитнес дегендерден эмнеси менен айырмаланат? Эмнеге пайда да, эмнеге зыян? Акыркы жылдары бул спорт агымынын күйөрмандары көбөйүп бара жатат. Эмне үчүн? Суроолорго жоопту макаладан издеңиз.
Тарыхы
Тарых барактарында йогдордун (йога менен машыккан адамдар) алгачкы сүрөттөрү мындан 5 миң жыл мурун Индияда табылган деп жазылат. “Йога” деген сөздүн өзү Индиянын байыркы санскрит тилинен которгондо “биригүү, байланыш, гармония, кошулуу, көнүгүү, багынтуу” деген бир нече маанини берет. Йога өзүнө: раджа-йога, карма-йога, жнана-йога, бхакти-йога жана хатха-йога деген негизги 5 багытты камтыйт. Ар бир багыт дагы майда бөлүктөргө бөлүнүп кетет.
Йога деген эмне
Йога – бул жөн гана көнүгүүлөрдү жасаган гимнастика же фитнес эмес. Йога – адамдын өзүн психикалык, менталдык жана физикалык жактан таануусу, кабыл алуусу, биригүүсү, оңдоосу, калыпка келүүсү болуп саналат. Байыркы илимдердин катарынан орун алган йогага азыркы күндө жаш муундан улуу муунга чейин кызыккандар көп.
Пайдасы
+ Бел, омуртка ооруларында жардам берет (грыжа, остеохондроз, сколиоз, бүкүрөйүү жана башка). Омурткаларды бекемдейт.
+ Баш оору жана дем алуу органдарындагы оорулардын алдын алат.
+ Тең салмактуулукту сактаганга, дененин сөөк-булчуң каркасына салмакты тегиз бөлүштүргөнгө жардам берет. Эгер салмак тең бөлүнбөй, сөөк каркасынын бир тарабына оорчулук көбүрөөк кетсе, организмде тең салмактуулук бузулуп, оорулар жаралат. Мисалы, кечке отурганда моюн, бел омурткаларына күч келет, көпкө туруп иштегенде белге, бутка, бөйрөккө күч келет.
+ Стресс, депрессия менен күрөшөт. Керексиз ойлорду тазалап, жан дүйнөнүн гармонияга келүүсүн шарттайт. Нерв системин бекемдейт. Уйкусуздук менен күрөшүүдө мыкты жардамчы.
+ Денедеги шишикти кетирип, салмак таштоого жардам берет.
+ Булчуңдардын ийкемдүү, тырышпай бош, жумшак болушун шарттайт.
+ Иммунитетти бекемдейт.
+ Артрит сыяктуу сөөк ооруларынын алдын алат.
+ Төрөт алдында төрөттүн жеңил өтүүсүн шарттайт, төрөттөн кийин аялдын бат калыпка келүүсүнө мыкты жардамчы болот.
+ Энергия берет.
+ Аялдарда менструалдык циклдин калыпка келүүсүнө жана менопаузанын алгачкы белгилери менен күрөшүүгө жардам берет.
+ Кан тамырлардын ийкемдүүлүгүн жогорулатат, бекемдигин шарттайт, бул кан басымдын калыпка келүүсүнө көмөк көрсөтөт. Натыйжада жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алган болосуз.
+ Сулуулукта мыкты жардамчы. Кан айлануу жакшы жүргөндүктөн, ткандарга аба жетиштүү деңгээлде барат. Бул бет терисинин, баш терисинин саламаттыгына алып келет. Тери чымыр, назик, ийкемдүү болуп, жылмакай, жалтыраган түскө ээ болот. Дайыма тонуста жүргөн териде майда бырыштар жазылат.
Зыяны
Негизинен, 90 пайыз йогадан пайда гана табасыз. Эми калган 10 пайызын кеп кылалы. Йогага барардан мурун кандай максатты көздөгөнүңүздү, йога эмне экенин билип алган оң. Йоганы адистин көзөмөлү жок, интернеттен эле көрүп жасап алам десеңиз, денеңизге жаракат келтирип алышыңыз мүмкүн. Андыктан сөзсүз түрдө алгач адис менен үйрөнүп, өздөштүргөндөн кийин жалгыз үйдөн жасай баштаңыз. Адиске баргандан кийин өнөкөт эмне ооруларыңыз, жаракаттарыңыз бар экенин айтыңыз, ал ошого жараша йоганын түрүн тандап берет. Жаракатыңызды билбей туруп оор көнүгүү жасасаңыз, ооруңузду өөрчүтүп алышыңыз мүмкүн. Йогага жан дүйнөмдү тазалайм, гармония табам деп ишенип барыңыз, ошого жеткенге аракет кылыңыз. Жөн эле физикалык жактан чыңалуу керек болсо, ал фитнес, гимнастикадан айырмасы жок болуп калат.
Йога эркектер үчүн
Йога менен машыккан мырзалардын координациясы, ийкемдүүлүгү, анан албетте, психикалык туруктуулугу жогору болот. Йога өзгөчө спорт менен дайыма машыккан эркектерге да пайдалуу. Анткени спорттун башка түрлөрү булчуңдун чыңалуусуна алып келет, ал эми йога, тескерисинче, катыган булчуңдарды бошотуп, денени жибитип, денени түрдүү жаракаттардан (тарамыш түйүлүү, булчуң үзүлүү жана башка) сактайт. Йог-мырзалар психикалык жактан ойлорун дайыма тазалап тургандыктан, стресске туруктуу келип, таза акыл менен чечим чыгара алышат.
Йога аялдар үчүн
Биринчиден, денени ийилчээк кылат, омурткаларды, булчуң-тарамыштарды бекемдейт. Омурткасы түз адам бүкүрөйбөйт, маралдай болуп кериле басат. Йога теринин шалпайбай тартылышына таасир этет, демек, сулуулуктун, жаштыктын булагы болуп эсептелет. Аялдарга эмоционалдуулук, кызуу кандуулук деген сапаттар көбүрөөк тиешелүү. Медитацияны, туура дем алуу техникаларын өздөштүргөн айым түрдүү стресс абалдарына туруктуу болуп калат, эмоцияларын башкара алат, депрессиядан алыстайт. Йога көнүгүүлөрү ички органдардын калыпка келүүсүн шарттайт, андан сырткары зат алмашуу, кан айлануу процесстерин жөнгө салат, гинекологиялык айрым оорулардын алдын алат.
Йога балдар үчүн
Йога баланын таяныч-кыймыл аппаратынын туура калыптануусун шарттайт. Ички органдарынын туура иштешине жардамчы болот. Баланын эске тутуу жана көңүл буруусун жогорулатат. Окуучулар сабактарга жакшы көңүл буруп, материалды кабыл алуусу, түшүнүүсү да жакшыртат. Гиперактивдүү балдар йоганын жардамы менен эмоциясын башкарганды үйрөнүшөт.
Кимдерге сунушталбайт?
Йогага жаш курак маанилүү эмес, каалаган курактагы адамдар бара берсе болот. Бирок йога сунушталбаган учурлар да кезигет:
1. Гастрит, ашказандын жарасы (оор фазасындагылар) барларга сунушталбайт.
2. Жүрөк дарты менен жабыркагандарга да болбойт.
3. Өттө, бөйрөктө ташы барларга тыюу салынат.
4. Рак дарты менен ооругандарга;
5. Ачык жаракаты барларга да сунушталбайт.
6. Кош бойлуу, же болбосо жаңы төрөгөн айымдар врач жана йог-адиси менен кеңешүүсү керек. Алар аялдын организминдеги өзгөрүүлөргө жараша программа түзүп беришет, же болбосо организм толук калыбына келүүсүнө чейин тыюу салышат.
Асыл Орозбекова