Мукам үнү менен миллиондогон угармандардын жарпын жазып келе жаткан белгилүү диджей, Маданияттын мыкты кызматкери Алина Баженова менен маектештик. Радиого байланган жашоо, жумуштун ырахаты жана түйшүгү, угармандар... Адаттагыдай, ачык, кызыктуу, мазмундуу кеп куруп берди каарманыбыз.
– Алина айым, сиз менен маектеше элегибизге бир топ жыл болуптур. Маекти сиздеги жаңылыктардан баштайлы.
– Азыр эми бардык нерсе бат-бат өзгөрүп турат эмеспи. Кээде бир күндө эле бир жашоону жашап койгондой сезилет. Негизи күндө эле жаңылыктар болуп турат. Жашооңду өзгөртүп же башка бир тарапка буруп кете турган чоң жаңылыктарым жок. Бишкекте эле жашайм, күйөөгө тие элекмин. Балалуу боло элекмин. Өзүм эле жүрөм жыргап-ойноп эле. Радиодо эле иштеп жатам, иш-чараларды алып барам. Ушундай жашоом.
– Алина Баженова жана Айжан Кулибаева деген ысымдарды алып жүрөсүз. Эки ысым эки башка мүнөздү берсе керек. Көбүрөөк өзүңүздү Алина сезесизби же Айжанбы?
– Аябай кызыктуу суроо. Кичине кезимден эле шаңдуу, көңүлү дайым жайдары Айжан, анан бир аз депрессияга жакыныраак Айжан бар. Ар бир эле адамда ушундай болуш керек, “субличность” дейбиз го. Алина болуп калганда бир убакта жеке инсандык кризиске да кабылгам. Туугандарымдын баарына Айжанмын. 17 жылдан бери радио уккандардын арасында, медиа чөйрөдө, маданий, коомдук иш-чарага катышканда Алина Баженова болуп чыгам. Алар баары Алина деп билишет. Алина Баженова медиа псевдоним, Айжан деген терең ойлонгон, көп кырдуу. Айжан менин дүйнөм, балалыгым, менин башымдан өткөн бардык окуялар. Өзүмдү көбүрөөк Айжан да эмес, Айжанушка сезем.
– 18 жылдан бери радиодо диджейсиз. Бул жылдар сизге эмне берди?
– Телевидениеде, гезитте көп иштеген эмесмин. Жүз пайыз менен айта алам, радиодо адам профессионалдык жактан, өзүн таануу жагынан өсөт, радио адамды ачат. Маанай жаратуу деле оңой нерсе эмес. Эң көп энергияны адам баласы сүйлөгөндө коротот дешет го. Радиодо эмнени сүйлөйсүң, речь, ой жүгүртүүң баары ачык. Мен бул аралыкта өзүмдү мыкты биле алдым, өзүмдү ача алдым, мурда тартынчаак кыз элем. Сүйлөп жатып бара-бара уялчаактыгың жоголот, досторуң көбөйөт, угармандарың көңүлүңдү көтөрөт. Сен алардын көңүлүн көтөрөсүң. Радиодон аябай көп нерсени алдым. 18 жыл – бул узак мезгил. Жашоомдо оор учурлар болгондо да, бактылуу учурлар болгондо да дайыма радиодо болдум. Бул жөн гана жумуш деп айта албайм, бул мен үчүн бир өмүр.
– Бул тармакты таштап, такыр башка чөйрөгө кетип калгыңыз келген учурлар болобу?
– Ооба, көп жолу эле болгон (күлүп). Чарчайсың да, ресурсуң жок калат. Кээде күчүң жок болуп жатып каласың. Жөн эле эфирге чыккың келбейт. Анткени эфирде көйгөйлөрүңдү айта албайсың, ыйлай албайсың, көңүлсүз эптеп-септеп алып бара албайсың. Ар бир сүйлөгөн сөзүң көңүл чордонунда, канчалык кыйын болбосун сен майрам, маанай жаратышың керек. Көп жыл бою күн сайын угармандар үчүн маанай, майрам жаратуу кыйын.
– “Комфорт зонасынан” чыга албай жүрөм деп ойлобойсузбу?
– Ойлойм. Адам бир нерсеге көнүп калса, жаңы нерсеге анча көңүлү келбейт да. Жаңы нерсени үйрөнүү, каяккадыр баруу – мунун баары өзүңө болгон чакырык, каалабайсың. Албетте, радио – менин “комфорт зонам”. Бирок акыркы жылдарда түшүнүп жатам, менин “комфорт зонам” “комфорт зонасы” болбой калды. Анткени бир орунда туруп калгандай болуп чарчайсың, анан бул сен үчүн комфорт эмес, жаңы нерселер комфорт экенин түшүнө баштайсың. Бирок мени радиодой эч нерсе ача албайт. Канча аракет кылсам деле, кайра эле радиого келип отуруп калам. Компания ыңгайлуу, жамаатыбыз ынтымактуу, жетекчибиз сыйлайт, баалайт, айлык акысы да жакшы. Баары жакшы болгондо кайра эле келип отуруп каласың. Көп жыл директор, редактор, шеф-редактор болуп иштедим. Быйыл баарын таштап, 3 саат эфирди, анан редакторлукту гана калтырдым. Азыр эс алып, жыргап, жаңы пландарды, максаттарды коюп жүргөн убагым.
– Бизге көп жыл мурун берген маегиңизде кеңири аудиторияга ырдап чыгам деген экенсиз...
– Ырдап чыгам деп көп жылдан бери айтам, сааты чыкпай жатат, бирок аябай аракет кылып жатам деп да айта албайм. Энергиямдын баарын радиого жумшаган үчүнбү, эфирден кийин эч нерсеге күч калбайт. Кайра эле ушул айлампага келесиң, иш-чараларды алып барам, студенттерге мастер-класс өтөм. Өзүбүздүн компанияда стажёрлорду окутам. Азыр деле ырдап чыгам деп ойлойм. Буюрса, чыгаттырмын, өтө эле карып кетпесем (күлүп). Же карып чыгам, мындай деле болушу мүмкүн да.
– Эмнелер жөнүндө ойлонгонду жакшы көрөсүз?
– Мен өзү ойлонгонду жакшы көргөн адамдарданмын. Жадакалса көп ойлонгондуктан көп нерсени жасабайм. Ойлоп, ойлоп, оюмда эйфорияга жетем да, кыларга келгенде жасабайм. Кызыксыз болуп калат. “Ойлонуп туруп анан иш кыл” дешет го, менин учурумда “иш кылып туруп анан ойлон” деш керек. Мага көбүрөөк аракет жетишпейт. Аябай көп нерсе жөнүндө ойлоном. Кудай жөнүндө, ишеним жөнүндө, азыр популярдуу болуп жаткан психология, родология, нумерология, сюцай, акаш хроникасы, толтура нерселер чыкты го. Ошонун баарын окуп чыктым окшойт.
– Маектин башында “жаңылыгым жок, күйөөгө тие элекмин” дедиңиз, ошол темага токтололу...
– Эмнеге күйөөгө тие элексиз дейсизби (күлүп)?
– Ошентсек да болот...
– Мен үчүн дүйнө аябай кызык, саякаттаган кызык. Албетте, үй-бүлө күткүм келет, эне болуу мен үчүн абдан чоң сыйлык болмок, бала төрөө, эне болууну сезгим келет. Бирок жөн эле төрөш керек деп төрөгүм келбейт. “Жашың келип калды, өзүң үчүн төрөп ал” дешет го, мага андай жакпайт. Сүйүктүү адамымдан үй-бөлөдө төрөгүм келет. Баламдын атасы да, апасы да жанында болушун каалайм. Жөн эле күйөөгө тийиш керек болсо, мурда эле тийип кетмекмин. Менин жашоомдо сүйүү болгон, абдан чоң. Чыныгы сүйүү эмне экенин билем, андан азына макул эмесмин. Буюрса, Кудай мага деле ошондой жүрөгүмө жакын адам менен бирге болууга мүмкүнчүлүк берет деп ойлойм.
– Чоң сүйүүңүз кайгылуу аяктаган эле...
– Күйөөм каза болгондо дүйнөдө бир эле менин күйөөм өлгөндөй сезимде элем. 2011-жылы каза болду, ал кезде 25-26 жашта болчумун. Экөөбүз 5 жыл бирге болдук. Мен үчүн ал менин чоң сүйүүм, биринчи жигитим, биринчи мырзам эле. Өмүрүбүздүн аягына чейин чогуу болобуз дегем. Тилекке каршы, андай болбой калды. Ошондо мен үчүн жашоо токтоп калгандай болду. Айтышат го, жанына барып эле жатып алгым келди депчи. Ошондой болот экен. Сүйгөн адамыңды жоготуш... Муну эч кимге каалабайм. Аябай оор нерсе, андан кийин өзүңө келиш аябай кыйын. Депрессиядан чыгууга 8 жыл кетти. Мага бул оор сыноо болду. Жаныбек жашоомо аябай чоң нерсе алып келди, жан дүйнөмө, өзүмө. Ошончолук чоң нерсе эле. Ал дүйнөдөн өткөндөн кийин аябай кыйналдым, аябай депрессия болуп, эч нерсе жакпай, жашагым деле келбей, жашоонун маңызын жоготуп койдум. Азыр айта алам, Жаныбек жашоомо келип көп нерсе берсе, кеткенде андан көп нерсе берди. Бул менин руханий жактан өсүүм, тажрыйбам болду. Ошондой сүйүүнү сезгенде андан азына макул болбой калат экенсиң. Акыркы 2-3 жылдан бери гана жаңы мамилеге даярмын, жүрөгүм даяр деп айта алам.
– Бактылуу болуңуз!
Гулийпа Маметосмон кызы