КЕЛИҢИЗ, КУЧАКТАШАЛЫ!

Кучакташуу аркылуу адамдар ден соолугун бекемдейт, бул илимде тастыкталган. Бекеринен дүйнөдө атайын Кучакташуу күнү белгиленбейт. Кучакташуу, анын организмге тийгизчү таасири, пайдасы жана зыяны тууралуу айтып беребиз. 

Кучакташуу деген эмне?

Кучак – бул эки адамдын ортосундагы мамилени бекемдеген, жылуулук тартуулаган жагымдуу сезим. Адамдын жашоосуна кучактоо абдан чоң таасир этиши мүмкүн экенин көпчүлүк капарына да албайт.

 Кучактын өзү...

– “мен сени жакшы көрөм”

– “мен сени сагындым”

– “мен сени менен биргемин”

– “сен мен үчүн кымбатсың” деген сыяктуу адамдын адамга болгон жакшы мамилесин билдирип турган аракеттердин бири.

Көпчүлүк адамдар мезгил-мезгили менен тактилдик байланышка, кучактоого муктаж болушат. Ал кучактоо инсандын өзгөчөлүгүнөн, маданиятынан, ден соолугунун абалынан жана башка факторлордон көз каранды. Мындай кучактоого болгон муктаждык адамда төрөлгөндөн кийин эле пайда болуп, өмүр бою сакталат. Ата-эненин кучагы баланын дени сак өсүшү үчүн абдан маанилүү, анткени кучактап туруунун аркасынан бала өзүн коопсуз сезип, бирөөнүн аны сүйүп, кам көрүп жатканын туя алат. Чоңойгондо кучактоо баарлашуунун бир бөлүгү, достук жактыруу сезимдерин билдирүүчү аракет болуп калат.

Тактилдик байланыштын сырлары

Кучакташуу адамдарды физиологиялык деңгээлде өзүн жакшы сезүүгө жардам берет, анткени ал гормондорго таасир этет.

• Уйкуну нормалдаштырат. Кучактоо бакыт гормону же сүйүү гормону деп аталган окситацин гормонунун иштелип чыгышына өбөлгө түзөт. Ошондой эле картизолдун көлөмүн азайтууга жардам берет. Бул стресс гормону. Натыйжада адам тынчтанып, эс алып калат. Сүйүктүүңүздүн кучагында бат жана бекем уктаган учурларыңызды байкадыңыз беле? Бул дал ушул окситоцин гормонунун көбөйүшүнөн улам.

• Коркууларды жеңүүдө жардамга келет. Жакындарыңызды жана балдарыңызды кучактап туруу менен алардын экзистенциялык коркууларын, башкача айтканда, жалгыздыктан, өзгөрүүлөрдөн, келечектен коркууларын азайтууга жардам бересиз.

• Өзүн коопсуз сезүүгө жардам берет. Башка адамдын колунда биз өзүбүздү коопсуз сезебиз. Бул процесс баш мээде картизолдун деңгээлин азайтуучу гормондордун иштелип чыгуусу менен коштолот.

• Балдардын өнүгүшүндө чоң жардамчы. Балдар үйлөрүндөгү изилдөөлөр көрсөткөндөй, тактилдик байланыш жетишсиз болгон бала өсүүдө артта калат, кеч сүйлөйт же кеч басат. Дал ушул себептен да балага эмчек эмизүү – баланын курсагын тойгузуу гана эмес, эне-баланын ортосундагы физикалык байланышты түзүү да болуп саналат.

Бакчада иштеген мугалимдер балдарды канчалык көп кучактап мамиле кылса, алар ошончолук ачылышат. Өздөрүн эркин сезип, тарбиячыны жакшы көрүп кучактап, кучакта болууну каалай беришет. Бул мээримиңизди, жылуулугуңузду көргөн балдар сизге бүт суроолору менен тартынбай келе алышат. Сиз балдардын суроосун четке какпай угарыңызга ишенишет. Кээде өз апаларына ачыла албаган балдар мугалимге бүтүндөй ачылып беришет. Мугалим менен ар дайым сүйлөшүүнү каалап, бала өзүнүн жөндөмдүүлүгүн ар тараптан мугалимге көрсөтө баштайт. Мына ошентип балдарды кучактап мээрим берген тарбиячы балдардын потенциалынын ачылуусуна жана келечекте чоң ийгилик жаратуусуна чоң себепкер болот.

• Үй-бүлөнү сактоого көмөкчү. Күйөөсү менен аялы көп кучакташкан үй-бүлөлөр бекем болот. Бул нерсени да изилдөөлөр тастыктаган. Мындан сырткары кучакташуу – баарлашуунун бир формасы. Аялы менен күйөөсү бири-бирин кучактаганда ортосундагы байланышты, өзгөчө жылуулукту түзөт жана ишенимди бекемдешет, колдоону, коргоону сезишет.

Кучакташуунун чеги

Өсүп жетилип келе жаткан жаштар үчүн, же бардык эле адамдар үчүн башка адамдар менен болгон мамиледе кучакташуунун чеги болот. Анткени чоочун адамдар менен кучакташуу өспүрүм куракта атасыз балдардын төрөлүүсүн, балдардын ташталуусун, ал эми чоң куракта көптөгөн үй-бүлөлөрдүн бузулуусуна жеткирип жатканын көп эле көрүп жүрөбүз. Андыктан чектен ашып кучакташып, ортодо интимдик байланышты ойготпоо керек. Кыз жигиттин далысынан кайра-кайра сыйпалап, чапкылып, укалап тамашага салса – бул интимдик байланышка кирет. Эркек бала кыз баланын колунан бекем кармап, белинен кучактап, өзүнө тартса – бул да интимдик байланыш.

Тактилдик ачкачылык деген эмне?

Тактилдик ачкачылык деген түшүнүк бар. Эгерде адамга кучакташуу жетишпесе, анда организмде окситацин азыраак, картизол көбүрөөк иштелип чыгат. Натыйжада, ал адамда депрессия, стресс жана тынчсыздануу белгилери көбөйүшү мүмкүн. Дал ушул тактилдик ачкачылык мамиле бузулгандан кийин же ажырашуудан кийин катуу сезилиши ыктымал. Жубайлар ажырашкандан кийин абдан кыйналышат, анткени биринчи кезекте алар тактилдик мамиленин жоктугунан кучактоонун таасирин сезишпейт. Мисалы, ковид пандемиясы учурунда адамдар кучакташуу жетишсиздигине туш болушкан. Төрт дубалдын ичинде отурганда алар энергетикалык байланышка ээ боло алышкан эмес, аларда физикалык тактилдик байланыш жана мамиле болгон эмес.

 

Тактилдик ачкачылыктын белгилери:

– тынчсыздануунун жогорулашы

– жалгыздык сезими

– өзүн пайдасыз сезүү

– депрессия

– уйкудагы көйгөйлөр

– мамиле курууну каалабоо

Мындай белгилер улгайган адамдарда жалгыз калганда көбүрөөк сезилет.

Тактилдик ачкачылыкты калыбына келтирүүнүн жолдору

• Эгер сиз үй-бүлөлүү же кыз-жигит мамилесинде болсоңуз, анда өнөктөшүңүз менен сүйлөшүп, көбүрөөк физикалык байланыш, көбүрөөк кучактоо, өбүү керек экенин түшүндүрүп көрүңүз. Бул сиз үчүн абдан маанилүү экенин жүрүм-турумуңуз менен да көрсөтсөңүз болот. Досторуңузду, жакындарыңызды кучактап коюңуз же алардан сизди кучакташын сураныңыз. Байкасаңыз, көп адамдар учурашканда жөн эле кол алышпай, бетиңден өөп коюшат. Айрымдар бири-бирин кучакташат, бул аң-сезимдүү эмес, рефлективдүү түрдө организм каалаган нерсе, адамдарга ушундай тактилдик мамиле керек.

• Кийинки жол – массажга баруу же СПА салондор, маникюр, педикюр сыяктуу процедуралар. Айымдар, чачыңызды боётуңуз, жасатыңыз, айтор, башка адамдын колу тийип жасала турган нерселер. Көбүк, жыпар жыттуу гель менен жылуу сууга жуунуу да тактилдик ачкачылык менен күрөшүүнүн бир жолу. Ошондой эле жаздыкты же жумшак оюнчукту кучактап уктасаңыз да болот. Мунун баары кучактаганга окшош жагымдуу сезимди берет. Көп адамдар жаздыкты кучактап укташат, бул да тактилдик байланыштын жетишпестигин билдирет.

• Ошондой эле үй жаныбарлары менен сүйлөшүп, итти эркелетип, мышыкты кучактай аласыз, бул тактилдик ачкачылык менен күрөшүүнүн бир жолу. Бирок балдар үчүн мышык, ит сыяктуу үй жаныбарлары менен кучакташып ойноо кооптуу. Ар түрдүү ооруларды жуктуруп алышы мүмкүн. Демек, кучакташуунунун пайдалуу жагы менен кошо зыяндуу жагын да эске ала жүрүү маанилүү.

Макаланы даярдоого көмөктөшкөн психологдор Чолпон Смановага жана Зарина Игамбердиевага ыраазычылык билдиребиз. 

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1141, 17-23-2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан