Кой
(21.03–20.04)
Айрым көйгөйлөрдү чечүүдө философиялык ой-толгоолор жардамга келет. Нервиңизди да коротпой сактап каласыз. Балдарыңыздын ар бири менен тил табышуу кыйынга турат. Ортоңуздарда ишенимдүү, бекем мамиле орун алышы үчүн алардын анча-мынча акча чыгымын талап кылган шоктугуна көз жумуп коюңуз. Айымдар жакындарын, туугандарын шартсыз сүйгөндү үйрөнүүсү кажет. Аларга көрсөткөн колдоосун, камкордугун эч качан милдет кылбаганы жакшы.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Чоң иштерди баштоо үчүн ыңгайсыз мезгил. Кайсы бир кырдаалды өз пайдаңызга буруп же талант-жөндөмүңүздү толук көрсөтө албайсыз. Мырзалар бизнесте жаңы, ишенимдүү өнөктөш табышат. Болгон сүйкүмдүүлүгүңүздү пайдаланыңыз, бир аз алдамчылыкка да жол берсеңиз болот. Жөндөмүңүздүн артынан туура байланыштарды таба аласыз. Уюштуруучулук жөндөмүңүз мыкты экенин билген жамаатыңыз сизге ири долбоорду уюштурууну тапшырат.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Моюнуңузга жүктөлгөн милдеттерден оңой кутуласыз. Билимиңизди кеңейтүү үчүн жагымдуу учур, досторуңуздун арасында бул жагынан өзгөчөлөнө аласыз. Мырзалар бул мезгилде өздөрүн эң сонун сезишет, маанайларын эч нерсе түшүрбөйт. Айымдардын жактырган адамы тууралуу үстүртөн бүтүм чыгарып баа беришпегени жакшы. Сиз бүгүн жериген адам эртең эң жакын адамыңызга айланып калышы толук мүмкүн.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Аба ырайы маанайыңызга таасирин тийгизет, суук болсо олуттуу иштерди баштабай туруңуз. Энергия жетишсиздигин сезесиз, аны эффективдүү пайдаланбасаңыз салмагыңызга ашыкча килограммдар кошулат. Мырзалар, жашооңордо болуп жаткан жакшы да, жаман да окуялардын күнөөкөрү өзүңөрсүңөр, айыптууну сырттан издебеңиз. Аброюңузга көлөкө түшүргөн окуялар болушу мүмкүн. Кичинекей утуш же акчалай киреше табууга мүмкүнчүлүк бар.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Арстан айымдар өзүнүн ажарлуулугу, сүйкүмдүүлүгү менен көпчүлүк мырзалардын көңүл борборунда болушат. Жумушта канчалык кесипкөй болбоңуз, өзүңүздү күчкө салып, мажбурлап иштеткенди токтотуңуз. Эч ким менен чыр-чатакка барбаңыз, өзүңүздүн көз карашыңызды кесиптештериңизге жана досторуңузга таңуулабаңыз. Сүйүүдө эмоционалдуулугуңуз кыжырданууну жана тең салмактуулукту жоготууну жаратышы мүмкүн.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Спорт, бий, сергек жашоо образы жана кыска сапарлар бийкечтердин ден соолугуна пайдалуу таасирин тийгизет. Сырдуу кубулуштарга, илим жана чыгармачылыкка кызыккандарды ийгилик коштойт. Жеке жашоодо да жакшы келечекке чыйыр салынат. Айымдар психологиялык туруксуздукту сезишет, бул нерсе адамдар менен мамиле түзүүдө, тил табышууда кыйынчылыктарды жаратат. Мырзаларда социалдык статусун мурункудан да жогорулатуу муктаждыгы пайда болот.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Сизди көптөгөн позитивдүү эмоцияларды тартуулай турган жаркын сапар күтүп турат. Абадай жеңилдигиңиз жана ачыктыгыңыз жаңы пайдалуу байланыштарды түзүүгө жардам берет. Жакшы сапаттарыңыз болсо да, жашооңузду мезгил-мезгили менен татаалдаштырган терс сапаттарыңыз бар экенин унутпаңыз. Айымдар, бул мезгилде сиз “жакын адам” деген түшүнүктүн артында катылган терең маанини даана түшүнө аласыз. Адамдардын жакшы жактарын гана көрүүгө аракет кылыңыз жана позитивдүү ойлонуңуз.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Активдүү чыгармачылык мезгилге киришип жатасыз. Максатты туура коюп, принциптерди коргоп, ички энергияңызды топтоңуз. Сезимталдыгыңыз, интуицияңыз жана кабыл алуу жөндөмүңүз жогорулайт. Күч-кубаттын толкунун сезип, ишке шыктануу менен киришесиз. Жумуштагы маселелерди оңой эле чечип, бизнесте бурулушка жетишип, пландарыңызды ишке ашыра аласыз. Мырзалар убактысын чыныгы ырахат тартуулаган нерселерге гана арнашканы жакшы.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Жаачылар аң-сезимдүү активдүүлүк мезгилине киришүүдө. Абдан ачык жана ишенимдүү болбоого аракет кылыңыз. Убада берүүдөн мурун баарын кылдаттык менен карап, терең изилдеп чыгыңыз. Мырзалар күтүүсүз жолугушууларга жана таанышууларга даяр турушканы жакшы. Айымдар убактысын туура пайдаланып, жумуштан сырткары үй-бүлөсүнө да көңүл бурганды унутушпаганы жакшы. Дымагыңыз ашып-ташат, бул мүнөз көп иштерди бүтүрүүдө сизге жардам берет.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Мырзалардын ойлоп табуучулук жөндөмү ачылат. Жумушта жетекчиңиз менен сүйлөшүп, кызматтык милдеттериңиз жана жоопкерчилик, карьералык өсүү маселелерин талкуулашыңыз мүмкүн. Ошондой эле каржылык маселелерди козгой аласыз. Сүйүүдө романтикалык жолугушууга каалооңуз жок болсо да, сүйүктүүңүздүн каалоосу менен бир жакка барууга аргасыз болосуз. Эң жакшы вариант – шаар сыртында убакыт өткөрүү.
Суу куяр
(21.01–19.02)
Апта тажрыйба топтоого ылайыктуу. Тагдыр сизди жашооңуздагы эң маанилүү адам менен жолуктурушу мүмкүн. Качандыр бир мезгилде көңүлүңүздү ооруткан адам кечирим сурайт. Каржылык абалыңыз жакшырат, бирок акчаңызды туура бөлүштүрүү үчүн сизге каржылык сабаттуулук керек. Жөнөкөй үй-бүлөлүк отуруштар, жакындар менен баарлашуу сизге өзгөчө ырахат тартуулайт. Бала тарбиялоодо ата-энеңиз колдонгон ыкмалар менен тарбияласаңыз болот.
Балык
(20.02–20.03)
Эсептешип мамиле кылган, кесибиңизге, тапкан маянаңызга жараша сиз менен тааныш болгусу келгендерден жаа бою качыңыз. Талаш-тартыш учурунда башка бирөөнүн позициясын кармануудан алыс болуңуз, себеби болуп өткөн окуяда сиздин күнөөңүз жок болсо деле жетекчиңиздин каарына калуу ыктымалдыгы бар. Мырзалар үчүн чыгармачыл ой жүгүртүүгө ылайыктуу мезгил, бул убакта ар түрдүү тармактарда өз жөндөмүңүздү жана талантыңызды көрсөтө аласыз.