Дүйнөдө өнөкөт ич катууга кабылган адамдардын 35-40 пайызы долихоколон дартына, тагыраагы, жоон ичегинин чоюлуп кетишине кабылат. Аталган дарт өтүшүп кеткенде операция жолу менен гана дарылоого болот. Андыктан оору тууралуу билип, алдын алган оң.
Ичегилердин иштеши
Адамдын жалпы ичегилеринин узундугу 4-5 метрге чейин жетет. Мунун 3-4 метрин ичке, 1-1,5 метрин жоон ичеги түзөт. Жоон ичеги алкак сымал көрүнүштө болот жана бир нече бөлүктөн турат: аппендикс, сокур, өйдө кеткен, туурасынан кеткен, ылдый кеткен жана сигма сымал ичеги. Ашказан ичкен-жеген тамагыбызды өзүнөн бөлүнүп чыккан зили (курамында туз кычкылы, ашказан маңызы) менен эритип, майдалап, 12 эли ичегиге өткөрүп берет. Эритилип, майдаланган тамак – химус деп аталат. 12 эли ичеги өзүнө боордон куюлуп турган өт суюктугу жана уйку безинен куюлган атайын суюктуктун жардамы аркылуу ашказандан келген тамактагы майлар менен ачуу заттарды эритип, ичке ичегиге өткөрүп берет. Ичке ичегиде тамактагы башкы керектүү азык-заттар канга сиңет. Жоон ичегинин булчуңдары адамдын эркинен тышкары өз алдынча иштейт. Ички бети жылмакай болуп, былжыр чел каптап турат. Ал челдин тереңинде былжырлуу суюктукту бөлүп чыгаруучу без клеткалары бар. Жоон ичегиде K жана B витаминдери пайда болуп, канга сиңип турат. Ошондой эле ичке ичегиден келген тамак калдыктарынын суюктугу кайрадан сорулуп, канга өтөт. Ичке ичегиден жоон ичегиге 1 суткада орточо 2 килограммдай химус өтөт. Анын сиңбей калган калдыгынан заң жаралат жана өлчөмү 200-400 граммга жакын болот. Ичке ичегинин жоон ичегиге өткөн жеринде жапкыч клапан бар, ал жоон ичегидеги заңды ичке ичегиге өткөзбөй кармап турат.
Адам дааратканада 1 саатка чейин отура баштайт
Жоон ичегинин сезгенип, чоюлуп кетишине өнөкөт ич катуу себепкер. Адамда ич бошотуу аптасына 3 иреттен аз болуп жатса, бул ич катуу деп эсептелет. Ал өнөкөт түргө өтүп кетсе ич бошотуу мурункудан да азая баштайт. Убагында сыртка чыкпаган заңдар акырындап топтолуп, ката баштайт. Ичегинин заң топтолгон жерине күч келип чоюлуп, сезгене баштайт. Алгач бир нече сантиметрге чейин чоюлса, бара-бара 1 метр же андан көп чоюлуп кетет. Ичеги канчалык чоюлса, ичтин бошошу ошончолук кыйындай берет. Адам дааратканада 30 мүнөт же 1 саатка чейин отура баштайт. Анткени жаңы заңдын ошол бөлүктөн ары жылышы кыйындайт. 5 жыл болобу, 10 жылбы, акыры заңдар жакшы чыкпай ичеги бүтөлөт. Мындайда операция жасалып, чоюлган ичеги кесилет.
Организм ууланып, башка оорулар жаралышы мүмкүн
Алгачкы учурларда ич катуудан башка дарттын белгилери билинбейт. Ич катуу өнөкөткө айланып кеткенде ич ооруйт жана көбөт. Тилдин үстүн кебер басат, тери кургак тартат. Жоон ичеги жакшы иштебей баштаганынын белгиси – ооздун эки тарабына бүдүрлөр чыгат. Ал эми чекеге безеткилердин чыгышы – ичке ичеги начар иштеп жатат деген белги. Топтолуп калган заңда бактериялар, мите курттар көбөйүп, алар ууларды бөлүп чыгара башташат. Уулар жоон ичеги аркылуу канга сиңип, бүт организмге тарайт. Ушундан улам адамда кошумча төмөнкүдөй оору белгилери жаралат: чыйрыгуу, алсыроо, көңүлдүн эч нерсеге чаппашы, пассивдүүлүк жана зарна болуу, жүрөк айланып кускунун келиши, дем алуунун оорлошу. Уулар денеге тараганда ички органдар боор, бөйрөк, өпкө да чыңалып иштеп, күч келет. Иммунитет начарлайт, адам ооруларга жакын болуп калат. Мисалы, сасык тумоо, аллергия, тери, жүрөк-кан тамыр оорулары жана башкалар.
Ич катуунун себептери
• Нервге байланыштуу факторлор: дайым стресстик абалда жүрүү, убагында эс албай жүрүп өнөкөт чарчоого кабылуу, башка өлкөгө же туугандардыкына барып узакка жүрүү жана башка жагдайлар.
• Такай отуруп иштөө, ошондой эле тамакты көп жеп, аз кыймылдоо. Мында да ичегилердин иштеши начарлайт.
• Ичегилердин суук тийүүдөн, дарыларды көп ичүүдөн, мите курттардан, дисбактериоздон улам сезгениши.
• Туура эмес тамактануу. Мисалы, фаст-фуд, колбаса, сүт ботколорун көп колдонуу, кургак тамактануу
• Арыктоо максатында диетаны узакка кармоо, сууну аз ичүү
• Операциядан улам ичегинин сезгениши
• Тукум куучулук
• Аял кош бойлуу кезинде зыяны тие турган айрым дарыларды ичсе курсактагы бала кийин тубаса ич катуу дартына чалдыгышы мүмкүн
Клетчаткага бай азыктарды көп жеш керек
Дарылоодон мурда, албетте, так диагноз коюу керектелет. Ал үчүн ирригоскопия, барий суюктугун ичирип ичегилердин абалын текшерүү, колоноскопия, курсак көңдөйүнүн жана кичи жамбаштын УЗИси менен компьютердик томографиясы зарыл. Керек делген учурда невролог, эндокринолог, уролог сыяктуу адистердин кеңеши талап кылынат. Өнөкөт ич катуу билинер замат дарылануу менен жоон ичегинин чоюлуп кетишинин алдын алып калууга толук мүмкүн. Азыраак чоюлуп баштаса, андан ары токтотууга болот. Албетте, туура тамактанууга өтмөйүнчө дарылануу жыйынтык бербейт. Бул үчүн газдалган, ышталган, бат даярдалуучу, күчтүү тамактарды, таттуу азыктарды кескин чектеп, көп кыймылдап, сууну жана суюк тамактарды көп ичүү, клизма же колоногидротерапия (суу менен ичегини тазалатуу) жасатуу зарыл. Курамында клетчатка көп азыктарды рационго көбүрөөк кошуу кажет. Клетчатка ичтин катышына бөгөт коёт. Аларга алмурут, буудайдын катуу сортунан жасалган макарон, кара өрүктүн кагы, кургатылган өрүк, зыгырдын уругу, жүгөрү, түстүү капуста, таттуу картошка (батат), апельсин, буурчак, бадам жана башкалар кирет. Ич катуудан улам операция жасаткандардын ичегиси жарым метрден 1 жарым метрге чейин кесилген учурлар кездешет дешет хирургдар. Ичинде 1 килограммдан 6 килограммга чейин каткан заңды бир топ жыл бою көтөрүп жүргөндөр да болот.
Канымжан Усупбекова