Жаныш Майр, актёр, режиссёр: «Кинодо сандан сапатка өтүүгө убакыт келди»

– Саламатсызбы, Жаныш мырза? Негедир тасмалардан көрүнбөй калдыңыз? 

– Жакшыбыз, акырындан. Кадр сыртында жүрөбүз азырынча, автордук иштер менен. Кинодо бир жылдай тыным алдык. Бир аз билим алалы, бир аз тереңирээк ойлорго кирип, жакшы, сапаттуу кино даярдаш керекпи деген ойлор бар. Анткени киноиндустрия өсүп келе жатат. Сандан сапатка өтүш керек, убакыт келди. Ошого даярдык.

– Кинонун саны чын эле көбөйдү, азыркы тасмаларга жалпысынан кандай баа бересиз?

– Баа берүү дегенде өзүмдүн жашыраак кезимди эстейм. Ал кезде кыргыз киносу көп болсо дечүмүн. Ар бир кыргыз киносу чыкканда сүйүнчүбүз. “Министрдин кызынын махабатын” аябай сүйүнүп көргөнбүз. Биздин балдар кино тартып, жабык көрсөтүүсүнө барганда “мен кинону билем” деген нерсени унутуп, көрүүчү катары көрөм. Албетте, кинонун баары жакшы деп айта албайбыз. Жалпысынан кыргыз киносу өнүгүп жатканы сүйүндүрөт. Бир эле жагын айтайын, мурда актёрлор жетишпейт эле, азыр театралдык чеберлер да жакшы түшүнүп, кинодо да жакшы иштеп калышты. Техника жагы да өнүгүп келе жатат. Көрүүчүлөр да өстү, кино көргөнү атайын агылып барып жатышат.

– Жаныш Майр балалыгын, андагы кыялдарын көп эстейби?

– Балалыгымды балалык кезде түшүнбөптүрмүн, чоңойгондо түшүндүм. 7 жашка чейин Тоң районундагы Кара-Шаар деген айылда чоң ата-чоң энемдин колунда өстүм. Андан кийин атам менен апам мектепте шаарда окусун деп алып кетишкен. Айылда өскөндүн жакшы жагы – толугу менен кыргыз элин сезе билесиң, жашоодо кандай кыйынчылыктар болбосун жеңил кабыл алганга үйрөнөсүң. Айылда өзүңдү-өзүң багасың да, мисалы, бир жериң жаракат алса ал жерге жалбыракты чаптап туруп эле басып кетесиң. Жашоого бышып, чыйрак калыптанасың. Кийин кыйынчылык каптаган учурда 1-2 жыл Балыкчыда жашадык. Чоң ата, чоң энебиздин 12 баласы бар, ошонун баары бир жерде чогулуп, мындайча айтканда, “выживать” этишкен. Ошол жерден биримдикти көрдүм. Кийин шаарда жашап калсам деле баары бир мени айыл өзүнө тарта берчү. Каникул болору менен айылга кетчүмүн.

– Анан айылда тентектиктин планын толтуруп...

– Ооба, көп эле кызыктуу окуялар өттү. Суу чачкан пистолет оюнчукка бензин куюп туруп, бакаларга чачып, артынан ширеңке ыргытчубуз. Жаа жасап, көгүчкөндөрдү атып, аны кууруп жеп, баканын балдарын тазикке багып чоңойтуп көрчүбүз. Эми айылда бүт баарын кыласың да. Таштандыдан темир-тезектерди терип жүрчүбүз. Чоң атабыздын гаражында станок, сварка, айтор, толтура темир-тезек илинип турчу. Ошол жер бизге абдан кызык көрүнчү. Азыр карасак, аң-сезимди кеңейткенге, креативдүүлүккө ошол жер таасир бериптир.

Ширеңке менен көп ойночубуз. Желим бөтөлкөнү өрттөп, кумурскалардын уясына аны бомба деп таштайбыз. Кумурскалар – солдаттар, каралар – кыргыздар, кызылдар – орустар, майда каралар бар го, алар кытайлар (күлүп). Бир жолу иним экөөбүз айылдын токоюн өрттөп салганбыз. Бул бейбаштыгыбызды эч кимге айта элек болчубуз. Токойго ойноп барып, чырпыктарды көрүп, кайсы чырпык күйөт, кайсы күйбөйт деп текшерип үйгө отун терип кетмей болдук, өзүбүзчө акылдуубуз да. Анан жакшы эле өчүрүп айылга кетип баратканбыз. Бир маалда артты карасак эле уюлгуган түтүн, токой өрттөнүп жатыптыр. Айылдагылар ар ким ар нерсени болжоп эле ызы-чуу түшүп калышты. Биз бири-бирибизди карап унчукпайбыз. Ошол бойдон айылдагылар билбей калышты (күлүп). Биз кокустан өрттөп алганбыз, кечирип койгулачы. Бала болгон үчүн коркуп айтпай койгонбуз.

– Балалыгыңыз кызыктуу өткөнү сөзүңүздөн эле билинип турат. Кызыңыздын балалыгы кандай өтүп жатат?

– Кызыктуу, пайдалуу кылганга аракет кылабыз. Мисалы, шаарда эле болбой деп айылга алып барып же тоого чыгып, табиятка жакындатып дегендей. Табият менен тыгыз мамиледе болууга көп аракет кылабыз. Кызыма оюнчукту чачып берем кандай курулганын көрсүн, мен да ошентип чачып, бузуп ойночумун. “Негизи ар бир кичинекей бала сүрөтчү, кийин эле унутуп калат” дешет го. Ар бир бала креативдүү чебер, өзүнчө чыгармачыл адам болот. Ошонусун буубаш керек. Чыгармачылык ар бир адамдын жашоосунда керек.

– Кайсы окуя жүрөгүңүздө таарыныч катары калып калган?

– 5-6 жашымда чоң атам той өткөрүп, таятам “Жанышыма” деп мага тай белек кылган. Өзүм да жылкы жылында туулгам, жылкыны аябай жакшы көрөм, ошол тай менен чогуу өстүм да, кулун кези, тай кези... Жайдак минип, үйрөтүп, баары “Жаныштыкы” деп айтышчу. Жашоодо “меники” деген сезим башкача да. Анан шаардан атамдар барып, “Жанышты шаарга алып кетип мектепке беребиз, сумка, кийим алып бериш керек” дешип шаарга жөнөп, мен сүйүнүп жүргөм. Карасам эле жанагы атымды союп жатышат. Жүрөгүм ооруганын айтпагыла, аябай жаман болгом. “Окубай эле коймокмун, ошол сумканы өзүм эле тикмекмин, жөн эле койсоңор болмок” деп көпкө чейин сүйлөнүп жүргөм. Кичине бала болгонум үчүн сөзүмө андай деле көңүл бөлүшкөн жок. Ага чейин кой сойгонду көрүп жүргөнүм менен, жылкы сойгонду көрбөптүрмүн, анын үстүнө менин жылкымды. Жөн эле өлтүрүп жаткандай көрүнгөн, жүрөгүмдөн бир нерсени сууруп алгансып жаман болгом.

– Сиздин оюңузча, элдин пикири чыгармачыл адамды канчалык деңгээлде өзгөртөт?

– Адамды сындырышы мүмкүн. Эми биз го калыптанып калдык. Азыр хейт заман да, азыр эмне бекер, хейт бекер. Азыр сүт бекер эмес. Кээ бирөө толугу менен жан дүйнөсүн арнап элим үчүн деп иштейт да, анан бир болбогон нерседен улам элден бетке шапалак жейт.

Кыска суроо-жооп

– Эркектин эң жакыны ким деп ойлойсуз?

– Эркектин эң жакын досу аялы экен да. Акыр аягына, карыганга чейин жанында болот. Башкалар жыл өткөн сайын алыстай берет турбайбы.

– Өзүңүзгө акыркы жолу кандай жакшылык кылдыңыз?

– Мурда өзүмдү ойлоп бул нерсени сатып алып коёюн дечүмүн, азыр өзүмө күнүнө бир кофе эле алам. Калганы үй-бүлөгө кетет.

– Кичинеңиздеги аткарылбай калган кыялыңыз?

– Кичинемде акча табам да, бөлмөнү сникерске толтуруп, ошого чөмүлүп чабак урам дечүмүн.

– Айтпай калдым деп өкүнгөн учурларыңыз болгонбу?

– Менде, тескерисинче, “айтпай эле койбой” деген өкүнүч көп болот.

– Кичинекей Жанышты көрүү мүмкүнчүлүгү болсо, ага эмне деп айтмаксыз?

– Эч нерсе деп айтмак эмесмин, жөн гана кучактамакмын. “Жашооңдо жакын адамдар көп” демекмин.

 

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1144, 7-13-ноябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан