Муз ваннасы беттеги шишикти кетиреби?

Азыр интернет желесинде идишке муздак суу куюп, ага муз кошуп туруп бетти ошол ваннага салса, шишиги кетет деген роликтер жайылууда. Бирок бардыгына эле муз ваннасы туура келеби? Пайдасын көрөм деп тескерисинче кылып албайбызбы? Бул жааттагы суроолорубузга маалыматты косметолог-эстетист Зарина Ашинбаева берди.

*Муз менен бетке массаж жасоо же, косметологиянын тили менен айтканда, криомассаж сулуулук дүйнөсүндө көптөн бери колдонулуп келет. Акыркы учурда криомассажга өзгөчөлүк киргизип, аны муз ваннасына айланткан, же болбосо бул ыкманы көпчүлүккө жайылткан Кейт Мосс, Белла Хадид сыяктуу супермоделдер болду.

Муз ваннасын кантип жасоо керек?

Муз ваннасы – бетке кам көрүүнүн жөнөкөй ыкмаларынын бири. Ал үчүн:

1. Идишке кайнаган, кийин муздап бөлмө температурасына келген (же фильтрленген) суу куюп, ага алдын ала тоңдурулган муз бөлүкчөлөрүн салабыз. Крандан аккан сууну эле колдоном десеңиз, анын курамында хлор жана башка терини сезгентүүчү компоненттер болушу ыктымал.

2. 10-15 секунд бетти идиштеги сууга малып туруу керек. Эгер дем жетпей же башка ыңгайсыздык абал жаралса, 5 секунддан баштап анан көбөйтсө болот. Бул процедураны 2-3 жолу кайталоо керек. Эскертүү! 10-15 секунддан ашырбаңыз. Болбосо беттин нервдерине суук тийип, неврит жана башка ооруларга кабылуу коркунучу чоң.

3. Андан кийин бетти кагаз салфетканын жардамы менен кургатып, азыктандыруучу, нымдандыруучу крем сүйкөйбүз.

4. Муз ваннасын жасагандан кийин жок дегенде 1 саат үйдө болуңуз. Эгер ваннадан кийин дароо эшикке чыгып кетсеңиз, бет терисине зыян келтирип аласыз. Бул ыкманы эртең менен же кечинде жатарда жасаган жакшы.

5. Ваннага колдонулчу музду жөнөкөй эле суудан тоңдуруп койбостон, ромашка, көк чайдын кайнатмасын тоңдурсаңыз, эффектиси жакшы болот. Негизгиси, аталган чөптөргө аллергияңыз жок болсо болду.

Кимдерге сунушталбайт?

Чынында, муз ваннасы баарына эле туура келе бербейт. Бет терисинде маселе барлар: купероз, розацеа, крапивница, дерматит, аллергия жана башка тери оорулары менен жабыркагандарга муздан ванна жасоого тыюу салынат. Анан да сезимтал теринин ээлери да бул ыкманы колдонбой эле койсо болот. Бетинде имплант (силикон) барлар муз ваннасын колдонуудан мурун врач менен кеңешүүсү керек. Анткени муздак температура импланттын териге тийгизген таасирин өзгөртүп жибериши мүмкүн.

Пайдасы

* Эртең менен муз ваннасын жасоо беттеги шишикти кетирип, көздүн алдына түшкөн тактардан арылууга жардам берет. Алгач бетти муздак сууга салганда теринин поралары тарыйт, суудан алып чыкканда поралар кайра кеңейет, натыйжада кан айлануу жакшырып, тери клеткаларына аба жана башка пайдалуу минералдар жеткиликтүү болуп калат. Натыйжада теринин абалы, өңү жакшырат.

* Теринин клеткаларын жаңыртып, эрте картаюунун алдын алат, майда бырыштарды жазганга жардам берет.

* Түшкө чейин уйкусу ачылбай шалдырап жүргөндөргө да сунушталат. Муздак суу адамда жакшы маанайга жооп берген эндорфин жана башка гормондордун бөлүнүп чыгышын шарттайт. Андан сырткары стресс гормону катары эсептелген кортизолдун деңгээлин төмөндөтөт.

* Психологиялык абалды жакшыртат. Бетти муздак сууга чөмүлтүү парасимпатикалык нерв системин активдештирет, бул организмди тынчтандырып, стресстик кырдаалдан чыгууга жардам берет.

Зыяны

- Муз ваннасы кайсы учурда терс таасир тийгизерин жаза кетели.

 - Бет терисин муздакка даярдабай туруп дароо көп убакытка муз ваннасына салганда “муз күйүк” алуу коркунучу бар. Бул учурда тери, кан тамырлар стресске кабылат. Кан тамырлар жабыркаганда теринин эпидермисинин азыктануусу бузулат.

 - Муз терини кургатат, натыйжада тери түлөп, кызыл тактар пайда болушу ыктымал.

 - Температуранын кескин өзгөрүшү тер жана май бездерин жаап, теринин ийкемдүүлүгүн жоготуп коюшу мүмкүн.

Сунуштама

Муз ваннасын жасоо, албетте, көптөгөн пайдаларды алып келет. Ошол эле учурда чектен ашса кооптуу да болушу мүмкүн. Андыктан коопсуз дагы бир вариант сунуштайм. Косметика каражаттарын саткан дүйкөндөрдөн бетке массаж жасаган аспаптар бар (ролик). Ошол аспапты аласыз да, муздаткычка салып коёсуз. Эртең менен, кечинде роликти алып чыгып бетке массаж жасайсыз. Муздак аспап терини тынчтандырат, ал эми укалоочу эффект кан айланууну жакшыртат, шишикти кетирүүгө да жардам берет. Аспап бара-бара жылып, музга караганда териге эч кандай жаракат келтирбейт. Массаж жасоо убактысы 5-7 мүнөттү талап кылат, негизгиси, туш келди жасай бербей, туура массаж жасоо ыкмаларын интернеттен карап алыңыз. Муздак аспапты бет терисинин бир эле жерине коюп турган болбойт, анда кан тамырларга зыян келтирип аласыз.

Муздак аспапты кимдер колдонгонго болбойт? Жогоруда айткандай эле, кан тамырлары көрүнүп бети кызарып (купероз) турган адамдар, териси сезимтал адамдар, акне, розацеа, дерматит, псориаз жана башка тери оорулары менен жабыркагандарга болбойт. Муздак аспап менен массаж жасап жатканда көздүн айланасын абайлаңыз, ал жактагы тери жука жана сезимтал келет.

Асыл Орозбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1146, 21-27-ноябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан