Бир бүркүм. Өлкө 2 учак сатып алат...

  • Бишкек абасы кир шаарлардын ичинен дүйнөдө алдынкы ондукка кирди.
  •  УКМК: “Камчыбек Ташиевдин баласынын атын жамынып алдамчылык кылып жүргөн жаран кармалды”.
  •  Бишкекте Сталин жана Хрущевдун доорунда курулган көп кабаттуу үйлөр бузулуп, ордуна жаңы үйлөр курулушу мүмкүн экени кабарланды.
  •  Президент Садыр Жапаров бул жумада Австрия жана Германияда расмий иш сапары менен болду.
  •  Өлкөдө эмгек китепчелери электрондук форматка өткөрүлөт.
  •  Бишкекте гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк акция жүрүүдө.
  •  Интерполдун өкүлдөрү 25-26-ноябрда расмий иш сапары менен Бишкекте болушту.
  •  Элдар Абакиров, депутат: “Автобекеттерди шаардын четине чыгаруу чийки чечим болуп калганы көрүнүүдө”.
  •  Мектептерде 9-класстан баштап психология сабагын киргизүү керек дешти депутаттар.
  •  Салтанат Аманова Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.
  •  Мунай ташуучулар ассоциациясы: Өлкөдө автогаз тартыштыгына Орусияда вагон жетишсиздиги себеп болууда.
  •  Депутат Чолпон Султанбекова Дүйнөлүк күрөш уюмуна өлкө атынан мүчө болуп шайланганы жарыяланды.  
  •  Болот Баетов Ош шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.
  •  Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Астанада өткөн ЖККУнун жыйынына катышуудан баш тартты.
  •  Кыргызстан Airbus үлгүсүндө 2 учак сатып алууну пландоодо.
  •  Билим берүү жана илим министрлиги: Мектеп окуучулары үчүн 285 миң китеп басылып чыкты
  •  Токтогул суу сактагычына 2 калкыма күн электр станциясы курулат деп маалымдалды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1147, 28-ноябрь-4-декабрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан