Ушул жылдын 4-7-декабрь күндөрү Мухтар Ауэзов атындагы Казак улуттук драма театры Бишкекке гастролдук сапары менен келери күтүлүүдө. Ушул сапарды утурлай атактуу актёр, Казакстандын Эмгек баатыры, КСРО жана Казакстандын эл артисти, көптөгөн мамлекеттик сыйлыктардын ээси, аталган театрдын көркөм жетекчиси Асанали Ашимов ага менен маектештик.
– Асанали ага, Кыргыз менен Казак бири-бирине жакын, тамырлаш эл эмеспи. Тарыхка көз чаптырып, эки элдин маданий байланышына саресеп салсак?..
– “Казак-кыргыз бир тууган” деп айтылгандай, эки журттун маданият жана өнөр тармагындагы байланышы сөз болгондо Жамбыл менен Токтогулдун, Мухтар Ауэзов менен Чыңгыз Айтматовдун ортосундагы боордоштук, достук карым-катнаш тил учуна келет. 1912-жылдар чамасында Кыргыз жеринде атактуу Шабдан баатырга аш берилгенде, орустарга каршылык көрсөткөнү үчүн Сибирге айдалып, кайтып келген Токтогулду көргөн Жамбыл:
Келдиңби, акыным, алыс жерден,
Өтүпсүң самап учуп бийик белден.
Алмаз бычак кап түбүндө жатпас деген,
Хан төрө айланбайбы сендей эрден – дептир.
Анда Токтогул:
Казакта Жамбыл сен элең,
Чалкып жаткан көл элең,
Ала-Тоодон аркырап,
Ташып жаткан сел элең,
Токтогулуң мен элем,
Кай кыргыздан кем элем? – деп жооп берген экен.
Биринин кадырын бири билген ушул эки алптын урагыс достугу азыркы күнгө чейин эки элде аңыз болуп айтылып жүрөт.
– Туура. Айтматов менен Ауэзовдун ааламы да айтып бүткүс, түгөнгүс кенч...
– Албетте. Улуу Чыңгыз Айтматовдун: “Өз башым өзгө элге сапарга чыгып, өзгө журттун босогосун аттачу болсом, ар качан ыйык тутуп, өзүм менен бирге ала жүрө турган эки улуттук асылым бар: бири – “Манас”, бири – Мухтар Ауэзов” деген сөзү, улуу Мухтар Ауэзовдун “Манас” эпосу тууралуу айткан: “Кантип таңдай какпайсың?! Кантип башыңды чайкабайсың?! Миң жыл боюна эң кыраакысы менен уламасын, тапаны менен чеченин Ата Дастанга жалгаштырып, миң жолу кырып-жонуп, миң жолу элеп-экчеп, миң жолу сылап-сыйпап, миң жолу аярлап-аздектеп, ааламда теңдеши жок Ыр Аскарын сомдоп чыккан Ата Кыргыздын арбагынан кантип айланбайсың, акылына кантип баш урбайсың?!” деген сөздөрү менен үндөшүп, ансыз да боордош эки элдин арасын огобетер жакындатып таштайт.
– Кыргызстан менен Казакстандын театр тармагындагы кызматташтыгына кандай баа бересиз?
– Театр өнөрү тармагында да кош мамлекеттин “айылы аралаш, кою короолош”. Кыргыз жериндеги бир да бир театр фестивалы казак театрларынын катышуусусуз өтүп көрбөсө, казак элиндеги театр мааракелеринин да куттуу да, урматтуу да коногу ар качан өнөрпоз кыргыз боордошторубуз. Алгачкы кесипкөй режиссёр, драматург, сынчы, чебер уюштуруучу Жумат Шанин 1926-жылы Мухтар Ауэзов атындагы Казак театрынын ачылышына жол салган болсо, 1932-1933-жылдары Бишкекте Кыргыз драма театрынын башкы режиссёру болуп кызмат өтөп, кыргыз элинде кесиптик театрдын калыптанышына үлкөн салым кошту. Ушул жагдай аркылуу да эки элдин өнөрү тармагындагы боордоштугу ачыкталып отурат.
Ооба, биздин Мухтар Ауэзов атындагы казак улуттук драма театрынын 100 жылга жакын тарыхында кыргыз калемгерлеринин ондогон чыгармаларына ыйык сахнабыздын төрүнөн орун берилди, анын ичинде Чыңгыз Айтматовдун өзү эле тогуз жолу коюлуптур. Ал спектаклдер: 1962-жылы “Жамила” (реж.: А.Мадиевский), 1964-жылы “Эне – Жер – Эне” (реж.: А.Мамбетов), 1975-жылы “Көк төбөдөгү кездешүү” (реж.: А.Мамбетов), 1984-жылы “Ак кеме” (реж.: А.Мамбетов), “Кылым карытар бир күн” (реж.: А.Мамбетов), 1990-жылы “Кылым карытар бир күн” (реж.: А.Мамбетов), 2002-жылы “Эне – Жер – Эне” (реж.: А.Мамбетов), 2008-жылы “Көк төбөдөгү кездешүү” (реж.: О.Кенебаев), 2018-жылы “Кылым карытар бир күн” (реж.: Д.Жумабай), 2023-жылы “Кассандра тамгасы” (реж.: А.Оспанбаева).
2008-жылы өткөн Борбордук Азия элдеринин ІІ эл аралык театр фестивалында Кыргыз Республикасынын “Учур” жаштар театрынын командасы “Меккеге узак жол” спектакли үчүн “Азыркы замандын өзөктүү темасын чебер чагылдырганы үчүн” номинациясына ээ болсо, 2010-жылы Т.Абдумомунов атындагы Улуттук академиялык драма театры Чыңгыз Айтматовдун “Чыңгысхандын ак булуту” спектакли үчүн баш байгени жеңип алган.
– Казак театрлары да Кыргызстанда өткөн эл аралык иш-чараларга катышып келет. Сиздердин өнөрпоздор жараткан ийгиликтерге да токтоло кетсеңиз...
– 2015-жылы күзүндө М.Ауэзов театрынын “Каш-кагым” (реж.: Е.Нурсултан) спектакли Кыргыз элиндеги “Арт-Ордо” эл аралык фестивалынын баш байгесин алды. Быйыл 6-11-ноябрь күндөрү Шымкент шаарында өткөн ушул фестивалда “Учур” мамлекеттик жаштар театры Ч.Айтматовдун “Бетме-бет” драмасы үчүн “Эң мыкты режиссура”, “Эң мыкты эпизоддук аял адамдын бейнеси” деген эки номинацияга ээ болду. 2023-жылы Бишкек шаарында өткөн VІ эл аралык “Айтматов жана театр” фестивалына Мухтар Ауэзов театры сахналаштырган Чыңгыз Айтматовдун “Кассандра тамгасы” футуристтик трагедиясы катышып, жогорку баага татыды.
Ушундай алыш-бериш менен келе жаткан изги карым-катнашыбыз азыркы күнгө татыктуу уланып келе жатат.
– Акыркы жолу гастролдук сапар менен Бишкекке качан келдиңиздер эле?
– Акыркы жолу Казактын башкы театры – казак театр өнөрүнүн касиеттүү үйү Мухтар Ауэзов атындагы Казак улуттук драма театры Кыргыз жеринде гастролдук сапары менен 2014-жылы 6-12-октябрь аралыгында болгон. Ошол жылы Бишкек шаарындагы Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын сахнасында өнөр көрсөтүп, боордош кыргыз көрөрмандарынын назарына: М.Ауэзовдун “Абай”, Г.Гауптмандын “Ымырттагы махабат”, Р.Отарбаевдин “Бейбарс султан”, Д.Исабековдун “Жоо жүрөк”, Е.Жуасбектин “Күлөбүзбү, ыйлайбызбы?”, И.Сапарбайдын “Цыган серенадасы” жана Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин “Жүрөлүчү жүрөк оорутпай” спектаклдери коюлуп, зор кол чабууларга бөлөнүп кайткан. Кыргыз элиндеги ошол өнөр сапарында Казакстандын Эл артисти, КСРО, КазКСР мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаты Асанали Ашимов, Казакстандын Эл артисти Торгын Тасыбекова, Казакстандын Эмгек сиңирген ишмери Төлеубек Аралбай, Казакстандын мамлекеттик сыйлыгынын ээси Айдос Бектемир, Казакстандын Эмгек сиңирген ишмери Шамшагүл Мендиярова сыяктуу өнөр чыгаандары баштаган 40ка жакын артист барды. Бул гастролдук сапардын биздин театрыбыздын тарыхында алтын тамгалар менен жазылган, эстен кеткис үлкөн өнөр мааракеси болгону анык.
– Буюрса, кайрадан Бишкекке гастроль менен келгени жатыпсыздар, кандай спектаклдер тартууланат?
– Арадан он жыл өтүп, ошол салт кайра улантылганы турат: Казак өнөрүнүн куттуу үйү, казактын тунгуч кесиптик театры Мухтар Ауэзов атындагы Казак улуттук драма театрынын жолу кайрадан Кыргыз жерине бурулуп отурат.
Үстүбүздөгү жылдын 4-7-декабрь аралыгында театрыбыз Бишкек шаарында өнөр көрсөтмөкчү. Көрөрмандын назарына Г.Мусреповдун “Кыз жибек” музыкалык драмасы, А.Володиндин “Коштошкум келбейт” драмасы, Иран-Гайыптын “Коркуттун көрү” уламыш-дастаны, Р.Муканованын “Түбөлүк бала бейне” трагедиясы коюлат.
Боордош кыргыз элин, кадырлуу көрөрмандарыбызды ушул өнөр мааракесине чакырабыз! Казактын башкы театры – Мухтар Ауэзов атындагы Казак улуттук драма театрынын үлкөн өнөр тартуусун кабыл алыңыздар, кыргыз туугандар!
Нуржамал Жийдебаева