Бала бакчада балага кол көтөргөн окуя боюнча кылмыш иши козголду

Сузактагы “Кенжетай” бала бакчасында балдарга кол көтөрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. 3-декабрда Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Багыш айыл аймагындагы №1 “Кенжетай” балдар бакчасынын кызматкерлери бала тарбиялоодогу милдеттерин татыктуу аткарбай, балдарга ырайымсыз мамиле кылышканы аныкталды. 

– Балдарга ырайымсыз мамиле жасалганы үчүн ата-энелер балдар бакчасынын директоруна бир нече жолу кайрылышканына карабай тийиштүү чаралар көрүлгөн эмес. Андан тышкары аталган балдар бакчасынын жооптуу кызматкерлери ата-энелерден системдүү түрдө акча чогултуп жүрүшкөн, – деп айтылат маалыматта.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Кылмыш-жаза кодексинин 187-беренеси (баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо), 337-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 348-беренеси (шалаакылык) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө ишин жүргүзүү үчүн Жалал-Абад ОИИБине жөнөтүлгөнү айтылды.

Айта кетсек, аталган бала бакчада иштеген аял балдардын бирин жаакка чапканы тартылган видео интернет желесине жарыяланып, көпчүлүк аялды жоопко тартууну талап кылды. Ошол эле аялдын дагы бир балага кол көтөрүп жатканы тартылган башка видео да жарыяланды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1148, 5-11-декабрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан