ЭНЕНИ ЧОЧУЛАТКАН ЭМЧЕК ООРУЛАРЫ 

Маммолог Айжан Темирбекова аялдардын эмчек оорулары тууралуу айтып берди. Бала эмизбеген мезгилде деле эмнеге эмчектен сүт чыгат? Үрптүн сыртка чыкпай калышы эмненин белгиси? Ушул жана башка суроолорго материалдан жооп таба аласыз. 

Үрптүн ичкери кирип турушу

Кадимки үрптөн айырмаланып мындайда үрп ареолдон (эмчек үрпүнүн тегерегиндеги пигменттүү аймак) өйдө көтөрүлбөй, аны менен бир деңгээлде болот же ичке карай кирип, тартылып турат. Булар – эмчектин патологиясы. Бул эмчек өсүп жетиле баштаган өспүрүм куракта байкалат. Негизи кыздардын эмчек үрпүн алар турмушка чыга электе чыгаруу керек. Эмчектин мындай патологиясына төмөнкү жагдайлар себеп болот:

• Тукум куучулук

• Жыныстык жактан жетилүү кезинде жыныстык органдардын толук өөрчүбөй, алар тарабынан гормондордун жетиштүү өлчөмдө бөлүнүп чыкпай калышы

• Эмчектеги сүт каналчаларынын кыскалыгы.

Калыптагыдай эмчекте 20дан ашык сүт каналчасы бар. Алар эмчектин тереңинен башталып, үрптү көздөй созулат. Үрптө каналчалар байламталар менен кармалып турат. Эгер сүт каналчалары кыска болсо, үрп ареолдон өйдө көтөрүлбөйт же ичкери кирип калат. Ымыркай жалпак үрптү оозуна кымтууда, эмчек сорууда абдан кыйналат. Үрптүн ичке кирип турушу кыздардын орточо 15 пайызында кездешет, мындай үрп менен бала эмизүү кыйын, кээде мүмкүн эмес. Мындан тышкары үрптүн үстүнө оору жаратуучу бактериялар топтолуп, эмчекти сезгендириши мүмкүн.

• Эмчектин жаракатка кабылышы же оор инфекциялык оорулар (мисалы, ириңдүү мастит)

• Жыныстык жактан жетилүү кезинде абдан тар эмчек тарткычты тагынып жүрүү (эмчектин өсүшүнө тоскоол болот)

• Үрптүн ичкери кирип турушу эмчекте рактын бар экендигин белгиси болушу да мүмкүн

Дарттын даражалары жана аны калыпка келтирүү ыкмалары

1-даражасы. Үрп ареолдун деңгээлинен өйдө көтөрүлбөгөн болсо, аны укалоодо же баскылоодо өйдөгө чыгып, ал абалда узакка кармалса, анда жакшы. Мисалы, үрптү ар тарапка акырын чойгулоого болот. Үрптү 2 манжанын ортосуна кыпчып алып, акырын айлантып укалоого да мүмкүн. Атайын массаж үчүн крем же май керектелет. Эмчекти коррекциялоочу шайман – вакуумду колдонууга да болот. Шаймандын бир нече түрү бар. Аны колдонуу врачтын көзөмөлүндө жүргүзүлөт. Эгер үрп 2-3 аптада калыптагыдай болуп чыкпаса, анда ошол бойдон калат. Баланы эмизүүгө тоскоолдук жок.

2-даражасы. Үрп ареолдун деңгээлинен өйдө көтөрүлбөгөн болсо жана аны укалоодо же баскылоодо өйдөгө чыгып, бирок бат эле кайра ордуна келип калса, анда баланын эмчек эмишине кыйын болот. Эне да кыйналат. Мында деле вакуумду колдонуп көрүүгө болот. Жыйынтык чыкпаса, анда пластикалык операция ыкмасы бар. Бирок бул абдан кылдаттыкты талап кылат. Үрп чыкканы менен операция учурунда сүт каналчалары кесилип калышы мүмкүн, андайда эмчектин сүттү иштеп чыгаруу касиети жоголот. Операцияда сүт каналчалары кесилбей, мыкты жасалса, анда маселе жаралбайт.

3-даражасы. Ичкери кирип турган үрп массаждоодо өйдө чыкпайт. Мындайда пластикалык операция керектелет. Мунун деле жыйынтыгы жогоруда айтылгандардай болуп калышы мүмкүн.

Пластикалык операциядан кийин...

• Операциядан кийин үрптүн кесилген жеринде тырык калбайт. Шишик, көгөрүү 2 аптадай кармалышы мүмкүн. Андыктан врач атайын крем, оорутууну сездирбөөчү дарыларды жазып берет, компресс сунушташы ыктымал

• Эмчектеги сезимталдык 1-2 айга чейин жоголот

• Калыпка келүү убагында мончо, саунага баруу сунушталбайт

• Врачка барып текшерилип, кеңеш алып туруу керек 

Галакторея – бала эмизбеген мезгилде сүттүн чыгышы

Галоктерея байыркы грек сөзү, кыргызча “сүттүн чыгышы” дегенди билдирет. Башкача айтканда, кош бойлуулук жана бала эмизүү процессинен сырткаркы убакта 1 же 2 эмчектен тең сүттүн, ууздун же сүткө окшош суюктуктун өз алдынча чыгышы. Бул төрөбөгөн аялдарда да кездешет. Дарттын пайда болуу себептери булар:

• Кандагы пролактин гормонунун деңгээлинин жогору болушу. Аталган гормон мээдеги гипофиз безинен бөлүнүп чыгып, төрөгөндө адегенде ууз сүттүн, анан кадимки сүттүн бөлүнүп чыгышына жооп берет. Ошондой эле эмчектин, анын ичинде сүт каналчаларынын өсүп-жетилишин шарттайт. Демек, бул гормон көбөйүп кетсе бала эмизбеген аялдардын деле эмчегинен сүт бөлүнүп чыгышы мүмкүн

• Калкан сымал бездин иштешинин бузулушунан улам жаралган оорулар. Мисалы, гипотиреоз дарты

• Стресс, депрессия жана алардан кутулууда колдонулуучу антидепрессанттардын терс таасири

• Гипофиздин рак оорусу

• Эмчектин залалдуу жана залалсыз шишиги, мастопатия

• Эмчектин жаракаты

• Семирип кетүү, кант диабети

• Эн безинин (жумурткалык) поликистоздуу синдрому. Мында этек кир баш аламан келет, андроген гормону көбөйүп, эн безинде кисталар пайда болот. Бул синдром тукумсуздуктун башкы себепкери

• Гипоталамустун (бир эле мезгилде мээлик түзүлүш жана без) жабыркашы

• Бөйрөк оорулары

 Дарттын белгилери

• Сүт өзүнөн-өзү же эмчекти басканда чыгат

• Эмчек шишип, чоңоёт. Чыңалып турат, оорутат

• Көкүрөк бөлүктөгү кан тамырлар кеңейиши мүмкүн

• Сүт, ууз же сүткө окшош суюктуктун кан аралаш чыгышы

Кантип дарыланат?

Дартты убагында дарылабаса мастит, абсцесс, фиброз, кистоз, рак сыяктуу ооруларга айланып кетет. Дартты аныктоо үчүн эмчектин УЗИси, маммография, компьютердик томография, кандын анализи (пролактин гормонунун деңгээли жана башкалар текшерилет) керектелет.

Дарылоо дартты эмне жаратканына жараша жүргүзүлөт. Пролактин гормонунун деңгээлин азайтуучу дарылар берилет. Эгер дарт калкан сымал бездин оорусунан же эмчектин залалдуу же залалсыз шишигинен, мастопатиядан улам жаралса, анда ал оорулардан айыктыруу үчүн дарылоо башталат. Дартты гипофиздин рак оорусу шарттаса, анда мээге нур терапиясы колдонулат же операция жасалып гипофиз жарым-жартылай же толугу менен алынып салынат. Эмчекке массаж, дары чөптөрдөн компресс, витаминдер, физиодарылоо да кошулушу мүмкүн.

Дарылануу бүткүчө пролактинди көбөйтө турган, курамында глютен көп азыктарды убактылуу жебей туруу зарыл. Аларга ак нан, булочка, пирог, куймак (оладьи), бисквит, консервалар, колбасалар кирет. Булардын ордуна жашылча-жемиш, малдын боорун, майлуу эмес балык жана эт, зыгырдын майын, жаңгак түрлөрүн колдонуу керек. 

1 жылда 2 ирет текшерилүү керек

Төмөнкүлөрдү эске алуу менен дарттын алдын алууга болот:

• Эмчекти жана кандагы гормондордун деңгээлин, анын ичинде пролактиндин өлчөмүн 1 жылда 2 ирет текшертип туруу

• Пролактинди көбөйтүп жиберүүчү дарыларды ичпөө

• Эмчекти этияттап, жаракат албоого аракеттенүү

• Калкан сымал бездин, бөйрөктүн оорулары болсо убагында дарылап, алардын өтүшүп кетишине жол бербөө жана башка

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1148, 5-11-декабрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан