Цивилизацияны жактырбаган Бутан падышачылыгы

Аянты – 38 394 чарчы чакырым

Калкынын саны – 813 213 (2024-жыл, январь айына карата)

Борбору – Тхимпху

Тили – дзонг-кэ (тибет тилдеринин бири)

Негизделген жылы – 1907-жыл

Учурдагы падышасы – Джигме Кхэсар Намгьял Вангчук

Башкаруу формасы – конституциялык монархия

Туткан дини – буддизм

Бутан стилинде салынбаган үй-жайлар буздурулат

Бутан падышачылыгы түндүгүнөн Кытай, түштүгүнөн Индия менен чектеш жайгашкан. Буддизм динин тутуп, шаар, айылдар алтын түстөгү будданын эстеликтери менен жасалгаланган. Тоо коюнундагы шаарлар, тоо боорлоруна салынган бутан стилиндеги үй-имараттар, жаратылышы көз жоосун алат. Архитектуралык өзгөчөлүгүнө өтө маани беришет, эгерде өлкөдө бутан стилине туура келбеген үй-жай салынып калса, мамлекет тарабынан кайра буздурулат. 

Туризм менен альпинизмди жактыра беришпейт

Цивилизацияны кабыл алгысы келбеген өлкөлөрдөн. Уюлдук байланышты мындай коёлу, телекөрсөтүү аларга жакын арада гана кирди. Туризм менен альпинизмди жактыра бербеген жабык өлкө. Туристтерди башка жашоонун тенденцияларын жана азгырыктарын алып келишет деп эсептешсе, альпинизм жаратылышка тескери таасирин тийгизет дешет. Эгер турист болуп барып калсаңыз, гид менен гана шаар аралай аласыз. Шаар ичин, жаратылышты сүрөткө тартууга болот, бирок кээ бир храмдардын ичин жана монахтарды тартууга тыюу салынган.

Туристтерге карата мындай чектөөлөр – бул акыркы падышанын кабыл алган мыйзамдарынан, анткени Бутан – таза сакталып калган акыркы буддист монархиясы. Ошондуктан падыша улуттун өзгөчөлүгүн, байыркы маданиятты сактап калуу ниетинде жаңы нерселерди жана чоочундарды жакшы көрбөйт. Ошентсе да өлкөдөгү туристтерди кабыл алуу шарттары укмуш жасалган. Күнүнө миң доллар төлөнүүчү да мейманканалар бар.

Бактылуулукка карап жашоо деңгээли аныкталат

Өлкөнүн жашоочулары ар кайсыны көксөп, дүнүйөнүн аркасынан кубалашпайт, өздөрүн эч ким менен салыштырышпайт. Курсагы ток болсо эле бактылуу. 

Калктын бактылуулугу мамлекет үчүн да маанилүү, ошого Бактылуулук министрлиги иштейт. Алар убак-убагы менен сурамжылоого чыгып, жашоочулардын бактылуу же бактылуу эместигине карап жашоо деңгээли түшүп же көтөрүлүп жатканын аныкташат. Өлкөдө үйү жок адам жок, медицина баарына бекер, свет үчүн акча төлөшпөйт. Чын эле бутандыктар бактылуу окшойт.

Айыл чарба менен экономикасы толукталат

Бутан негизинен айыл чарбанын эсебинен бюджетин толуктайт. Мындан сырткары токой чарбасы, туризм, почта маркаларын сатуу менен алектенишет. Жыгач иштетүү, цемент жана тамак-аш өнөр жайы өнүккөн.

Негизги экспорту электр энергиясы (Индияга), гипс, цемент, жыгач, алма, козу карын, мөмө-жемиш, асыл таштар, татымалдар.

Калктын 80 пайызы айыл чарбачылык жана мергенчилик менен алектенип жан багат. Аларда бардык химикаттарга тыюу салынган, тамак-ашы жалаң табигый азыктардан жасалат.

Ар бир имаратта падышанын 2-3төн сүрөтү илинген

Падыша калкы үчүн ыйык адамдардын бири. Ар бир мекеме, дүкөн, жадакалса үйлөрдө да башкарып жаткан падышалык үй-бүлөнүн жана мурункуларынын да сүрөттөрү сөзсүз илинип турат. Мисалы, дүкөндөрдөн бирди эле эмес, 2-3төн сүрөтүн байкоого болот. Өлкө өз тилинде Дзонг-кэ деп аталат, бул “ажыдаар өлкөсү” деп чечмеленет. Буга байланыштуу падышасы Жигме Кхэсао да ажыдаар-падыша деп аталат. Ал эми жубайы Жецун Пемени азиялык Кейт Миддлтон деп аташат. Бул жуптардын сүйүү баяны да көптөгөн маалымат каражаттарына чыгып, суктанткан түгөйлөр деп таанылышкан. Анткени бийлик атадан балага өткөн өлкөдө падыша бир убакта бир нече аял ала алмак. Бирок Жигме бул эрежени бузуп, бир эле аял алууну чечет жана ал 7 жашында көрүп жактырып, "сен менин аялым болосуң" деген учкучтун кызы Жецун болчу. 

Жогорку окуу жай аз санда

Бутан өлкөсү негизделгенден кийин эле биринчи падышасы батыш тибиндеги билим берүүнү колго алып, чиркөөлөрдө монархтар элдин сабатсыздыгын жоюп баштаган. 1950-жылдан тартып гана мектептер ачылып, билимдүү мугалимдер сабак бере баштайт. Учурда орто билимди калтын 87 пайызы алары маалымат каражаттарына жазылган. Жогорку окуу жай аз санда, көбүнчө Индияга барып окушат. 

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1148, 5-11-декабрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан