ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 16-декабрдан 22-декабрга чейин

Кой
(21.03–20.04)

Сизден жоопкерчиликти, чечкиндүүлүктү талап кылган иштер көбөйөт. Аптада ызы-чуу, пикир келишпестик жарата турган окуялардан качыңыз, жок жерден күнөөлүү болуп чыга келесиз. Шаршембиде жана бейшембиде өзүңүзгө кам көрүп сулуулук салонуна же өзүңүзгө белек-бечкек алганы күтүүсүз дүкөндөргө барышыңыз ыктымал. Дем алыш күнү үй-бүлө мүчөлөрүнүн каалоосуна баш ийип, алардын көңүлүндөгүнү чогуу жасаганыңыз жакшы жыйынтык берет.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Аптанын биринчи жарымында сизге муктаж жакындарыңызга жардам колун сунасыз. Анан да жумушуңуз жеңилдеп, эс алууга, көптөн бери топтолгон стресстен арылууга мүмкүнчүлүк аласыз. Негизи бул аптада жылдыздар сизге эс алууну сунушташат. Аптанын аягында эркиндикке, көз карандысыздыкка жетүү сезими күч алып, натыйжада түгөйүңүз менен пикир келишпестик жаралышы мүмкүн. Алдын ала эмоцияны кармай билгенге даярдана бериңиз.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Аптада ашказан-ичеги оорулары тынчыңызды алышы мүмкүн, андыктан тамак-ашыңызга көз салыңыз дешет жылдыздар. Билим жаатындагыларды ийгилик күтөт, андан сырткары кайсы бир ийримге жазылып окуйм дегендер да дал ушул аптада баштаганы оң. Каржылык киреше кириши күтүлөт. Андан сырткары жумушка тиешелүү да жакшы сунуш аласыз. Көптөн бери жакындарыңызга тиешелүү убакыт, көңүл бөлбөй жүргөнүңүздү эске алыңыз. Болбосо майда-барат нерседен чыр чыгып кетет.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Жаңы буюм же өзүңүзгө керектүү нерсени сатып алуу менен көңүлүңүз көтөрүңкү маанайда аптаны баштайсыз. Жумушта идеяңызды, пландарыңызды ачык айтпай туруңуз, кесиптештер тарабынан колдоо таппай, шагыңыз сынып калбасын. Анан да бул апта келбетиңизге өзгөртүү киргизүү планы болсо, андан да баш тартыңыз, көңүлүңүздөгүдөй болбой калат. Дем алыш күндөрүн жакындарыңыз менен тынч, беймарал атмосферада өткөрөсүз.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Дүйшөмбүдө күтүлбөгөн жерден күтүлбөгөн адамдан белек алып сүйүнөсүз. Шаршембиде жакын деп санаган адамдардын биринен көңүлүңүз калып, маанайыңыз түшөт. Бирок жүрөккө жакын кабыл алып, чөкпөңүз. Жаман кабардын артынан жакшысы келет. Жумушуңузда тез жыйынтыкка жетем деп шашпай турсаңыз, келечекте баары сиз күткөндөн да жакшы болот. Дем алыш күндөрүн жаңы жылдын алдында бүтүрчү иштер, даярдыктар менен өткөрөсүз.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Чоң киреше кириши күтүлөт. Бирок капчыгыңызды каккысы келгендер да чыгат, андыктан акча таптым деп барбалактап элдин баарына жар салбай туруңуз. Жашооңузду өзгөртө турган сунуш алууңуз күтүлөт: башка жумуш, үйлөнүү (турмушка чыгуу) же башка. Коркпой эле өзгөрүүлөргө кучак жайыңыз, ал сунуштун келечеги кең болмокчу. Жетекчилик кызматта иштегендерге кол алдындагылар менен жумшагыраак мамиледе болуу сунушталат, болбосо каршылаштардын саны көбөйүп кетет.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Иш күндөрү ийгиликтүү башталат. Көптөн бери кыжалат кылган маселе оң жагына чечилип, жүрөгүңүз тынч алмакчы. Бойдокторду жаңы таанышуулар күтөт, баш тартпай эбин таап кетиңиз. Жүрөк-кан тамыр оорусу барлардын өнөкөт дарты козголушу ыктымал, сак болуңуз. Саякаттаганга ыңгайлуу мезгил. Жаңы жылды жаңы жерде тосуп алам десеңиз, жумуштарды эртерээк бүтүргөнгө аракет кылыңыз да, өзүңүздөн аябай саякатка чыгыңыз. Өкүнбөйсүз! 

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Ийгиликке жетем десеңиз, өзүңүз ойлогондон да көп күч сарптоо талап кылынат. Тоскоолдуктарга моюн сунбай аракет кыла бериңиз, жыйынтыгы көңүлгө толот. Шаршемби – сулуулук салонго барып, келбетиңизге кам көрүүгө ылайыктуу күн. Бул жылды таарыныч менен жыйынтыктабаш үчүн өткөн-кеткен маселелерди унутуп, кечиримдүү болуңуз. Көңүл кирдеткен жакын адамыңыз менен элдешсеңиз, өзүңүзгө эле жакшы. Аптанын аягы үйдөгү чарба иштери менен алектенүүгө туура келет.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Жетекчилик, кесиптеш, жоро-жолдош, классташ-тайпалаш сыяктуу сырттагы адамдар менен мамилеңиз жакшырганы менен, үй-бүлө мүчөлөрү менен келишпестиктер орун алышы мүмкүн. Андыктан сырттагы жашоого эле көңүл бөлбөй, жакындарыңыздын жашоосуна да кызыкдар болуңуз. Бул апта сизден тартипти жана дагы бир жолу тартипти талап кылат. Ар бир кадамыңызды ченеп-өлчөп, абайлап таштасаңыз эле, маселе жаралбайт. Конокко чакыруу алышыңыз мүмкүн.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Дүйшөмбү күнү кайсы жаатта болбосун шашылыш чечим кабыл алуудан алыс болуңуз, болбосо өкүнүп каласыз. Спорт, йога дегендерди пландап жүрсөңүз, жаңы жылдан кийин деп шылтоо издебей, ушул апта баштай бериңиз. Чыгармачыл адамдарга эргүү келип, жаңы шедеврлер жаралышы ыктымал. Чөнтөгүңүз жукарып, кыжалат болосуз. Бирок чыгаша чыкмайынча киреше кирбесин эстен чыгарбаңыз. Балалуулар балдарынын ийгилигине күбө болуп, кубанышат.

Суу куяр
(21.01–19.02)

Көптөн берки эмгегиңиздин акыбети кайтып, татыктуу сыйлык аласыз. Жумуш боюнча алыскы сапарга жолго чыгышыңыз ыктымал. Түгөйлөр ортосунда бири-биринен тажоо, чарчоо сезими жаралышы мүмкүн. Маселени эмоция алдырбай, жай отуруп чечкенге аракет кылыңыз. Болбосо психологго кайрылган туура. Дем алыш күндөрүн адаттагыдай эле үй-бүлөңүздүн курчоосунда өткөрөсүз. Жай эс алгыңыз келбесе, жакындарыңызды алып табият коюнуна чыгып келиңиз.

Балык
(20.02–20.03)

Сизди коштоп жүргөн адамдарга сый жана жоопкерчиликтүү мамиле кылганга аракет кылыңыз. Бул сапатыңыз келечекте ишиңиздин илгерилешине өбөлгө болмокчу. Анан да улам бир ишти артка жылдыра берген болбойт, эркти колго алып, ишти бүтүргөнгө бел байлаңыз. Айдоочулар аптада жол эрежелерин сакташы керек, болбосо кырсыкка кабылуу коркунучу жогору. Романтикалык мамилени баштоо, бекемдөө үчүн дем алыш күндөрү абдан ыңгайлуу болмокчу.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1149, 12-18-декабрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан