Бир бүркүм. Исаев үй камагында...

ТИМ Сириядагы кыргызстандыктарды абал турукташкыча аталган өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды. 

 ИИМ коррупцияга айыпталгандар 12 жылга чейин эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн экенин эскертти.

 Экс-депутат Канатбек Исаев үй камагына чыгарылды.

 Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмү 1 аптада 347 миллион метр кубга азайды, учурда анда 12 миллиард 233 миллион метр куб суу бар. 

 Бишкекте Ала-Тоо аянты, УКМК имаратынын алды сыяктуу бир катар жайларда митинг өткөрүүгө болбойт деген тыюу 31-декабрга чейин узартылды.

 Саламаттыкты сактоо министрлиги: Өлкөдө сасык тумоо күч алууда.

 Акылбек Жапаров: “2024-жылы өлкөнүн ички дүң продукциясы 9 пайызга өстү”.

 Сокулуктагы “Алтын балалык” бала бакчасында 5 жашар кыз чарчап калып, териштирүү иштери жүрүүдө.

 10-декабрда Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа – Гүлчө жолуна жер көчкү түштү, жабыркагандар жок.

 Өлкөдө 2025-жылы бөйрөк алмаштыруу боюнча 50 операция жасоо пландалып жатканы маалымдалды.

 Башкы прокуратура: Бишкектин четиндеги кыш заводдору абаны булгап жатканы аныкталды.

 Парламент депутаты Бакытбек Марипов мектептерде араб тилин окутууну сунуштады.

 Чүй облусунда жыл башынан бери 190 миңге жакын жол эрежесин бузуу фактысы катталган.

 Бишкекте 2025-жылы 7 көчө оңдолуп, 3 жаңы жол курулары айтылды.

 Парламент төрагасы Нурлан Шакиев тоо-ташка ат ыйгаруу көрүнүшү көбөйүп кеткенин сындады.

 Мурдагы башкы прокурор Асанбек Шаршеналиев 85 жашында дүйнөдөн кайтты.

 Бишкекте 20 күндө сойкулук менен алектенген 200дөн ашык кыз кармалганын Бишкек ШИИББи кабарлады.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1149, 12-18-декабрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан