“Эми эмне болуп кетер экен, кызыктуу болуптур, чыдамсыздык менен күтөм, кийинкиси качан, аралыгын жакындаткылачы”… Мындай кептер учурда телеканал, Ютуб баракчалары аркылуу көрсөтүлүп жаткан “Тайган” аталышындагы детектив сериалга таандык. Көрүүчүлөрдүн купулуна кино эле эмес, баш каармандын образындагы Султан Төрөгелдиев да толуп, кызыгууну жаратып жаткан убагы. Актёр кызык болсо макалабызга көз чаптырыңыз.
Туулган жылы – 1995-жыл, 25-август
Туулган жери – Бишкек шаары
Тартылган тасмалары – “Тайган”, “Разбой” сериалдары, “Жолукканча”, “Террорист”, “Чоң кыз” кинолору
Билими – жогорку, Кыргыз-Орус Славян университети тиш жасоо факультети
Үй-бүлөдө – 5 бир тууган, кичүүсү
Балалык кыялдан башталган жол
Тасмаларда жүзү менен да, аткаруу чеберчилиги менен да көңүлдөрдү бура алган актёр Султан Төрөгелдиев тасма талаасына келгенине 1 гана жыл болуптур…
– Кесибим такыр эле башка, бирок бул бала кезимдеги кыялым эле. Кичине кезимде "Манас" айтып, чакан блокнотума ыр чыгарып жазып калчумун. Анан да белгилүү адамдардын үнүн туурай берчү элем. Ошондо эле чымындар болгон окшойт. Кийин 5-6-класста “Ералаш” сыяктуу долбоорго атам экөөбүз барып, кастингден өтүп кеттим. Бирок долбоор тартылбай калган. Ошентип киного тартылсам деген эңсөөм дагы деле көңүлүмдө жүрдү. 15-16 жаштарда болсо керек, күнүгө жатарда “киного тартылсам экен, баш каармандын образын жаратсам экен” деп аябай тиленчүмүн.
Актёрлукка 2017-жылы бир аз киришкем. Анда “Разбой” сериал катары тартылып жатканда 2-3 сериясында роль жараткам. Ушул жылдары клиптерге да сунуш түшүп, тартылып жүрдүм. Андан кийин, 2023-жылга чейин, өз кесибим менен алектенип кеттим. 2023-жылдын кышында “Разбойдун” режиссёру Максат Жумаев менен кайрадан жолугушуп калып, “Разбой-2”, андан кийин “Террорист” тасмасына тартты. Ушуну менен арты-артынан сунуштар түшүп, кыялдарым орундалууда.
Азыр болсо “Агай” сериалын тарткан режиссёр Манас Калдаровго таандык “Ашыгым” аттуу киного акыркы эпизоддорду тартып жаткан учурубуз. Буга чейин оң каармандарды жаратып келсем, мында терс каармандын образындамын. Өзүм үчүн да кызык болууда.
Тиш жасоо жана кино
“Медиктердин үй-бүлөсүбүз” деген каарманымдын негизги кесиби тиш техниги. Бул тармакты да жолго салып, окутуу курстарын ачууга жетишкен экен…
– Атам тиш техниги, апам санэпидемстанцияда иштейт. Атамдын жолу менен үч баласы стоматология тармагында иштеп жатабыз. Тиш жасоо – бул менин колумдан келген иш болсо, актёрлук – бул эргүү ала турган жумушум. Тиш жасоо тармагында врачтарга жардамчы, жардамчыга врач таап берүү курсун ачтым эле, азыр демөөрчү жок токтоп турабыз. Ал эми актёрлукту мындан ары улантып, артымда из да калтыргым келет. Буюрса, алдыда дагы тартыла турчу тасмалар бар. “Тайган” сериалынын 2-сезону да жайында тартыла баштайт. Мында деле баш каармандын образында болом.
Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат
Каарманымдын соцтармактагы баракчасын барактап жатып анын комментатор болгонун да билдим. Мындан сырткары дагы көп тармакта өзүн сынап көргөн экен – шишкебекчи, оператор, комментатор, диджей жана башка.
– Жогорку окуу жайда 1-курста окуп жатканымда диджейликке кызыгып, “Тумар” радиосунда “Тумар FM” ачылып, сынагына катыштым. Дикциям, үнүм туура келип өтүп кеткем, бирок атам “өз кесибиңди эле жакшылап үйрөн” дегенинен баш тарткам. Анан 2016-жылдары оператор, футбол комментатору да болуп жүрдүм. Моделдикке да сунуштар түшүп жүрдү, бирок көңүлүм тарткан жок. Айта берсем көп эле тармакка баш багып көрүпмүн. Бирок ушулардын арасынан мага үн коштоо абдан жагат. Айрыкча орус кинолорундагы персонаждардын үнүн коштогон жагат.
“Эмоционалдуу ролдорду жараткым келет”
Актёр “Разбой”, “Тайган” сериалында, “Террорист” тасмасында да опер кызматкеринин ролунда. “Образды ачып берүүдө кыйынчылыктар жаралган жокпу?” деген сурообузга мындайча жооп алдык:
– Актёрлук жактан билим алган эмесмин да. Ошого роль жаратууда кыйынчылык жараткан учурлар болду. Ошондо өзүмө “Султан, өзүңдү колго ал, бул сенин кыялың эмес беле” деп, камера жактан өзүмдү элестетип, интуициямды иштетип ролго баш-отум менен кирем. Жасалмалуулук болбосо деп тырышам. Анткени көрөрман жаттап алып айтып жатканыңды билип коёт. Жакшы аткарылса көрөрманда андай ой жаралбай, “аа, бул чын эле болуп жаткан окшойт” деп каарман менен кошо киного кирип кетет.
Ошондой эле драм театрда иштеген байкелерден бир образды жаратууда кеңештерди да алып турам.
“Ден соолук – кыймыл менен жылмаюудан келет”
Моделдикке чакырып жатканы да бекеринен эмес болсо керек. Актёрдун дене түзүлүшү ошого төп келет. Дене түзүлүштү бир калыпта алып жүрүү врач-актёрго маанилүү…
– Футбол менен бассейнге такай барам. Бокско, фитнеске да барып жүрдүм. Бирок убакыттын тартыштыгынан таштап койгом. Буюрса, боксту кайрадан улантайын деп жатам. Ден соолук кыймылдын жана жылмаюунун артынан келерин жакшы түшүнөбүз да.
Лира Абакирова