Улуттук курама команданын жаш оюнчуларынын бири Бекназ Алмазбековду кепке тартып, жаңылыктары, жаңы клубу тууралуу сүйлөштүк. “Моралдык, психикалык жактан туруктуу болушуң керек. Футбол – бул оңой нерсе эмес, моралдык жактан абдан чарчайсың” деген спортчубуздун маегине көз чаптырыңыз.
– Салам, Бекназ! Жакында клуб алмаштырдың, кепти ошол жаңылыгыңдан баштайлы. Жаңы клубуң тууралуу кеңири айтып берсең.
– Саламатсыздарбы? Ооба, бул жылы жайкы трансфердик терезе ачылганда Косовонун “Лапи” деген футболдук клубуна өттүм. “Лапи” былтыркы сезондун вице-чемпиону. Европа лигасы, УЕФАнын конференция лигасынын тандоо турунда флей-офф баскычында ойноп, финалык баскычка чыга албай калышкан.
– Кандайча ал клубду тандап калдың? Косоводон башка варианттар бар беле?
– Чынын айтканда, ал учурда ылайыктуу сунуш көп деле болгон жок. Менин агентим менен косоволук агенттин сүйлөшүүсүнөн кийин биз сунуштарды карап чыктык. Азырынча “Галатасарайдын” биринчи курамында ойной албасыма көзүм жетип, көбүрөөк тажрыйба топтоюн деп бул жакка келип калдык. Сунуштарды дыкат карап, бул клуб менен 3 жылдык келишим түздүк. Эмнеге бул жакты тандадым? Бул жакты жаш футболчунун өсүшүнө трамплин боло турган жер деп эсептейм. Себеби көбүрөөк ойношума мүмкүнчүлүк жогору. Андыктан “Галатасарай” менен сүйлөшүп, келишимди эки тараптуу үзгөнгө макулдашып, эркин оюнчу болуп калдым да. Мындай учурда каалаган клуб акча төлөбөй эле “Галатасарай” менен сүйлөшүп, келишимге айрым жагдайларды кошуп, ушундай жол менен башка клубга өтүп калдым.
– Жаңы жер, жаңы клуб, жаңы командалаштар сени кандай кабыл алышты? Бат эле көнүп кеттиңби?
– Жакшы кабыл алышты, абдан меймандос келишет экен. Көнүп кеттим дебейм, дагы деле адаптациянын үстүндөмүн.
– Өзүңдүн экинчи үйүңдөй болуп калган “Галатасарай” менен коштошуу оор болдубу? Алар сенин кетем дегениңди кандай кабыл алышты?
– Коштошууга даяр эле болчумун, өзгөчө деле сезимдер болгон жок. Албетте, мен ал жакта өсүп-чоңойдум, тарбиясын көрдүм. Өз алдымча жашоого жана футболдогу көп нерселерди үйрөндүм. Ар кимдин тарыхы ар башкача жазылат го, менин тарыхымдын жазылышында “Галатасарайдын” дагы орду бар экен. Алардын бардык кылган эмгеги үчүн ыраазычылык айтып клуб менен коштоштум. Анткени убакыт өткөн сайын мен көбүрөөк ойногонго, өсүшкө аракет кылышым керек да. Клубдагылар кетем дегенимди жаман деле кабыл алышкан жок. Тескерисинче, жакшы кабыл алышты. Алардын колунан тарбияланып чыккан оюнчу катары башка жакта ойноп кетсем аларга деле жакшы да.
– Бул жылы футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасы менен оюн өткөргөн Иран, Өзбекстан, Катар, БАЭнин оюнчуларынын деңгээли кандай экен?
– Бул өлкөлөрдүн футболдогу деңгээли азыркы убакта жогору. Анткени алар дайыма Азия чемпиондуктарынын финалдык турларында ойноп келишет. Көп жылдан бери чейрек финал, жарым финалдык баскычтарда ойноп жүрүшөт. Ошондуктан бизге караганда өсүш жакшы. Ал эми Иранды салыштырбай эле койсок болот. Алар Азия эле эмес, Дүйнө чемпиондуктарында ойноп жатышпайбы.
– Жылды жыйынтыктоо алдында турабыз. 2024-жыл кандай жыл болду сен үчүн? Кандай сабак ала алдың?
– Жемиштүү жыл болду деп айта албайм. Бирок буга дагы шүгүр, бул жылы чоң футболго аралашып, көп нерселерди түшүндүм. Көбүрөөк ойноп өзүмдү өстүрүшүм керек деген жыйынтыкка келдим. Ар бир жерде дароо эле ойноп кетпешимди түшүндүм. Моралдык, психикалык жактан туруктуу болушуң керек. Футбол – бул оңой нерсе эмес, моралдык жактан абдан чарчайсың. Канча жылдан бери жалгыз жашап ушуну түшүндүм. Жеке эле футболдон эмес, жашоодон дагы чоң сабак алдым. Бул жашоодо өзүңө эле ишенишиң керек экен. Анан үй-бүлө жашоодогу эң маанилүү тирек экенин билдим. Жалгыз жашап, өзүң баарын кыла баштаганда көп нерсени түшүнө баштайт экенсиң. Баары мага тажрыйба болуп келе жатат.
– Апаң дайыма соцтармакта сени активдүү колдоп турарын көрөбүз. Ал адам тууралуу айтып берчи... Эне дегенде көз алдыңа эмне тартылат?
– Апама ар дайым ыраазымын, мени дайым колдоп келет. Бул дүйнөдөгү эң маанилүү адамдарымдын бири деп айта алам. Апам экөөбүз жакынбыз, бул жакта жалгыз жашагандыктан ар дайым тамак жасаганда баарын апамдан сурап турам. Кичинекей кезден мени өз алдынчалыкка көндүрүп тарбиялагандыктан дагы көп кыйналбадым окшойт. Эне дегенде алгач эле оюма анын мага болгон сүйүүсү, мээрими жана жасаган тамактары тартылат.
– Кантип эркелетет?
– Апам “козум” деп эркелетет.
– Ал эми футболчу болушуңа атаңдын мээнети чоң болду да?
– Футболчу болушума атамдын салымы, мээнети абдан чоң. Мени футболго атам жетелеп алып барган. Анын мээнетин актасам деген жоопкерчилик ар дайым оюмда. Ар бир оюнда, машыгууда өзүмдү жакшы көрсөтүүгө аракет кылышым керек, менден көптү күтүшөт, алардын үмүтүн акташым керек деп өзүмө мотивация берем.
– Кээде ата-эне өзүнүн ишке ашпай калган кыялын балдары аркылуу ишке ашырууну каалашат дешет. Футболчу болуу атаңдын таңуулоосу эмеспи? Жүрөгүң каалаган кесиппи?
– Футболду кичинемден жүрөгүм менен сүйүп тандагам. Эч кимдин таңуулоосу эмес. Ата-энем болгону менин тандоомду, каалоомду жүзөгө ашырууга колдоо көрсөтүштү.
– Чет өлкөдө жашап көнүп калып, Кыргызстанга келгенде көнө албай кыйналган жоксуңбу?
– Ооба, чет өлкөгө көнүп калдым. Өз алдынча жашаган бир чети жакшы, бир чети жаман. Үйдөн, жакындарыңдан алыс болосуң, сагынасың дегендей. Кыргызстанды сагынам, мекениме келгенде кайра кетким келбей калат.
– Кыргызстанда футбол аянтчалары көп курулуп, жылдан-жылга футболго кызыккандар көбөйүп баратат, сага да байкалып жатабы бул?
– Албетте, байкалат. Бул кыргыз футболунун өсүшү деп ойлойм. Футбол аянтчаларынын көп болушу, шарттардын түзүлүшү жаш футбол сүйүүчүлөрүнө көбүрөөк мотивация берип, дагы да футболго кызыккандардын санын арттырат. Футболго кызыккандар көбөйсө гана атаандаштык өсүп, алдыга жылыш болот деп ойлойм.
– Оюнга чыгуу алдында кандай көндүмдөрдү же ритуалдарды жасайсың?
– Мурдатан айтып келгендей, ар дайым оюнга чыгар алдында үй-бүлөм менен сүйлөшөм. Эң башкысы, чоң ата-чоң энемдин батасын алып, анан оюн талаасына чыгам.
Динара Акимова