• Сөөктөрдүн курамынын жарымынан көбү минералдар болуп саналат. Кальций туздары сөөктөрдү агартат. Анатомиялык музейлерде алар атайын агартылат, ал эми кадимки адамдарда сөөктөрдүн түсү саргыч болот.
• Адамдын сөөк скелети 30 жашта калыптанып бүтөт.
• Скелеттин жалпы салмагы 5-6 килограммды түзөт.
• Анатомиялык китептерде адамдагы сөөктөрдүн жалпы саны 206 деп берилет. Бирок чындыгында сөөктөр 300гө чукулдап барат. Жаңы төрөлгөн баланын скелети үч жүздөн ашык кемирчектерден турат, бирок алардын көбү чоңоюу процессинде биригип, чоң адамдын скелетинде алардын 206сы гана калат делет.
•Сөөк болоттон бекем, бирок салмагы 3 эсе жеңил келет.
• Сандын сөөгү туурасынан өсө алат. Чынында эле эң узун жана эң чоң жүктү (1500 килограммга чейин көтөрөт) көтөрө алган сан сөөгү адамдын салмагы көбөйгөн сайын ал салмактын астында сынбаш үчүн кеңдигин көбөйтүп, туурасынан өсө баштайт.
•Угуу органынын сөөктөрү салыштырмалуу баарынан кичинекей болуп саналат. Ошондой эле ал өмүр бою көлөмүн жана салмагын өзгөртпөгөн жалгыз сөөк болуп эсептелет.
•Эң морт жана оңой сынган сөөк – бул кабыргалар. Көбүнчө 5-8-жуп кабыргаларга доо кетет, анткени аларды бириктирүүчү сөөктөр жок.
•Эң “сөөктүү” деп эсептелген – бул адамдын колу (билеги). Майда сөөктөрдүн көптүгү адамга пианинодо ойноого жана башка так, майда, виртуоздук аракеттерди жасоого мүмкүндүк берет.
•Ар он жылда адам баласы “жаңы” скелетке ээ болот. Тагыраагы, он жыл аралыгында сөөктөрдүн клеткалык курамы жаңыланып турат.
•Дүйнөдө сөөктөрдүн эң көп таралган оорусу – остеопороз. Оору сөөктөрдүн салмагын азайтып, морт болуусуна алып келет.
•Адамдын денесинде скелеттин калган бөлүгүнө эч кандай жабышпаган бир эле сөөк бар. Ал тилдин астында жайгашып, эркин тамак-аш чайноого, сүйлөөгө мүмкүнчүлүк түзөт.