Алиса, ырчы: «Айчүрөк Иманалиевага окшоштурушса, демек, сулуу экенмин»

Жылдын жаңырышы менен “Жан шерик” рубрикабызда “Тунук булагым”, “Карап, карап”, “Жүрөгүңдү аччы сүйүүгө”, “Көзүңдү сүйдүм” жана башка ырлардын аткаруучусу, ырчы Алиса жана анын жолдошу, тамада Тимурлан Тилеков конокто болду. 

 

Тимурлан, Алиса, куш келипсиздер!

Тимурлан: – Куш келдик. Чакырганыңыздарга рахмат. Жаңы жылыңыздар менен!

Алиса: – Рахмат, саламатсыздарбы?

– Алиса, ырчылыкта жүргөнүңүзгө жалпы канча убакыт болду?

А.: – Ырларды жаздырып, клиптерди тарттырып, 2016-жылдан бери чоң сахнага чыкканга аракет кылып жүрөм. Негизи 16 жашымдан бери ырдайм. Кафелерде, ресторандарда, кабакта да иштедим.

– Эки таланттуу адамдын таанышып, баш кошуп калганына канча болду?

Т.: – 2008-жылы ырдап чыгам деп Нурбек Алымкулов байке менен таанышып, ал жетектеген “Эр-Сай” деген топко кошулуп калдым. Ошол учурда Алиса ал топто ырдап жүрчү. Ага чейин топто Алина Жетигенова, Расул Маматкулов деген эже-агалар иштептир, ортодо топ тарап кетип, мен кошулган кезде кайрадан түзүлүп иштеп баштаган кези экен. Бир күнү Нурбек байке “биздин ырчы кызыбыз “Эл булбулу” сынагынан 1-орунду алды, бүгүн келет” деп калды. Бир маалда дипломун көтөрүп татынакай кыз кирип келди. Ошентип таанышып, чогуу иштешип жүрүп, дос болдук, анан сезимдерибиз тутанып достугубуз сүйүүгө айланып кетти.

А.: – Эстеп көрсөм, Тимурлан биринчи көргөндө эле көзүмө аябай жакшы адам көрүнгөн. Жылмайып сүйлөп жатса, “ии, маңдайы жарык, жакшы бала экен” деп койгом.

– “Эл булбулу” сынагынан 1-орунду алган дедиңиз, бул кайсы жылы эле?

А.: – 2008-жылы, апрель айларында болуш керек. Жетекчибиз “сынак болот экен, барып катышып көрбөйсүңбү” деп сунуштады. Анда эмне, амбиция күчтүү, баарын укмуш кылам деген ишеним чоң. Барып катыштым, Гран-прини Назик деген кыз, 1-орунду мен алгам. Султан Оморов, Кудайберген Кутуев, дагы бир киши үчөө уюштурушкан экен. Ал сынакка Байыш Момунов агабыз, Назира Токонова, Назик Кудайбергенова, Захира Шайдуллаева деген кыздар катышканы эсимде. Айчүрөк Иманалиева эжекебиз калыстардын төрайымы болчу.

– Айчүрөк Иманалиева демекчи, сизди Айчүрөк айымга окшоштургандар көп экен?..

А.: – Ооба, окшоштуруп калышат. Негизи туугандыгыбыз жок. Эжеке жолугуп калганда өзү да “сени мага окшош дешти” деп калат. Окшоштурганын жакшы кабыл алам, аябай сулуу айым, демек, мен да сулуу экенмин.

– Тимурлан мырза, үйлөнүү сунушун кантип киргиздиңиз?

Т.: – Ала качып алгам (күлүп). Экөөбүз чогуу бир мааракеде кызмат кылып, Кара-Балтага чогуу кетмекпиз. Экөөбүз тең Кара-Балтада жашачубуз да. Ала качканды да аябай ойлонуп уюштурдум, дос балдарым айылда үйдө күтүп турушту. Бул шекшип калбасын деп 1-2 досум, 1-2 туугандарымды сүйлөштүм. Алар таксист, кете турган кардар болуп аялдамада күтүп турушту.

А.: – Эсимде, экөөбүз курсагыбыз ачып, бир жерден шам-шум эттик. Анан бул суу алып келем деп ары басты, ары жактан таксист “Кара-Балтага кетебиз” деп кыйкырып калды. “Биз экөөбүз кетебиз” деп орун алып отурдум да, Тимурланга “бул жакта арзан такси бар экен, келе кал” деп чалдым.

Т.: – Анда экөөбүз тең студентпиз, 5 сом болсо да үнөмдөйбүз. “Бол, бол, арзан машине чыгып калды” дейт мен дайындап койгон машинеге отуруп алып (күлүп).

– Ала качуунун жазасынан коркподуңузбу?

Т.: – Негизи биздин баш кошуубузга эки тарап кандай дейт деп жүрүп, бир топко созулуп кетти. Анан ала качууну туура көрдүм. Ала качып баргандан кийин үйгө милиция барган. Алиса “мен макулмун” дегенден кийин кетип калышкан (күлүп).

– Сиздердин баш кошууга ата-энеңиздер каршы беле?

Т.: – Ошол учурда бир аз каршы болушкан. Алиса менден 2 жашка улуу да. “Экөө кантип жашайт, эмнени кыйратышат?” деген сөздөрдү угуп жүрдүк үйлөнгөндөн кийин деле.

А.: – Менин ата-энем каршы болгон, “өзүңдөн кичүү экен, Ош тарапка келин боло аласыңбы, ал жактын салты башка” деген сөздөрдү айтышкан. Тимурланга да “Оштон эле бирөөнү алып беребиз” деген сөздөр айтылган.

– Баш кошконуңарга 13 жыл болуптур. Турмуш бир топ эле тарбиялады болуш керек...

Т.: – Көп эле нерсени көрдүк иши кылып (күлүп). Мурда улуулар “көп нерсени көрдүк” десе ишенчү эмесмин. Ар бир эле үй-бүлөдө казан-аяк кагышат болуш керек, бизде деле кагышты. Бирок жакшы күндөрүбүз андан көп, Кудайга шүгүр. Эми көп нерсени элге билгизе бербеш керек. Ар бир үйдүн өзүнүн жазылбаган мыйзамдары бар да, жаңы келин келгенде келинчеги ал мыйзамдарга көнгүчө жолдошу колдоп турушу зарыл. Турмуштагы өйдө-ылдыйдын баарын, менин ачуум келсе Алиса унчукпай калып, Алисанын ачуусу келсе мен унчукпай эшикке чыгып кетип, жеңип келе жатабыз.

А.: – Ооба. Тимурлан үй-бүлөгө карамдуу, жакшы ата. Балдарына жакшы көңүл бурат. Баары менен мамилеси жакшы, көңүл бурулбаган эч ким калбайт (күлүп). Бир уул, бир кызыбыз бар. Кызыбыз Айбийке 12 жашта, уулубуз Амантур 9 жашта.

– Музыкалык билимиңиздер барбы?

 А.: – Мен юриспруденцияны бүткөм. Кичине кезимде музыкалык факультетке тапшырам десем апам каршы чыгып койгон. Турмушка чыккандан кийин күйөөм окутту музыкалык билимге (күлүп). Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин музыкалык факультетин аяктагам. Тимурлан Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин алдындагы консерваторияны бүтүргөн.

– Тимурлан мырза, башында ырчы болгуңуз келгенин айттыңыз, эмне болуп тамадалыкка ыктап кеттиңиз?

Т.: – Ооба, башында журналистикага тапшырмак болуп, бирок упайым жетпей калып, консерваторияга тапшырып калгам. Апам музыка мугалими болуп жалпысынан 35 жыл эмгектенди. Ошонун таасири болсо керек, консерваторияда окуп баштаганда ырчылыкка кызыгып кеттим. Окуу жайда активдүү студенттердин катарында болдум, концерттерди алып бардым. Үйлөнгөндөн кийин көбүрөөк каражат керек болот экен, ырчылыктын акчасы жетпей калды. Анан Алисага “сен мага караганда жакшы ырдайсың, мен алып баруучу эле болоюн” дедим. Кийин алып баруучулук көбүрөөк жагып калды. Кудайга шүгүр, элдин көптөгөн жакшылыктарында кызмат кылдык, алкыш уктук, бата алдык. Ушул чөйрөдөн агарып-көгөрүп келе жатабыз.

– Алиса, сиздин кайсы ырларыңызды көп суранып угушат?

А.: – Насирдин Жуманов агабыздын “Тунук булагым” деген чыгармасын ремейк кылып ырдап чыккам. Бир жерге башка репертуарды даярдап барсам деле ушуну суранып ырдатышат. Ошондон улам элге ушул ыр жакшы тараган окшойт деп калам. Жаңы ырларды деле көп эле жаздырып, клип тарттым. Бирок негедир эски ырларды ырдаганым жакшы кабыл алынат. Өткөн жылы Бек Борбиев агабыздын “Сага гана” деген ырына клип тартып чыгардык. Жакында дагы бир ырын берген, азыр ошонун үстүнөн иштеп жатабыз.

– Ырчы болуудагы негизги максатыңыз эмне?

А.: – Негизи бул жаатта өзгөчө бир нерсе жаратыш керек. Ар бир ырымды жакшы көрөм, баарын аябай аракет кылып жаздырам. Болгону элдин табити бир аз башкача болуп, мен аны таба албай жатат окшойм.

– Маектешүүгө убакыт бөлгөнүңөргө рахмат. Бактылуу болгула!

 

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1152, 10-16-январь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан