«Сенин кадырыңды билиш үчүн бир өлүмдөн калышым керек беле?»

– Жетишет! Артык жашоомдо сени көргүм келбейт! 

– Акыркы сөзүңбү?!

Жүзүн тескери буруп, жооп берүүнүн ордуна көзүнөн жашы куюла берди….

Муштумун түйө ачуусу алкымын бууп бараткан Руслан эшикти тарс жаба үйдөн чыгып кетти.

Ал чыгып кетери менен Эдем бүк түшө тизелей калып болушунча өксүп ыйлап жатты. Азыр айткан сөздөрүнөбү же Русландын адилетсиздигинеби, балким, өзүнүн ушунчадан бери чыдап келе жаткан сабырынабы? Же баарын таштап ушул адам үчүн жанын бергенге даяр болуп турганда анын түшүнбөй жаткандыгы үчүн кейип жаттыбы, ким билсин?

Руслан болсо үйдөн чыгары менен унаасына отуруп катуу ылдамдык менен шаарды айлана туш-келди айдап баратты…

Эдем бир канча убакыттан соң көз жашы түгөндүбү же бугу басылдыбы үн-сөзсүз шыпты тиктеген абалда ойлуу жатты.  Ойлоп көрсө, Руслан жашоосуна кирип келгенден бери өзү тууралуу ойлогонду унутуптур, өзүн тизмегинен чыгарып коюптур…

Алгачкы кездешүүлөрү кайсы бир чоң иш-чарада болгон эле. Бири-бирине тике караган көз караштан Эдем бир жылуулукту сезген. Ал сезимден өзү дагы чочуп кеткени эсинде. Ошону менен алар бир топко кайра кезиккен жок…

Бирок тагдырдан жазмышы дейбизби же бир сабагыбы бир нече убакыттан соң жолдору биригип, бирге иштешип калышты…

Алгач жумуш боюнча гана сүйлөшүп, иш убагында көрүшсө бара-бара бири-бирине деген кандайдыр бир жакындык ээлеп алды. Дос болушту.

Русландын шашмалыгыбы, ойнооктугубу же чын эле жактырып калганыбы, белгисиз... Эдемге карата көз карашы, кылык-жоругу өзгөрө баштаган. Башкаларга байкатып да, байкатпай да өзгөчө мамиле жасачу…

Ал эми Эдем болсо өзүнүн көз карандысыз жашоосу бар, өзүнүн чөйрөсүндө белгилүү орду бар, ата-энесинин ишенген кызы болчу.Чырайына, анын бир калыптагы мүнөзүнө далай жигит көз салса да, сөз айтса да алардан тамашага сала качып кутулчу. Алардын кымбат баалуу белектери анын көңүлүн бурдура алган жок. Руслан келгени Эдемдин жашоосу бир топ өзгөрдү. Жакындарынан алыста жүргөн кыздын назик жүрөгүн Русландын камкордугу, мээрими, боорукерлиги ээлеп бара жатты. Эдем аны өзү дагы байкабай калды. Жүрөктөрдүн жакындыгын алар четке кагып, сезимдерин билдирүүдөн баш тартышты.

Бирок алар бул тапта эч кандай убадасыз, ашыкча сөздөрсүз жөн гана бири-бирине жөлөк болуудан тажашпайт. Жүрөктөрүнүн жакындыгы ушунда белем, бири-бирин көздөрүнөн түшүнө аяр мамиле кылышат. Экөөнүн көп учуру чогуу өтөт. Экөө моюндабаганы менен, бардык жакка чогуу барууга аракет кылышат. Кээде бири-бирин көрбөй калса көздөрү издөө менен алек.

Сырттан караганда экөө дал эле көп жылдык түгөйлөрдөй көрүнөт. Жүрөктөгү сезимдерин четке каккан кесиптештер экенин кайдан билишсин алар? Ал эми ичиндеги ой-сезимдери өздөрүнө гана белгилүү…

Жаңы жыл майрамына жакшы маанай менен киребиз деп турган кезде Русландын жумушунда бир кемчиликтер орун алып, каралоолор болуп баары четтен артка кетип баштады. Баары ирети менен болуп жаткан жашоосу заматта алай-дүлөй болуп кеткенине өзүнүн акылы жетпей калды. Ушунун баары Эдемдин көз алдында болуп жатканы үчүнбү же аны жүрөгүнө жакын сезгени үчүнбү, айтор, баарын Эдем менен бөлүшөт. Ал эми Эдемдин назик жүрөгү болсо Русландын жан дүйнөсүнүн оорусун айтпаса да сезет. Жан алекетке түшүп колунан келген колдоосун көрсөтөт. Колунан келсе, бардык ишти жайына коюп салгысы келет. Бирок мүмкүн эмес эле. Эдем ушул күндөрү катуу өзгөрдү. Русланга болгон каралоо ага чоң сабак болду. Ар бир ишин акыл калчап жасап, баарынан алыстап кетти. Ага ушул тапта Русландын гана абалы маанилүү болуп турду. Кирип келген Жаңы жыл майрамын жакындарынын жанында тосуу үчүн барган жок. Русландын жанында калды. 31-декабрь. Ал биринчи жолу Русланга адаттагыдан дагы жакын болду. Кейип турганда дем берүүнү кааладыбы же ичинен кааладыбы, Русланга кандай кыйынчылык болбосун  жаныңда турганга, ага ишенгенге даяр экенин айтып анын далысына башын жөлөдү. Бул балким, жөн гана сөз, кыймыл-аракеттир, бирок ушул тапта Руслан үчүн аябагандай чоң мааниге ээ болчу. Эдемдин акылы булардын баарын эмне үчүн жасап жатканын аңдай алган жок, баары өзүнөн-өзү болуп жатты. Алар бул күнү бирге отуруп кеңешип, жаңы жылдын башында бардык ишти колго алууну пландашты… Эдем Русландын атынын булганган бойдон калышын эч эле каалаган жок. Биринчи максаты – аны актап, жетекчиликтин ишеничин кайтаруу болуп турду. Экөө баарын жөнгө салуунун үстүндө жаңы долбоорлор, аларды коштогон түрдүү иш-чаралар, уйкусуз түндөр… Чарчаңкы жүздөр, бөтөн шаар, башка эл…

Бардык учурда чогуу жүрүштү. Күткөн күн келди!

– Азаматсыңар! Силердей күчтүү командабыз бар экенине сыймыктанабыз. Биз силерге ишенебиз,- деген алкыш сөздөр байма-бай айтылып жатты. Экөө жаңы жылга ушул максат менен кирбеди беле... Кечээ эле каралоону бетке кармап жаман көрүп, колдон жумушту алып койгон жетекчилик бүгүн алар менен сыймыктанып отурат.

Руслан менен Эдемдин ынтымагын айрым кесиптештери көрө албастык кылып экөөнүн ортосунда кер-мур айтышуулар, таарынычтар орун ала баштады. Руслан баары Эдемдин аркасы менен жайына түшкөнүн унутуп, ага чоң сүйлөйгөнү көбөйдү.  Бирок Эдемдин сабырдуулугу кайра экөөнү жараштырып коёт. Бирок бул көрүнүш кайталана баштады. Руслан өзгөрүп кетти. Баарын там бетин акилеп койгондогудай эле унутуп салды. Эдемге аны тоготпогон Русландын мамилеси оор тийип жатты. Баарын ушул жерден токтотуп салып, мурунку өз жашоосуна кайткысы келет. Бирок жашоосун Руслан менен элестетип алган изги кыялдар ага жол бере койбоду. Эдем сезимдери үчүн жан дүйнөсү жанчылган абалга дагы туруштук берүүгө белсенди. Анын ичинде баары калыбына түшөт, мамилебиз мурдагыдай болот деген ишеним бар эле. Иш сапарлары көбөйүп Руслан эч эле бир жерге турбас болду. Булар дагы экөөнүн ортосун алыстатып жиберди.

Жумушунда бир көйгөйлөр болсо бардык ачуусун Эдемден чыгарат. Акыры үнү өктөм чыгып кыйкырганга өттү. Эдем ага кыйын болуп жатат деген ой менен баарына көз жумуп, өзүн сооротуу менен алек.  Русланды башка кыз менен жайдары жүргөнүн көргөндө Эдемдин көздөрүнөн от жанып кетти. Буга дагы көз жумуп, көрмөксөн, билмексен болуп, көңүл бурбаганга аракет кылып жатты. Руслан качан көйгөйү, башкага айта албаган сыры болгондо гана Эдемди айланчыктап калат. Калган учурда эстеп да койбойт... Билинбей жыл соңуна келип калыптыр. Былтыр бул учурда экөө кандай ынтымактуу эле...

Эдем ушунун баарын көз алдынан өткөрдү да, бирөөгө айтып бергенсип жеңилдей түштү. Телефонун жандырды, Русландан бир топ чалуу түшүптүр. Кайра чалайын деди да, жини келип чалуудан баш тартты. Ошол маалда телефонуна чалуу келди.

– Саламатсызбы? Бул адамдын жакыны болосузбу?

– Ооба, тынччылыкпы?!- жүрөгү опкоолжуй, энтиге сурады Эдем.

– Борбордук ооруканага келип калыңыз. Жигиттин абалы оор...

– Тут, тут...- телефон өчтү.

Денесине муздак сууну куюп жибергендей секирип турду. Эмне кийгенин деле байкаган жок. Түн бир оокум экенине карабай бейтапканага жөнөдү. Ооруканага чейин болгон жарым сааттык жол ага жарым кылымдай сезилди. Русландын амандыгын жалдырап суранып бара жатты Кудайдан. Кайра жандандыруу бөлүмүндө экен. Унаасы менен жол кырсыгына учураптыр. Эдемдин жүргөн жери бейтапкана болуп калды. Аны жалгыз таштап кете албайт. Эки күн болду, Эдем үйгө бара элек. Врачтар “күткөн менен пайда жок, андан көрө үйүңө барып Жаңы жыл тос” дешти. Эдем Русланды жалгыз таштап кеткиси келген жок. 31-декабрь деп көпчүлүк майрамга даярданып жатканда Эдем врачтардан суранып кирип алып Русландын колун кармап Кудайга жалбарып отурду. Күүгүм кирип калган маалда Руслан көзүн ачты. Эдем залды жаңырта кыйкырып жиберди. Көзү шишиген, санаадан чарчаган Эдемди жазбай тааныды Руслан. Кандай абал болбосун аны таштабай турган Эдеми экенине көзү жетти.

Мындан кийинки аны ыйлатпай, бактылуу кылам деп өзүнө сөз берип жатты. Ал аңгыча сааттын жебеси 12ге жакын калган экен. Эдем шампаны менен тортун үстөл үстүнө койду.

– Бул биздин экинчи Жаңы жылыбыз экен,- деген Руслан Эдемдин колун кармап жаткан жеринен аны өзүнө жакындатып башын көкүрөгүнө жөлөдү. “Сенин кадырыңды билиш үчүн бир өлүмдөн калышым керек беле?” деп күбүрөнө чачтарынан сылап Эдемди аяп да, ага ыраазы болуп да турду...

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1153, 17-23-январь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан