Голливуд жылдызы Деми Мур көптөгөн кинолордогу ролдорунан сырткары эпатаждуу жоруктары, феминисттик көз карашы, бийик амбициясы менен да таанымал. Кино дүйнөсүндө 40 жылдан ашык жүрсө да “Оскары” жок актриса, жакында “Субстанция” тасмасындагы ролу үчүн “Алтын глобус” статуэткасына ээ болду. “Алтын глобустан” кийинки тепкич “Оскар” эмеспи. Аталган кино сыйлык тапшыруу аземи ушул жылдын март айында өтөрү белгилүү. Анда Мур “оскарчы” болобу, али белгисиз. Азырынча таланттуу актрисанын оңой эмес өткөн өмүр жолуна көз салалы.
Туулган жери: АКШ, Нью-Мексико
Туулган жылы: 1962-жыл, 11-январь
Жылдыз белгиси: чаян
Бою: 165 сантиметр
Кесиби: актриса, продюсер, режиссёр, модель
Тартылган белгилүү тасмалары: “Арбак”, “Солдат Жейн”, “Стриптиз”, “Чарлинин периштелери: бир гана алга!”, “Субстанция” жана башка
Кыскача: Деми Мур – сологой. Вегетариан. Гетерохимия физикалык касиетине ээ – актрисанын бир көзү күрөң, бир көзү ачык жашыл.
40тан ашык шаарда жашаган
Төрөлгөндө Деметрия Жин Хармон ысымы коюлган наристе кыз Нью-Мексико штатындагы чакан калк жашаган Розуэлл шаарында жарык дүйнөгө келген. Атасы Дэн жарнама агенти болуп иштесе, апасы Виржиния бир нече ирет жумуштун башын баштаганы менен, бир да туруктуу жумуш тапчу эмес. Деметриядан сырткары уулдуу да болушкан. Каражаттын жетишсиздиги, жумуштун жоктугунан улам үй-бүлө чыныгы көчмөндөргө айланып, АКШнын 40тан ашык шаарынан баш паанек издеп көрүшкөн. Көчмөн жашоо балдардын да жашоосуна таасир этип, улам мектеп которуудан сабактарынан баалары төмөндөп, дос күткөнгө жетишпеген кыз депрессияга түшкөн. Туруктуу жашаган жери жоктугунан да ата-энесинин ичкиликке берилгени жана балдарына көңүл бурбай калганы оор эле. Ата-энесинин кош көңүл мамилесинен улам иниси экөө эрте жетилип, өз жашоолоруна өздөрү гана жоопкерчилик алганга эрте үйрөнүшкөн.
“Аракечтердин кызымын”
Үйдөгү чырдан тажаган Дэн бир күнү уулун алып кетип калган. Эмне үчүн кызын да ала кетпегени Деметрия үчүн табышмак эле. Бир күнү кыздын колуна кокустан туулгандыгы тууралуу күбөлүк тийип, андан атасы башка адам экенин билет. Аскер учкучу Чарльз Хармон Виржинияга үйлөнүп, бирок боюнда бар жаш аялын таштап кетип калган экен. Деметрия төрөлгөндөн 3 ай өтпөй апасы кайрадан Дэнге турмушка чыгыптыр. Өмүр бою атам деп келген адамы өгөй атасы экен. “Мен аракечтердин кызы болуп чоңойдум. Балалыгымдын баары көчүп-конуп жүрүп өттү. Кайда гана жашабадык, кээде батирге чыга албай трейлерде түнөчүбүз. Дагы жакшы, бактыбызга таенем болуп, жалгыз иштеп бизди бакты. 18 жашка чыкканда өгөй атам өз жанына кол салып каза болгонун уктум. Бул жашоонун мага сунган дагы бир соккусу эле...” деп эскерет актриса өткөн чагын.
Зордукталган...
Ичкен адам менен кимдин мамилеси жакшы болсун?! Деми менен апасынын ортосунда да дайыма “кара мышык” ойноп турар эле. Ошон үчүн да 16 жашында Фредди Мур аттуу музыкант менен үйүнөн качып кетсе керек. 17 жашында Фреддиге турмушка чыгып, анын фамилиясына өтүп, азыркыга чейин өзгөртпөй жүрөт.
Учурда атактуу айымдын көптөгөн таланттарынын арасында жазуучулук да бар. Ал өзүн мемуарчы катары да тааныткан. Анын “Ички бети” (“Наизнанку”) деп аталган мемуарында жүрөк үшүн алган фактылар камтылган. Деминин айтымында, ал 15 жашында апасынын таанышы тарабынан зордукталган. Бул кылмышка апасынын да тиешеси бар экенин жазат. Анткени ал адамга Виржиния 500 доллар карыз экен эле. Бир күнү “ачкычты кызыма берип кой” деп ал адамга үйдүн ачкычын берет. Жаш кыздын зөөкүргө алы жетпей, зордукталган... Апасы менен 1998-жылы гана элдешкени айтылат, ал мезгилде апасы баш мээнин шишиги оор дартына кабылып өлүм алдында жаткан экен. Биологиялык атасы ага чейин эле боор оорусунан улам каза болгон.
Гонорарына төшүн жасаткан
Деми Мурду шоу дүйнөгө анын күйөөсү алып келген деген жана апасы кино агенттигине жетелеп барган деген эки тараптуу маалыматтар бар. Алгач модель катары подуимга чыккан кыз 1978-жылы “У.Э.Б” аттуу кинодо дебют жасаган. Кызыгы, кинодон алган алгачкы гонорарына төшүнө пластикалык операция жасаткан. Актрисанын кайсы тасмаларда роль жаратканын күйөрмандары жакшы билсе керек. Кайсы тасмага тартылбасын ал бүт дитин жумшап, бардык курмандыкка даяр экенин далилдеп келет. Мисалы, “Солдат Жейнде” чачын таз кылып кырдырып салган. Ал эми “Стриптиз” тасмасы үчүн денесине бир нече пластикалык операция жасатып, 8 устат менен иштешкен. Бири туура бийлегенди, бири туура көнүгүүлөрдү жасоону, дагы бири йога боюнча, дагы бири катуу диета боюнча көзөмөлдөп турган. Мындай аракети үчүн ал тартуучу топтон 10 миллион доллар гонорар сураган. Ал мезгилде бир дагы Голливуд актрисасы мындай гонорар алуу тууралуу ойлоно элек болчу.
Сүйүүдөн жолу болгон жок
Алгач Фредди Мурга турмушка чыкты. Экинчи ирет актёр Брюс Уиллис менен кол кармашып, 13 жылдык никеде 3 кыздуу болушкан. Андан кийин өзүнөн 16 жашка кичүү актёр Эштон Кутчер менен 8 жыл жашаган. Акыры Эштондун көптөгөн “солго” басууларынан улам түгөйлөр ажырашып кетишкен. Ажырашуу Демиге оор болуп, ичкиликке, баңгизатына берилип кеткен. Анан айлап атайын дарыканаларда дарыланып жатып өзүнө келген.
Феминист
Балалыктагы оор күндөрү актрисаны феминист болгонго алып келсе керек. Ал феминизмдин чакырыктарын өзү ойногон ролдорунда, өзү продюсер, режиссёрлук кылган тасмаларында да чагылдырып келет. Анан да адам алгач өзүн угуп, өзүн сыйлаш керек деген ойдо. Ал көп эле жолу ачык-чачык фотосессияларга тартылып келгени маалым. Бирок 1991-жылы «Vanity Fair» журналына түшкөн сүрөтү бир нече жыл элдин оозунда, көзүндө болуп бир топ талкуу жараткан. Анда 7 айлык боюнда бар Деми курсагын кучактап жылаңач түшкөн эле. Азыркы учурда кош бойлуулардын жарым жылаңач сүрөттөрү кадимки көрүнүшкө айланбадыбы, ал учурда андай сүрөт жат көрүнүш болгон.
Баары жакшы...
“Азыр баары жакшы...” дейт актриса. Бир нече тармакта ишмердүүлүк кылат. 45 жылдан ашкан кино карьерасында алгачкы ирет абройлуу “Алтын глобус” сыйлыгын алды. Анан да Брюс Уиллис экөө таята-таене аталышып, кыз неберелүү болушту.
Асыл Орозбекова