Кой
(21.03–20.04)
Кой жылдызындагылар бул аптада мурунку жашоо образын өзгөртүүгө муктаж болот. Кээ бир окуялардан улам өзгөрүү чечимине келесиз. Сизге жакын делген адамдарды сыноого кез келди, мындан улам ким дос, ким кас, ким жөн гана убактыңызды алып жүргөнүн билесиз. Түгөйүңүз менен сүйлөшүп, келечекти бирге пландап, маселе болсо бирге кеңешип чечкенге аракет кылсаңыз, ортодогу мамиле кадимкидей жанданып, жаңы жана жакшы эмоциялар жаралганын сезесиз.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Аптада көпчүлүктүн көңүл борборунда болууга туура келет. Мындан улам эркиндигиңиз чектелип, элдин баары сизди сөз кылып жаткандай сезим жаралат. Мунун таасири сүйүү жаатында да сезилиши мүмкүн, түгөйүңүздү ачууга алдырып орой сүйлөп таарынтып албаңыз. Башкалар менен бир нерсени такташууга караганда өзүңүзгө көңүл буруп, күн тартибиңизди иреттеп, туура тамактануу, спорт менен машыгуу, уйку режимин жөнгө салуу тууралуу ойлонгонуңуз пайдалуу.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Билим алуунун, жаңы нерсе үйрөнүүнүн, жаңы иш баштоонун убактысы. Андыктан пландап жүргөн иштериңизди дал ушул күндөрү ишке ашырсаңыз болот. Каржы багытында ашыкча пайда таппаганыңыз менен, мурунку карыздарыңыздан кутулууга мүмкүнчүлүк чыгат. Романтикалык жаатта жаңы таанышуулар күтүлөт. Бирок бир көрүп сүйдүм деп берилип кетпеңиз, “өтө кызыл бат оңот” дегендей, ар тараптан байкатпастан сынап көрүңүз. Апта жалпысынан сиз үчүн активдүү өтөт.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Өжөрлүгүңүздүн, аракетчилдигиңиздин акыбети кайтат, андыктан майда-чүйдө бут тосууларга карабай алдыга умтула бериңиз. Анан да үйдөгү чарба иштерин алдыга жылдырууга аракет кылыңыз. Туугандардан сиздин жардамыңызга муктаж адамдар чыгат, сунган колду сындырбай алыңыздын келишинче көмөк көрсөтүңүз, кайрымжысы болот. Капчыгыңызда ашыкча акча болсо, кыймылсыз мүлк же башка ири долбоорлорго акча салганга аракет кылсаңыз, пайда табасыз.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Жумушсуз жүргөн арстандар ушул күндөрү каккан эшигинен көңүлгө толорлук жооп ала алышат. Туугандар арасында кайым айтышуу, карама-каршылык, меники гана туура деген сапаттардан алыс болуңуз, болбосо ортодо чоң чыр чыгышы мүмкүн. Жактырып жүргөн адамыңыз болсо, аны күтүп отурбай биринчи кадам жасап, сезимдерди билдириңиз, болбосо сизден чечкиндүүлөр “илип” кетет. Дем алыш күндөрүн үй-бүлөңүздүн курчоосунда тынч эс алуу менен өткөргөнүңүз жакшы.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Бул күндөрү жеген тамак-ашыңызга көңүл бөлүп, азгырыктуу, бирок пайдасы жок азыктардан баш тартканыңыз туура. Болбосо ашказан оорулары тынчыңызды алышы күтүлөт. Материалдык абалыңызды чыңдоого ылайыктуу мезгил. Жумушта болобу же үйдөбү ийилчээк болуңуз, өзүңүздүн эле эмес, сизди тегеректеп жүргөн адамдардын да абалына карасаңыз пикир келишпестиктер чыкпайт. Аптанын аягында өтө алыс эмес аралыкка сапарга чыгышыңыз ыктымал.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Аптада маанилүү чечим кабыл алуу зарылчылыгына туш болушуңуз мүмкүн. Өзүңүздүн адилеттүүлүк сезимиңизге ишениңиз. Каалоо менен мүмкүнчүлүктөр тең салмакта болушу зарыл. Иштегиңиз келбегенине арызданбаган сыяктуу эле, каржылык маселелер көбөйгөнүнө нааразычылык айтпоо керек. Аптанын аягында өзүңүзгө болгон ишеним жогорулайт, бул мүмкүнчүлүктү билим алууга, жаңы нерсе үйрөнүүгө, жаңы иш баштоого арнаганыңыз туура болот.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Чаяндарга аптада өзүн-өзү өркүндөтүү менен алектенүү сунушталат. Материалдык муктаждыктарды чектеп, канча акча болсо ошонун баарын коротуп салуу адатын токтотуңуз. Андан көрө пайдалуу китептерди окуп, окуу ийримдерине жазылыңыз. Эмоцияны колго ала албай, өзүңүздү башкара албай жатсаңыз, 1-2 күнгө ызы-чуудан алыс жерге кетип, жалгыздыкта эс алып келиңиз. Күтүүсүз адамдан жүрөгүңүзгө төп келген кабар алып кубанычка батышыңыз ыктымал.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Көптөн бери күтүп жүргөн суроо-талабыңыз четинен аткарыла баштайт. Сизге кеңеш айткандар чыгат, анын баарын угуп, шашпай талдап чыгыңыз, пайдасы тийчүлөрү болот. Жаңы дос, сиздин кызыкчылыктарыңызды бөлүшкөн жаңы адамдар менен таанышканга аракет кылыңыз. Алар жашооңузга жаңы көрк, жаңы эшик, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачышат. Бул күндөрү жалгыз калбоо сунушталат, анткени өнөкөт оорусу барлардын дарты күчөп беймазага салышы ыктымал.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Амбицияны жогорулатып, алдыга бийик максаттарды коюп, аны ишке ашырууну колго алыңыз. Күмөн санап, кечке ойлонуп отуруунун убактысы өттү, жигердүү аракеттер гана керек. Карталарыңызды башкаларга, өзгөчө душмандарга ачпоо сунушталат. Жаңы сүйүү же жаңы хобби сиз үчүн таза абадай болот. Андыктан жаңычылдыкка ачык болуңуз. Карызга акча берүү же алуу сунушталбайт. Башка арга жок болсо кайрымдуулук катары кайрымжысыз бергениңиз туура.
Суу куяр
(21.01–19.02)
Бул апта жумушуңузда маселе жаралышы мүмкүн. Балким, кайсы бир туура эмес иш үчүн жетекчиликтен жеме угасыз. Сынды токтоолук менен кабыл алып, тез арада оңдогонго аракет кылыңыз. Колдон келбесе билгендерден сураңыз, үйрөнүңүз, аракетчил экениңизди далилдеңиз. Акча үчүн досуңуз менен пикир келишпестик чыгышы ыктымал. Сүйүүдө азгырыктар көп болот, ички туюмуңуз сизди алдабайт, андыктан өзүңүзгө гана ишениңиз. Апта аягы тынч өтөт.
Балык
(20.02–20.03)
Ден соолугуңузга көңүл буруңуз, суукка урунуп өнөкөт ооруларды козгоп алуу коркунучу бар. Жашооңузда чоң өзгөрүүлөр орун алышы күтүлбөйт. Жеке жашоодо, иште, окууда да бир калыптагы күндөр орун алат. Бирөөгө жардам колун сунам деп жаман көрүнүп каласыз. Ошон үчүн өзү жардам сурабаса, сиз демилге көтөрүп кеңеш айтып же жардам деп кийлигишкенден алыс болуңуз. Чыгармачылык иш-аракеттер үчүн ийгиликтүү мезгил. Акча жаатында иш баштабай туруңуз.