• Айрым адамдарда канды көргөндө коркуу сезими жаралат – бул гемофобия деп аталат. Гемофобияны атайын дары-дармектердин же психологиялык терапиянын жардамы менен дарыласа болот.
• Адамдардын баарынын каны кызыл түстө. Ал эми башка тирүү организмдерде түрдүү түстөгү кандар кездешет. Мисалы, рак түркүмүндөгү айрым жаныбарлардын, осьминог, кальмар жана пауктардын каны көк түстө болот. Айрым курттар жана сүлүк курттар жашыл түстөгү кандын ээси болушат. Антарктида сууларында минус температурада жашаган айрым балыктардын каны түссүз болот. Бул кандын курамында гемоглобин, эритроциттердин жок экендигин билдирет.
• Адамдын дене салмагынын 7-8 пайызын кан түзөт. Болжолдуу түрдө 70 килограмм салмактагы адамдын каны 5 литр болот.
• Чоң адамдын жүрөгү күнүнө 1000 литр кан айдайт.
• Адам денесинде саат сайын 7 миллиарддан ашык кан клеткасы өлөт. Алар жилик чучугу жана көк боор тарабынан көбөйгөн жаңылары менен алмаштырылат.
• Адам денесиндеги бардык кан тамырлардын жалпы узундугу болжол менен 100 миң чакырымды түзөт.
• Кан – организмдин абалын чагылдыруучу күзгү. Ошондуктан ооруганда биринчи канга анализ тапшырылат.
• 12-кылымга чейин адамдар кан айланууга жооптуу орган – боор деп ойлошкон. Байыркы Кытайда боорду дененин "энеси" деп эсептешкен, анткени ал адамдын денесине кирген бардык кирди, аба жана тамак-ашты чыпкалай алат. Бирок 17-кылымда англис окумуштуусу Уильям Харви кандын бүт денеде айланып жүрүүсүнө жүрөк жооптуу экенин аныктаган.
• Адамдын орточо өмүрүндө жүрөк 170 миллион литр канды айдаганга жетишет. Бул сумма жүздөгөн чоң бассейндерди толтура алат.
• Кан адамдын денесинде ар кандай ылдамдыкта агат. Эң ылдам акканы артериялар аркылуу – орточо ылдамдыгы саатына 1,8 чакырым.
• Тынч абалда турган адамдын организминде кан төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт: 25 пайыз бөйрөктө жана булчуңдарда, 15 пайыз ичеги керегелеринин кан тамыр системасында, 13 пайызы өпкө жана башка органдардын кан тамырларында, 10 пайызы боордо, 8 пайыз мээде, 4 пайызы жүрөктүн коронардык тамырларында жайгашкан.