ӨЛҮКТҮ ДОНОР КАТАРЫ ПАЙДАЛАНУУ: Мыйзам так иштебесе бул коркунучтуу дешет адистер 

Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кызматтан кетер алдында талаштуу теманы кайра козгоп талкууга жем таштады. Ал Кыргызстанда өлгөн адамды донор катары пайдалануу боюнча мыйзам долбоору даярдалганын, жакында коомдук талкууга коюларын айтып чыкты. Бул ишке аша турган олуттуу демилгеби? Мамлекет, коомчулук буга канчалык даяр? Тийиштүү тараптардын жообун уксак.    

Демилгенин башы...

“Өлкөдө боор донорлоруна муктаждык күч. Бир маркумдан (өлүктөн) 8 органга чейин: боор, бөйрөк, сөөк чучугу, өпкө, жүрөк алууга  болот. Диний ишмерлер менен сүйлөшүп, кагаз жүзүндө макулдук алдык” деди ал кездеги министр Алымкадыр Бейшеналиев 31-январда Жогорку Кеңештеги “Ишеним” жана “Ыйман нуру” фракцияларынын жыйынында. Негизи, бул маселени Бейшеналиев көптөн бери айтып келет. Кыргызстанда донор табуу кыйын экендигин айтып, "маселени өлүктүн органдарын донорлукка пайдалануу аркылуу чечсе болот" деп чыкканы белгилүү. Расмий маалыматка таянсак, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 2600 бейтап гемодиализ алат, 18 500 адам гепатит жана цирроздон жабыркайт.

Муфтият: Экс-министр калп айткан

Экс-министр Бейшеналиевдин сунушу талкуу жаратты. Мисалы, "бул демилгеге муфтияттын аалымдар кеңеши шариаттын кайсы жол-жобосуна таянып уруксат берди?" деп суроо салгандар болду. Муфтияттын аалымдар кеңешинин жооптуу катчысы Акылбек Калбеков буларды айтат:

– Экс-министр Алымкадыр Бейшеналиевдин “муфтият өкүлдөрүнөн маркумдардын органдарын донорлукка алууга жазуу жүзүндө макулдук алдык” дегени калп. Ага кагаз жүзүндө да, оозеки да эч кандай макулдук берилген эмес. Анын айтканын жокко чыгарган маалыматты ошол күнү эле тараттык.

Врачтар эмне дешет?

Бишкектеги Улуттук хирургия борборунун боор оорулары бөлүмүнүн жетекчиси Эрнис Тилеков азырынча туугандык донорлукту эле өнүктүрүү зарыл дейт.

– Жакынкы аралыкта боорду трансплантациялоо иштери күтүлүп жаткан оорукана – бул биздин Улуттук хирургиялык борбору. Учурда туугандык донорлук мыйзамы бар. Биздин ооруканага чет өлкөлөрдөн боорду көчүрүп, жамоого керектүү аппарат, шаймандардын 80 пайызы алынып келинди. Эми калганы келет. Операциялык блоктор жана жандандыруу бөлүмү толук жаңыланып жатат. Врачтарыбыз Түркиядан окуп келишти. Бизде орган алмаштыруу операциялары чет өлкөдөн келген врачтардын жардамы менен ишке ашат. Биздин борбор кайсы өлкөнүн врачтары менен иштешебиз, чечиле элек. Чечилсе иш башталат. Ал эми маркумду донор катары пайдалануу боюнча пикирим мындай: Туугандык донорлукта бейтапка боорумду же бөйрөгүмдү берем деген туугандары чыкканы менен, аларды текшере келгенде оорусу бар болуп чыгып, донорлукка жарабай калган учурлар көп. Ошондуктан мындай учурда өлгөн адамдын донор болуусу – бирден-бир мүмкүнчүлүк болуп калат. Бирок бул үчүн атайын мыйзам иштелип чыгышы керек. Бул эми келечектин иши. Ага чейин туугандык донорлукту өнүктүрө берүү кажет.

Ал эми балдар хирургу, белгилүү педиатр Камчыбек Узакбаев экс-министр Бейшеналиевдин демилгесине Кыргыз медицинасы даяр эмес дейт.

– Изилдөөлөргө таянсак, Кыргызстанда ар бир аптада орточо 10 адам гемодиализ аппаратына өтөт. Алардын жашоосун жеңилдетүү жана узартуу үчүн бөйрөгүн алмаштырып жамоо керек. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 2012-2024-жылдары бөйрөктү трансплантациялоо боюнча 61 операция жасалды. Анын 23ү 30 жашка чейинкилер, калгандары андан улуу курактагы бейтаптар. 2 донорлук бөйрөктү организм жээрип, иштей алган жок. Калган операциялар өзүн толук актады. Кыргызстанда ткандардын дал келер-келбесин текшерүүчү лаборатория жок. Операциядан кийин донорлук органды организм жээрибеши үчүн бериле турган дары-дармектер жаатында маселелер чыккан. Андыктан туугандык донорлукту жолго коюу үчүн да көп маселелерди чечүү керек. Ал эми өлгөн адамдын органын донорлукка пайдалануу мыйзамы керек. Такыр донор табылбай, табылса да дал келбей жаткан учурда андай донорлор керек болот. Бирок азырынча эл да, Кыргыз медицинасы да буга даяр эмес. Мүмкүн, келечекте ишке ашат. 

Өлгөн адамды донорлукка колдонууда кандай маселелер жаралышы мүмкүн?

Далилдөөчү медицина жаатындагы эксперт Аида Зурдинова маркумдун органдарын донорлукка колдонуу үчүн өлкөдө мыйзам так иштеши керек деген пикирде:

– Туугандык донор болуу кадимки эле көрүнүш, бирок маркумду донорлукка колдонуу көптөгөн суроолорду жаратат. Элдин чочулап жатканы бекеринен эмес. Так укуктук нормалар болбосо “чёрный рыноктун” жаралышына алып келиши мүмкүн. Чиновниктер, айлыгы аз медицина кызматкерлери органдарды алуу жана сатуу жаатында коррупциялык схемага аралашып кетиши ыктымал. Мыйзамдын иштебеши органдарды алмаштырууда санитардык нормалардын бузулушуна, трансплантация жаатында билими жетишсиз врачтардын иштешине жол ачып, донордун жана реципиенттин өмүрүнө коркунуч туудурушу мүмкүн. Маркумдун жакындары медицина кызматкерлери тарабынан “органын бер” деген коркутуп-үркүтүүлөргө туш болушу да мүмкүн.

Ошондуктан адегенде эл аралык стандарттарга ылайык мыйзам кабыл алынып, анын аткарылышы катуу көзөмөлгө алынышы керек. Заманбап лабораториясы бар, жабдыктары жетиштүү орган алмаштыруучу борбор болушу зарыл.

Маркумду донор кылуунун артыкчылыгы эмнеде?

Туугандык донорлукта 2 адамдын өмүрүнө жоопкерчилик бар. Биринчиси – жакынына органын берүүгө макул болгон адам, экинчиси – бейтап. Жоопкерчилик күч. Дүйнө жүзүнүн маркум донорлугуна умтулуп жатышы ушул жана башка жагдайлардан улам. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, маркум донордун органын салдырган бейтаптардын 80 пайызы жашап кетет. 

Кайсы органдар донорлукка жарайт?

• Бет

• Көздүн чечекейи

• Өпкө

• Жүрөк 

• Боор

• Бөйрөк

• Уйку бези

• Ичеги

• Сөөк, муундар,
байламталар

• Тери

• Организмдеги бардык ткандандардын клеткалары

Маркумдан алынган орган канча убакытка сакталат?

Ар бири ар кандай мөөнөттө сакталат. Мисалы, бөйрөк 24 саат, жүрөк менен боор 4 саат сакталат дешет адистер. Статистикага таянсак, учурда Кыргызстанда бөйрөк оорусунан улам гемодиализ алгандардын, гепатит жана цирроздон жабыркагандардын жалпы саны 20 миңден ашат, алардын көбү донорго муктаж. Бишкектеги Кыргыз-Түрк “Достук” ооруканасы 2024-жылы боор алмаштыруу боюнча 2 операцияны ийгиликтүү жасаган. Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигине байланышканыбызда, өлүктү донор катары пайдалануу маселеси боюнча министрликте эч кандай чечим же сунуш жок экенин билдиришти.

 

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1157, 14-20-февраль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан