Тишке жаккан тамактар

Тиштин саламаттыгы адамдын жеген тамагынан да көз каранды. Төмөндө кайсы тамак-аштар тиштин жана бүйлөнүн “ден соолугуна” жакшы таасир берерин тизмектейли.

Майлуу балык

Скумбрия, лосось, сельдь сыяктуу майлуу балыктар D витаминине жана омега-3 кычкылына бай келишет. Бул заттар организмге кальцийдин жакшы сиңишине жана сөөк ткандарынын бекемделишине жардам берет. Аптасына 2-3 жолу 200-300 граммдан майлуу балык жесеңиз, тиш да, бүйлө да бекем болот.

Катуу сыр

Катуу сырлардын (пармезан, чеддер) курамындагы көп өлчөмдөгү кальций жана фосфор тиштин эмалын бекемдеп, ооз көңдөйүндөгү кычкылдуулукту азайтат. Аптасына 2-3 жолу 30-50 граммдан катуу сыр колдонуу менен тиштин саламаттыгына жакшы салым кошосуз.

Жаңгак

Жаңгак түрлөрү, анын ичинде грек жаңгагы, бадам, кешью да тишке керектүү кальций, магний, фосфорго бай. Жаңгактарды ченеми менен, аптасына 2-3 жолу 30-50 граммга чейин жеш керек.

Жашылча

Жашылчалар бүтүндөй организмге көп пайда алып келерин билебиз. Анын ичинде тишке да оң таасир берет экен. Брокколи, шпинат, капустада клетчатка, кальций жана бүйлөлөрдү коргогон, тиштин эмалын бекемдеген антиоксиданттар бар. Бул жашылчаларды аптасына 3-5 жолу 100-150 граммдан тамак-аш менюсуна киргизүү сунушталат.

Сабиз жана алма

Сабиз менен алманы “табигый тиш жуучу щётка” деп коюшат. Анткени бул азыктар тишти тазалап, ооз көңдөйүндө шилекей бөлүнүп чыгуусун шарттайт. Сабиз менен алманы күндө 1-2 даанадан жесеңиз болот.

Көк чай

Көк чайдын курамында ооздогу бактериялар менен күрөшүүчү жана кычкылдуулукту азайтуучу катехиндер бар. Күнүнө 2-3 чыны көк чай ичсеңиз, ооз көңдөйү таза болот.

Кара шоколад

Кара шоколадда болсо тиштин эмалын бекемдөөчү теобромин заты бар. Күнүгө эмес, аптасына 1-2 жолу 20-30 граммдан кара шоколад жеп турсаңыз, тишке жетиштүү.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1162, 21-27-март, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан