Дүйнөдө эмне кеп?

Трамп Маскты колдоо үчүн Tesla сатып алды

АКШ президенти Дональд Трамп миллиардер Илон Маскка колдоо көрсөтүп, Tesla электрунаасын сатып алды. Акыркы кезде Tesla унааларынын баасы түшүп кеткен болчу. Миллиардер АКШ лидерине электрунаалардын түрүн көрсөткөндө ал кызыл өңдөгү Model S унаасын жактырып, сатып алууну чечкен. Чет элдик басылмалар жазышкандай, эми Трамп Ак үйдүн кызматкерлери үчүн да Tesla унааларын сатып алмакчы. Учурда Ак үйдө андай унаалардын саны – 5. Трамп өзүнө унаа айдоого болбостугун, сатып алынган унааны Ак үйдөгүлөр колдонорун билдирди. 

Филипп Киркоровдун атасы каза болду

Орусиялык ырчы Филипп Киркоровдун атасы, Орусиянын Эл артисти Бедрос Киркоров 92 жашында көз жумду. Филипп Киркоров социалдык тармактагы баракчасына “Бүгүн 2025-жылдын 18-мартында атам көз жумду. Бирок атам дайыма жүрөгүмдө жашайт” деп жазды. Маалыматтарга караганда, Бедрос Киркоров жүрөк оорусунан улам каза болгон. Акыркы учурларда ал ооруканага көп жатып, жүрөгүндөгү жана бутундагы оорутууга даттанып жүргөн. Айрым басылмалар “Бедрос Киркоров 2 ай мурун, январда 2 өпкөсүнөн превмонияга учурап, дарыланып чыккан” деп жазып чыгышкан эле. Бирок ырчы ал маалыматты четке каккан.

Өгөй эне өгөй баласын 20 жыл ачкачылыкта кармаган

Америкалык 56 жаштагы Кимберли Салливан аттуу аял өгөй баласын 20 жыл бою камап, азап тарттырып келген. Салливандын кылык-жоругу кокустуктан ачыкка чыгып кеткен. Коннектикут штатында бир үйдүн күйүп жатканы боюнча өрт өчүрүү кызматына кабар түшкөн. Алар барып өрттөнүп жаткан үйдөн бир өспүрүмдү алып чыгышкан. Көрсө, ал өспүрүм эмес, абдан арыктап кеткен 32 жаштагы жигит болуп чыккан. Салмагы болгону 30 килограммды түзгөн. Полиция кызматкерлерине ал тозок жашоодон кутулуш үчүн үйдү атайын өрттөгөнүн айтып берген. Салливан башында алгач ага суу, тамак-ашты аз берип турган. Кийинчирээк аны узундугу 2,7 метр, туурасы 2 метр болгон, ашыкча буюм сакталчу бөлмөгө камай баштаган. Жашоосунун көп бөлүгүн ачкачылыкта өткөрүп келгендиктен жигит абдан арыктап, сөөгү менен териси гана калган. Өгөй эне үй-бүлө мүчөлөрүн каардуу, таш боор мүнөзү менен коркунучтун кучагында кармаган. Атасы өткөн жылы каза болгондуктан жигиттин азабы огобетер күчөгөнү айтылат маалыматта. Жигит чачын өзү кыскартып, эч качан стоматологго барган эмес, ошого тиштери чирип, түшүп калган.

Кимберли Салливандын жоругу боюнча учурда териштирүү жүрүүдө.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1162, 21-27-март, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан