АКЧАСЫ БАРЛАРГА ГАНА ООРУГАН ЖАРАШАБЫ?

Эртең менен жумушка шашып, тыгылыша маршруткада баратабыз. Аңгыча кичинекей бала чырылдап ыйлап, энеси аны соорото албай бушайманга түшүп сүйлөнүп кирди:
– Илгери ооруканаларга кайрылсак дароо чара көрүшөөр эле. Бүгүнкүлөр такыр айнып кетишти. Кечээ эле барганбыз. Бири “сменим бүттү” десе, бири дагы бир шылтоону айтып, анысы аз келгенсип, кабылдамада кезекте турсак, улам бири өзүнүн таанышын жетелеп келип киргизип, күйгүзүшпөдүбү...
Кейиген эненин сөзүн маршруткадагылар коштой, оорукана, оорулуу, врачтар тууралуу кеп уланып кетти. Бири: “Азыр врачтар өз жоопкерчилигин так аткарбайт, акча берсең гана карайт”,- десе, дагы бири: “Врачтарда айып жок, айлыгы аз болсо пара алат да. Анын үстүнө, ооруну арак ичип, мушташып же денсоолугубузду карабай өзүбүз табабыз”,- деп жатышты. Мындай сөздөрдөн улам кезектеги “саякатыбызды” ооруканадан өткөрмөй болдук...

“ЖУРНАЛИСТТЕР – ШҮМШҮКТӨР...”
Алгач Москва көчөсүнөн орун алган Улуттук госпиталга бардык.
Таң атпай кирип келген бизди бутубуздан башыбызга чейин сынай тиктеген нейрохирургия бөлүмүндөгү күзөттө турган эмчи айым кимге келгенибизди сурай кетти. Гезиттен келгенибизди айтып бүтө элегибизде анын жанында отурган аял сүйлөнүп кирди:
– Дагы эмне балээни баштаганы келдиңер? Журналисттерди мурун жакшы эле сыйлаар элем. Бизге асыла баштаганыңардан кийин тимеле көрөөргө көзүм жок калды.
– Эже, сизге эмне үчүн асылышты эле? Бул жерде иштейсизби?
– Жок. Мен төрөт үйүндө иштейм. “Бала сатышат, башка кылышат” деп бир жылдан бери жамандап, бизге тийишип бүтпөй жатпайсыңарбы!
Эженин кебине кулак салып, жөн-жайын сурап туруп алганыбызга жини келдиби, эми жанындагы эмчи айымга кайрыла кетти.
– Жеткен шүмшүк калк болот тура буларың.
– Сыягы, биздин коллегалар айыбыңызды ачып, капа кылып коюшкан окшойт. Кайсы ооруканада иштейсиз?
– Төрөт үйүндө иштейм дебедимби. Бизде азыр ремонт, иштебей жатабыз. Иштеп жаткан күндө деле силерди жаныма жолотмок эмесмин.
– Кечиресиздер, биздин врач да прессаны анчалык жактыра бербейт. Араң иштеп жүргөн кезибизде бизге тийишпей эле койгулачы?! Башка ооруканалар, бөлүмдөр деле бар го, ошолорго эле барсаңар болбойбу?
Сыягы, бул айымдарга журналисттер жомокто айтылгандай төрт колдуу, төрт буттуу, мүйүзү бар көрүнөт белем, таң атпай ыйлактатып, маанайларын бузбайлы деп чын эле башка ооруканага бет алдык.

КАЗЫК КАГЫП САЛЫШЫПТЫР
Эми биз Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна, көнгөн адатыбызча айтсак, №4-ооруканага бардык.
Мас болуп алып бири-бири менен мушташып, колу-буту сынгандын, жол-белде кырсык баскандардын, дегеле кырсыкка кабылгандардын баары ушул борборго келип түшөт эмеспи.
Кабылдамада отурган күзөттөгү врачтардын катарына кошулуп, айланага баам салып, кечиктирбестен кабыл алуучу бөлүмдүн башчысы врач-травматолог Талант Сарымсаковду кепке тарттык.
– Акыркы күндөрдө жол кырсыгы болуп көрбөгөндөй күчөп кетти. Мына, үч күндүн ичинде эле жол кырсыгына кабылган 20 адамды кабыл алдык. Ичип алып ылдамдыкты көбөйтүп машина айдашат, жашыл жарыкта токтобой өтүп кетмекчи болушат... Ата-энелер болсо жаш балдарын карабай жол жээгине ойногону коё беришет... Анан кантип жол кырсыктары болбосун. Сизге бир эле күндөгү тизмени көр­сөтөйүн, мисалы, 15-июль күнү жол кырсыгынан 16 адам жабыркап, “Тез жардам” менен келишти. 17 жаштагы бир бала кулагы жок келди, үзүп кетиптир машина. Азыр курулуш иштери абдан көп эмеспи. Ошолордо иштеп жатып бийиктен түшүп кеткендер, башына кыш, цемент салынган чака түшүп келгендер да көп.
Бакылдап каттоо дептерин көрсөтө сүйлөп жаткан врачтын үнүн сыртка келип токтогон “Тез жардамдын” сиренасы басып кетти. Тулуптай болуп шишиген орто жаштагы киши бир эсине келип, айланасын таңкала карайт да, бир аздан соң көзү аңтарыла кушунан кетет. Кандай дарт менен келгенин алгач түшүнө беришпей, күзөттөгү врачтардын баары чогулуп калышты. Көрсө...
Баңгилик адамзатка эч качан пайда алып келген эмес. Эртеси уксак, 41 жаштагы бул кишинин баңгиликке берилген тааныштары болгон өңдүү. Алар менен чогуу отуруп, керектүү дозаны алышканбы, айтор, разборка башталып, чыр күчөп кетиптир. Балким, карызы бардыр же башка себеби барбы, айтор, баңгизатына эстери эңги-деңги болгон алар бул кишинин көтөн чучугуна узундугу 40 сантиметр болгон казыкты кагып ташташыптыр. Ушундай абалда жабыркоочу ооруканага кайрылбай 14 саат жатып, такыр айла кеткенде эптеп “Тез жардам” чакыргандагысы тура. Тигил бөлмөдөн бул бөлмөгө чуркаган врачтар жабыркоочунун абалы өтө эле оор экенин айтып жатышты. (Эки күндөн соң жан кыйнаган илдет менен алышкан ал адамдын бул жарыктык менен кош айтышып кете бергенин кабыл алуу бөлүмүндөгүлөр кабарлашты).
– Бизде ушундай жашоо. Тыным алмай жок,- оорулууну алып кетишкен соң бөлүм башчы кайрадан кебин улады.
Азыр силер күндүз­гүсүн көрүп жатасыңар. Түнкүсүн, кафелер жабылып, түнкү клубдар күчүнө кире баштаган маалда ачуу үнү менен кө­чөнү жаңырткан “Тез жардамдардын” каттамы күчөйт. Кафелерде, клубдарда мас болгуча ичишет, чегишет, анан бири-бирине тийишип башташат. Дагы бирөөлөрү көчөдө жалгыз-жарым калгандарды тоношот. Айтор, кээде кичине отуруп, бутту суна эс алганга убакыт таппай калабыз.

“БИШКЕКТЕ ИЛГЕРИ КАРАКУРТ ЖОК БОЛЧУ”
Эми биз ушул эле ооруканадагы токсикология бөлүмүнүн кабылдамасына жөнө­дүк.
Күзөттөгү врач-токсиколог Күмөн Токмергеновду маекке тарттык.
– Акыркы күндөрү Бишкекте, Кантта каракурт пайда болду. Биз билгенден каракурт Кыргызстандын ысык аймактарында, айрыкча Жалалабатта көбүрөөк болоор эле. Эми карабайсызбы, Бишкектен да “каракурт чагып алды” деп келгендер көп болууда.
Врач ары жакта турган колбаны алды. Ичинде көргөндүн жүрөк үшүн алчудай капкара каракурт бар экен.
– Уулуу жандыктар чагып алганда ооруканага жеткиче кандай кылуу керек?
– Көпчүлүк адамдар дароо врачтарга кайрылбай ар кимдин айтканын кылып отуруп алып жатышпайбы. Кесип, күйгүзүп, дагы бирдемелерди койгон туура эмес. Жакшысы, дароо денени байлоо керек. Мисалы, колду чакса, ошол чаккан жерден өйдөрөөк жерди байлай салып, муздак суу менен жууп туруу керек. Шашып кеткендер чытырата таңып салып, ошол бойдон бизге жеткиче чечпей да коюшат. Ал да туура эмес. Маал-маалы менен кан айлансын үчүн бир аз бошотуп, кайра таңып туруу керек. Такыр кан жетпей калса, байланган мүчөнүн ткандары өлүп калышы да мүмкүн.
Бул бөлүмгө уулуу жандыктарга чактырып алгандардан тышкары арак ичип каны бузулгандар, өз жашоосунан аша кечип, уксус өңдүү уулуу заттарды ичип алып өлбөй калгандар, тамак-ашка уулангандар көп келишет. Биз түшкү уйку мезгилине туш келген экенбиз, палаталарды аралап, пациенттер менен сүйлөшө албай башка бөлүмгө жөнөдүк.

“КУДАЙДЫН БЕРГЕН КЫРСЫГЫ ЭКЕН...”
Күйүктөр борбору. Мында төшөктөн тура албай, көзүн ачып-жумганга гана шайы бар оорулуулар көп экен. “Түшкү уйку болсо, баары уктап жатышса керек” деп алгач чочулаганбыз. Коридордо бүрүшүп басып жүргөн чүкөдөй болгон орус кемпир биздин кебибизге аралаша кетти.
– Кайдагы түшкү уйку? Эптеп түнкүсүн кичине чырм этип алганга кубанабыз. Жаныңды курттай жеген дарт менен уктап болобу?!
Бөлүмдө түркүн адамдар, түркүн тагдырлар... Мындай кадамга эмне үчүн барганы бир өзүнө маалымдыр, бир жаш жигит өзүн-өзү өрттөп салган экен. Аман калып, кайгыга ууккан энеси сыздап ыйлап жанында карап отурат. Дагы бир палатада орто жашап калган аялы менен күйөөсү жатышыптыр. Чолпонатадан келишкен бул бүлө мончого түшүп жатып күйүп калышып, ал жактагы ооруканалардан жакшы натыйжа болот деп күтүшпөгөнбү, айтор, өзүлөрү келишкен экен.
– Кудайдын берген кырсыгы, дарты экен, кандай кылалы?! Мончодо жүргөнбүз. Кандайча болуп кеткенин билбейм, алоолоп күйүп турган мончонун мешинин үстүнө кулап калыптырмын. Дагы жакшы, жанымда жубайым бар эле. Ал ыйлап-сыктап, мени тартам деп жатып өзү да күйүптүр. Ийнени сайдырып алып, жолдо өлүп калсак айла жок, аман болсок, барганда көрө жатаарбыз деп Бишкекке, ушул ооруканага келдик. Абалыбызды көрүшкөн соң дароо эле кабыл алышты. Эмнесин айтайын, мындай чоң палатада 6 адам өзүнүн дарты менен алышып жатабыз. Айыгып, өзүнө келе баштаган адам биздин сыздап онтогонубузду угуп жатып эле кайра ооруп баштайт. Орун көбүрөөк болсо, жок дегенде бир палатага 2-3 адамды жаткырышса жеңилирээк болоор беле?! Врачтарга да рахмат, биз менен кошо жинди болуп кетпегендерине. Канчалык сыздап, онтоп, чатак салсак да, өзүлөрүн кармап, жай түшүндү­рүшүп, ооруну басаңдатуучу дарыларын куюп, колдон келген жардамын көрсөтүп жатышат.
Тышка чыкканда Чолпонатадан келген Муратбек байкенин мончодо эмнеден улам эсин жоготконун врачтардан сураштырдык. “Приступ берчүдөй олуттуу илдети деле жок экен. Жакында баш мээсин текшерүүдөн өткөргөнү жатат. Анын жыйынтыгын да карап көрөбүз. Ким билет, жашоодо көп нерселер болот эмеспи. Балким, казан-аяк кагышып, талашып-тартышып кетишкендир, себебин так айта албайбыз”,- деп жооп беришти.

“БУЛ ЖЕРГЕ ЖЫРГАГАНЫБЫЗДАН КЕЛИПТИРБИЗБИ?!”
“Ушунча келген соң кайрыла кетели” деп эми травматология бөлүмүнө кайрылдык.
Палаталарды аралап жүрүп бирөөсүнө башбаксак, жалаң аялдар жатышыптыр. Жөн-жайыбызды түшүндүрөөрүбүз менен баары өзүлөрүнүн маселелерин айтып киришти. Бутун кокустатып алып, 60 жаштагы Сагынбүбү апа Кочкордон келсе, көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулап кеткен Бишкектин тургуну Нарынкүлдү “Тез жардам” алып келиптир. Алардан оорукананын ал-акыбалын, врачтардын пациенттерге кылган мамилесин, эл ичинде айтылып жүргөндөй чын эле акча (пара) талап кылышабы, жокпу, сурай кеттик. Бактыгүл аттуу эже баласынын буту жамбашынан чыгып кеткенинен улам бул жерде жаткандыгын айтып келип: “Эми баласынан ким эле аянсын?! Тигинче сумма бер же жылкы, кой бер деп айтышпаса да, баламды жакшы карасын, операцияны жакшы жасасын, ыраазы болсун деп колубуздан келгенин алып келип врачтардын чөнтөгүнө салып беребиз. Ушул врачтардын колу жеңил болуп, айыгып кетсе ажеп эмес дейбиз да”,- деп кебин эми эле баштаган. Аңгыча кире бериштеги орунда жаткан улгайган апа: «Бул жерге жыргаганыбыздан келип жатыптырбызбы?! Келип алып “врачтар кандай мамиле кылышат?” деп сураштырганыңар кандай? Эптеп шыпаа таап айыгып кетели деп алардын колун карап жатсак, кантип аларды жамандап, алардын үстүнөн кантип арызданмак элек?!»- деп этек-жеңин каккылай сүйлөнүп кетти. Кантсе да жаны кыйналып отурган жан эмеспи, ичиндеги чыныгы оюн айтып алды.
Чын эле көздөрүн жалдырата “ушулардын колунан айыгып кетсем экен” деп жаткандар ооруканада кандай мамиле жасашса да макул болууга, чыдап коюуга аргасыз болушаары анык. Ошентип, оорулуулардын көпчү­лүгү шуу үшкү­рүнө ичтеги көйгөйлөрүн айта алышпады. Бир даары: “Сен жакшы, мен жакшы болуп гана жата беребиз, бири-бирибизге тийишпей”,- дешсе, дагы бирөөлөр: “Ээ, балам, колунда аргасы болсо кайсы эле пенде ушундай жерде жалдырап жаткысы келсин? Ооруканалар жөнүндө айтып, жазып не кыласыңар? Жакшысы, ылайым бизге окшоп мындай жайларга кайрылууга аргасыз болбогула”,- деп жатышты. Чын эле Жараткан “сактанганды сактайм” дейт тура. Адамдын денсоолугу ириде өзүнө керек. Демек, мындай куну жок байлыкка кайдыгер мамиле кылып, айрым замандаштар өңдүү баңги, арак, тамеки, дагы башкалары менен ууланбай, жөнү жок жерден мушташып, согушуп, жолдон машинаны “учурта айдайм” деп жатып аңтарылбай, бапестеп, жогоруда айтылгандай, ооруканадан алыс эле болгон оң.

Даярдаган Шаиста Шатманова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 247, 27-июль-2-август, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан