“АЗЫКТАР МЕНЕН КОШО КЫМБАТТАГАН СОЙКУЛАР»

“АРЗАНДАРДЫН” УЮГУ “ОШ БАЗАРЫ” МЕНЕН “ДОРДОЙДО”
Демейде аарынын уюгундай кайнаган базарларда издегениңдин баары болот эмеспи, анын ичинде денесин сатып иштегендер дагы. Андыктан алгач «Дордой» жана «Ош базарынын» айланасын көрмөкчү болдук.
“Дордой” тараптагылар шаарды түндүк тарабынан айланып өткөн жолдо турушат экен. Бул уюктун кыздары какыраган жолду күзөтүп, токтогон машинаны көздөй жабалактап чуркап келишет. Алардын чандасын гана шаар ичиндеги мейманканаларга алып барышпаса, көп­чү­­лү­гү ошол келип токтогон “КамАЗдарга”, атү­гүл жолдон буйткараак жерлерге деле жетелешип кете беришет. “Ишти” бүт­көн соң жуунмак түгүл чайканып алууну деле ойлошпойт сыңары.
Биздин машина токтоор замат үчөө жүгүрүп келип калышты. Аркы-беркини сурамжылагыча эле арыдан: “Качкыла, сүрөткө тартып жатышат!”- деп бакырышып, бири-бирине баштарын калкалай жүздөрүн жаап үймө­лөктөшүп калышты. Кенен сүйлөшүүгө минтип шарт болбой калганынан «Ош базарын» көздөй жөнөдүк.
Бака-шака түшкөн Кулиев көчөсүнө биринчи ирет келген адам бул кыздарды “ушул көчөдө жашагандар экен” деп ойлошу турган иш. Kылаарга иши жоктой көрүнгөн алар – ушул аймактын сойкулары. Болгон жумуштары – эртеден-кечке ошол туштагы таксисттер, “КамАЗ” айдоочулары менен айтышып, тамашалашып, сөгүшүп дегендей, кардар күтүп тура бермей.
Аларды божомолдоп билип алып, кепке тартмакчы болуп бет алганыбызда ачык турган дарбазадан чыга берген эки кыз жулмалаша мушташып кетишсе болобу?! Баамыбызда, биринин кардарын экинчиси тартып кеткен өңдүү. Ажылдап бакырып жаткан экөөнө жакын бара албай арыда тиктеп турган таксисттерге кайрылдым.
– Булар куулук-шумдугу жок айылдыктар же баш көтөрбөй курулуштарда иштеп, эми эс алмакчы болуп “кыз” издеген кардарлар келсе сүйүнүп, бири-биринен талашып кетишет. “Эмне үчүн талашасыңар?” деп сурасак, “алдап акчасын шылып алганга да, курсагыңды жакшы тойгузганга да болот. Колундагы акчасын аяшпайт. Көрүнгөн талапты айтып кыйнашпайт” дешет.
– “Ушундан көрө күйөөгө тийип, тынч оокат кылбайсыңарбы” деп калабыз айрымдарына. “Эмне, алам деген эч ким болбосо, жардам бере турган киши да болбосо, “ачкадан өл” дегени турасыңбы?”- деп кайра беттен алышат. Саатына 100 сом, бир түнгө 500 сомго иштешет. “Ачкадан өлөмбү?” дегендери – жөн эле шылтоо. Ушуларга эле жашташ далай кыздар татынакай болуп эле иштеп, адал эмгеги менен күн көрүп жатышпайбы,- деп кыздарды сындап киришти.
Сындаганыңарга макул, бирок, сырдашканыңарга караганда, мамилеңер жакын болсо керек...- деп суроо узаттык бакылдаган бирөө­сүнө.
– Ой, ушул кыздар менен мамилем жакын деп айтып болобу? Эркек болгон соң эми ала жипти аттап койгон учурларыбыз болот. Анан мындай “кыздар” менен сүйлөшүп коёбуз да. Кудай өзү кечирсин, болгон ишти айттым-койдум. Дагы сүрөтүм менен кошо бакыйтып гезитке чаптап, аялым менен уруштуруп жибербегиле!- тамашакөй жан экен, аты-жөнүн сураганыбыздан улам колдору менен кулагын жаап алып качып кетти.
Ушул тегеректе төбөсү зорго кө­рүнө жепирейген тамдар, арасынан сороюп көрүнө калып жаткан эки кабат үйлөр бул кыздарга батир да, кардарларды тей­лөөчү конок үйү да болуп кызмат кылаарын билдик.

“БАЙТАЛ БАЗАРДЫН” БААЛАРЫ КЫМБАТ
Ушундай эле көрүнүшкө Правда көчөсүндөгү айтылуу “көпүрө базарында” да туш болдук. Айрымдар бул жерди “байтал базар” деп да атап жү­рү­шөт. Бул жердегилерде деле эч бир жазгануу, тартынуу деген жок. Ыйык деп, аялуу деп табияттан берилген аруу жерлерин койдун этиндей соодалашып, атүгүл биринин соодасын бири бузуп, токтогон машинадагыларга шыйпаңдашат тимеле. Бизге басып келген айым менен сүйлөшө кеттик.
Канча?
– Саатынабы же бир түнгөбү? Негизи, саатына 300-400 сомдон, бир түнгө 1200-1300 сомдон. Кайсы жакка алпарасыңар?
Кантка.
– Ой, тапкан экенсиңер, келесоону! Алдап “бир бала, эки бала” деп алпарып, анан он, жыйырмаңар кезекке туруп аласыңар.
Макул, урушпай коё тур. Өзүңөр кайда баралы демекчисиңер?
– Мобул үйдө, Витебск жактарда точкаларыбыз бар,- машинага жөлөнгөн кыз колун жаңсай көп кабаттуу үйлөрдүн бирин көрсөттү. – Ушул үйдүн сегизинчи кабаты бүт биздики.
Эмне, “мамашаңардын” менчигиби?
– Жок, бирөөсү биздин “крышаныкы”, калганы жөн эле квартирага берип иштешет.
Бир түнгө 1300 болсо, мейманкананын акысы да ошонун ичиндеби?
– Бир кыз 1300дөн. Мейманканага бир түнгө 500-800 сом төлөйсүңөр. Саатына 100-150 болот.
Эмне, ошончо эле кымбат болуп кеткенсиңерби?
– Эй, балакай, сен эмне уктап жатасыңбы? Бир даана нан 8-9 сомго чыгып жатса, беш тоголок картошкаң эле 20 сом болуп жатса, анан биз да кымбаттайбыз да. Башты оорутуп, убакытты кетирип эмне кыласың? Давай, кеттик. Түн­кү 11-12ден тартып саатына иштегибиз келбей калат. “Түн­гө ал” деп баштайбыз, акчаң жетпей айлаң кетип жүрбө?!
Аркы-беркини сурамжылап жаткан биздин кызматкерди “батынбай жатат” деп ойлодубу, шарт эле эшикти ачып машинага отурмакчы болду. Артта отурган мени, фотоаппарат, видеокамераны көрүп, мындайды күтпөгөн неме турган жеринен ашатып сөгүп коё берди.
– Козёлдор десе! Эмне, сүрөткө тартып жатасыңарбы? Тарт! Кандайынан тартасың?
Бакырып-өкүрүп, машинаны тепкилеп кирген кызга арыда тургандар кошулуп кетишти. Көзүң жамандыкты көрбөсүн, экилене басып, түтүндү асманга үйлөп тургандар кыйкырышып, бир даары буту-колун көргөзүп, арактан башы ооруп отурган бирөө­сү бар экен, колундагы бөтөлкө менен машинаны чаап калды. Мынчалык агрессияны күткөн эмес элек, бул жерден кеткиче шаштык.

“ЖИВОЙ” АНЕКДОТ...
“Көпүрө базарга” караганда Цирктин айланасында соода жакшы эмес экен. Жол жээгиндеги төрт-беш павильондун ичинде жыйырмадай кыз кардар күтүп отурушат. Экөө аялдаманын отургучунда теңселе арак ичип, сууну закүскө кылып отурушуптур. Биз ошол экөөнүн жанына бардык.
– Эмне, кыз керекпи? Булчу, жаңылардан го?!- деди мага сөөмөйүн кезей теңселип.
Ии, жаңы кыз алып келдик. Кошосуңарбы тобуңарга?- деп биздин жигиттер ого бетер тамашалап киришти.
– Аны эмне бизге айтасыңар? Тигил “мамашаларга” барбайсыңарбы.
Сурап, билип алалы деп жатабыз да. “Новичкаларды” кыйнап койбойсуңарбы?
– “Мамашалар” жаңыларды жан деп алышат. Силерди кардар экен десе...
Конкуренцияны көбөйтүп дегени турасыңбы? Жок, бааларды билгени келген элек.
– Саатына 300-400, түнгө окончательно 1100.
Азыр орозо айы. Жок дегенде бир ай иштебей орозо кармап, дилиңерди тазартсаңар болбойт беле?
Биздин жигиттин суроосу ушунчалык күлкүлүү угулду белем, бөтөлкө кармап отурган кыз чалкасынан кетип, үнүнүн болушунча каткырып кирди. Тимеле санын чаап, көзүнөн жаш чыккыча каткырса болобу? Арыда турган шериктерине, ошол аймакты кайтарып турган күзөт кызматындагыларга да айтып түгөтө албай жатты.
– Ой, боорум. Анекдот, “живой” анекдот!..
Ооба, орозо, уят-сыйыт, абийир жөнүндө кептер бул кыздарга “живой” анекдот болуп угулаары анык. Ошентсе да бул чөйрөдө орозо кармагандар жок эмес экен. Дайыма Цирктеги бул уюкта турган таксист Ороз байке таңданганын жашырган жок.
– Элестеткиле, өзү кыздарды сатып иштеп жатып бул жердегилердин бир “мамашасы” орозо кармап алыптыр. “Ээ, койсоңчу, кылган ишиң бул болсо, анан кайсы арыңа орозо кармайсың?” десек: “Менден жаман иштерди жасап деле чоңдор жүрү­шпөйбү, тимеле мечиттерге барып, момун көрү­нүшүп”,- дейт кебелбей.

“АЛАРДЫН БИЗДЕН ЭМНЕСИ АРТЫК?”
Цирктегилерге “живой” анекдот болуп берип, эми шаардын борборун көздөй жөнөдүк. Учурунда “Моссоветте”күүгүм киргенден тартып кызуу соода жүрчү эмес беле. Шаардык администрация, милиция кийлигишип жатып араң таратышкан бул жердеги базарды. Эми ошол эле тегерекке, Токтогул-Совет көчө­лөрүнүн кесилишине жоон топ сойкулар келип алышыптыр. Сойкуларды тегеректеген эркектер, жол жээгине батпай тыгылышкан таксилер бул уюкта соода жакшы экенин далилдегенсийт. “Кандай кыздар болду экен?” деп саресеп салсак, көпчүлүгү 16-20 жаштын ортосундагылар. Бирөөсүнөн “Көп жыл иштегендер да барбы?” деп сурасак: “Үч-төрт жыл иштегенде эле “крышаң тайып” калат. Анан соодаң жүрүшпөй, араба түрт­көндөрдү тейлеп каласың. Беш жыл иштегендер деле жү­рүшөт. Атү­гүл биринчи курстан тартып окуусу бүткүчө иштеген студенттер бар. Дайыма келишпесе да, акча керек болгондо келип иштеп кетишет. Алардын айрымдары өзү­нөн улуу, акчасы көп кишилерге ойнош болуп алышат да, бул жайларга келбей калышат. Мисалы, мен да студентмин. Сырттан окуу бөлүмүнө которулбай эле сабакка каалаганда барып, минтип акча иштеп сессияларды бүтүрүп жүрөм. Акчалуу, менин жаштыгыма кызыккан киши чыгып калса, мен деле бул уюкка келбей калсам керек эле. Көчөдө турганыбыз үчүн эле бизди жамандай бересиңер. Сауна, мейманкана, түнкү клубдарда канчалаган кыздар иштешет “по вызову” дешип. Алар кычырап кийинишет, машина айдашат, жакшы шарттарда жашашат. Өзүлөрүн элита сезишет. Турган жерлерибиз эле окшобогону менен айланып келип кылган ишибиз бир. Эмне үчүн аларды жазбайсыңар? Алардын бизден эмнеси артык?"- дейт күйүгө.
Жооп таба алган жокпуз. Кийгени, ичкени, тейлеген кардары, көрсөткөн кызматы үчүн алган акысы эле айырмалуу болбосо, чын эле баарынын маңызы бир эмеспи. Биз көчө бойлоп, ачык тургандарын эле көргөнүбүз ушунча болду. Кантсе да жолун таап калсак, кийинчерээк элитадагы түнкү көпөлөктөр жөнүндө жазмай болдук.

Даярдагандар: Шаиста Шатманова, Турусбек Аттокуров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Baialy
2017-04-04 14:49:34
Кудайым ынсап берсин
0
№ 256, 28-сентябрь - 4-октябрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан