«КЫЗЫЛ ШАПКЕЧЕН КАРАКЧЫ»

Күндүз милициянын кызыл шапкесин кийип, "эл коргоп" жүргөн бул эргул түнкүсүн эмне иш менен алектенээрин эки шеригинен бөлөк эч ким билчү эмес. Отузга жашы жете элек бул сулуучумак жигиттин моюнунда жети адамдын каны жатканын кесиптештери кечигип билишти.

КӨЗ КАРАШЫ МУЗДАК ЖИГИТ
Исанын атасы кыркка жетпей эле каза таап, энеси беш жашар уулу, эки жашар кызы менен кала берген. Чиедей балдарын элден кем кылбай багам деп энеси эмнелерди гана көрбөдү. Иса да далай азапты энеси менен кошо тартып, тиричилик, акча дегендин кадырын эрте билди. Акча, кийим-кече, тамак-аштан өксүк болуп калган кездеринде "чоңойгондо милиция кызматкери болом, апама көп акча таап келип берип турам" деп кыялданаар эле. Негедир ошол кездерде кичинекей Исага милиция кызматкерлеринен өткөн абройлуу, акчалуу адамдар болбочудай туюлган экен. Айтканынан кайтпаган көктүгү менен бул тилегине жетпей койгон жок. Исанын ИИМ академиясына эч бир колдоосуз, акча бербей туруп өтүп кеткендигине баары таңкалышкан. Атүгүл "эң эле коррупцияга баткан, акчаны көп талап кылат" деген атагы бар бул окуу жайындагы мугалимдер да Исага ашыкча тийише албай, жалтанып турушчу. Адамды карышкырчасынан качыра тиктеген бул жигиттин көз карашында эч бирөөнү аябачудай муздактык бар эле. Окууну жакшы аяктады. Академиядан шаардагы РИИБдердин бирине кызматка бөлүнүп, ошол жерде иштеп калды. Кыйынчылыкты болушунча тарткан энеси үчүн да, өзү үчүн да жумушка орношуп калышы өзгөчө жакшы окуя болду.
– Каримов, менин кабинетиме!
Күзөттө отурган Иса шефинин үнү чыкканда чочуп кетти. Балачагы, андан берки жылдары көз алдына тартылып, кайсы жерде отурганын саамга унута түшкөн тура. Шашып күзөтканадан чыгып, шефтин кабинетине кирип барды.
– Кел, отур, сүйлө. Иштер кандай?
Жөн-жай чакырып алып минтип акыбал сурамай адаты жок эле, бу шефке эмне болгон?
– Сени чакырганым мындай. Билесиң, кылмыш издөө бөлүм башчысынын орун басарынын орду бош. Ойлонуп, баарыңа көз салып отуруп сага токтолдум. Жаш болсоң да стариктердин колунан келбеген иштерди бүтүрдүң. Кыйын экенмин деп эдиреңдеп көөп кетпей, жакшылап иштеп көр. Сөзүмө түшүндүңбү?
– Түшүндүм. Ишеним көрсөтсөңүз, аны актаганга аракет кылам.
– Ырас, мен сени бул орунга көтөрүп жаткан соң ишенимди акташың керек. Анда жумушка кирише бер.

ТЕТИРИ ЖОЛДУН БАШТАЛЫШЫ
Кудай берди деп ушул кызматка топук кылып тынч иштеп кете берсе, жашында тилек кылгандай, абройлуу, акчасы көп адам болбос беле. Бирок, дээринде дымагы күч Иса буга ыраазы болгон жок. Шоруна бүткөн кыштын бир күнүндө Лёша аттуу жигит менен таанышып калды. Таанышып калды десек натуура болоор, таксисттерди тоноонун кыныгын тапкан бул кылмышкерди кармап алды. Иса иштеген райондук милицияга бир таксист келип, жүргүнчүсү бычак менен кол салып, машинасын тартып алып, өзү эптеп аман калгандыгын айтып арыз жазган. Ошол арыздан улам шектүү жигитти текшермекчи болуп бир кафеге барган. Кандай шайтан айдап барды десең?! Ошол жерден Лёшаны кармап алды. Дароо эле байкады жанагы таксистти ушул жигит карактаганын. Шыпылдап, тимеле колдон суурулган неме экен, коркуп да койбой, тескерисинче, Исаны ээн жерге жетелеп: "Братан, өзүбүзчө сүйлөшүп алсак кандай болот?"- деп кирди. Кенедейинен тартыш турмушту баштан кечирген Исаны шылуун жигиттин чөнтөгүнөн чыгарган каргашалуу акчасы азгырып кетти.
Лёша бир досу менен шаардан такси кармап, алдап айдатып алып ээнирээк жерге келгенде айдоочуну күм-жам кылып салып, машинасын тетиктерге ажыратып сатып иштешчү. Ошол түнү Исага 500 доллар сунуштап, экөө тил табышкан соң Бишкектин четиндеги бир үйгө алпарып, шериги Мирлан менен тааныштырды. Үйдүн короосунда "Ауди" туруптур. Экөө жапжаңы "Аудини" алеки заматта тетиктерге ажыратып салышканын көрүп, Иса таңкала оозун ачып калды. Кыйды Лёша анысын байкап, тигини далыга таптай өз ишине корстон боло:
– Ничего, дос, ыгын тапсаң, өмүрдө эч нерседен кем болбой жашаганга болот. Адамдар ансыз деле оттон, суудан өлүп жатышпайбы. Жашоо өзү ушундай. Бирөөнүкүн тартып албасаң, сеникин башкалар тартып алышат. Өзүң ойлоп көрсөң, чистый прибыль болуп атпайбы! Бирөөдөн товар сатып албайсың, банкрот болуп калам деп коркпойсуң. Артыңдан илинчек калтырбасаң болгону,- деп жылмайып алды.
Машина үчүн карабашыл кишилерди өлтүрүп, анан бул жоругуна маашырлана чоң атадай сүйлөп жаткан Лёшага жини келип кетип, Иса аны көмөлөтө бир койду.
– Угуп кой, бала! "Акча берип койсом эле болгону" деп жатасың го. Билсең, адам өлтүрүү бизнес эмес! Ал – кылмыш!
– Билем! Оор кылмыш экенин билем. Бирок, мен адамдарды жек көрөм. Кенедейимде, багаар-көрөөрү жок жетим калганымда бирөөсү кылчайып карап койгон эмес. Башкаларды айтпайын, атамдын карындашы асырап алгысы келбей, мени балдар үйүнө өткөрүп жиберген. Менин көрбөгөн кордугум калган эмес. Адалсынбай коё кал! Органда иштеп, погон тагып жүргөнүңөр эле болбосо, силердин араңарда менден өтө кеткен кылмышкерлер бар!
Бирин-бири былчылдата сабап, мушташып жаткан экөөнү Мирлан араң ажыратты. Эмнеден улам бул шыпаналарга кошулду? Сыягы, Лёшанын да жетим өскөнү, анын да өзү сыңары далай азапты көргөнү кандайдыр бир тартылууну пайда кылды окшойт. Алгач жөн гана тигил экөөнө «крыша» болуп калкалап, өзүнүн «долясын» алып жүргөн. Бара-бара экөө менен кошо "ууга" да чыга баштады. Болгону, РИИБден берилген табелдик тапанчасын албай, бирөөдөн сатып алган тапанчасы менен чыгат. Үчөө сегиз айдын ичинде эле жети машинаны тетиктерге ажыратып, сатып жиберишти. Ал эми бейкүнөө жети пенде шаардын сыртында, ээн колоттогу чуңкурда жатышкан. Жетөө тең Иса аткан октон каза табышкан эле.

"АРАБЫЗДА СТУКАЧ ЖОКПУ?"
– Башка кылмыштарды жакшы ачып жатасыңар. Кашайып, ушул таксисттердин ишин эле бүтүрө албай койдуңар. Эмне, ошончо эле кыйын кылмышкер бекен? Бирөө болсо да макул, жети кишинин өлүмү жатат ачылбай!
Опер топту кабинетине чогулткан РИИБдин башчысы оозунан көбүк чачырагыча бакылдап урушуп, бир жумалык убакыт берди да, баштары шылкыйган кызматкерлерди кабинетинен кууп чыкты.
– Негедир ушул иш түшүнүксүз болуп туюла берет. Биздикилерден бирөө стучать этип коюп жаткан жокпу?
Башын кашый ойлонуп бараткан кесиптеши Бакыттын кебинен Исанын эти жыйрыла түштү.
– Кайдагы кепти айтпасаңчы?! Шефтен сынайын деп араң чыккан баштын калганын эми сен оорутканы турасыңбы?
– Жок, өзүң деле ойлоп көрсөң. Биздин кандай иш-аракет кылганыбызды, атүгүл ар бир кадамыбызга чейин алар билип тургандай. Ай, билбейм, жаңы жылга карата майордук чин беришет го деп үмүт этип жаттым эле. Эми бул иш ачылбаса, чин алмак тургай кызматтан айдалбасак болгону.

АТЫЛБАЙ КАЛГАН ОК
Кесиптеши Бакыттын кеби күнү бою эсинен кетпей кыйнай берди. "Айла жок болуп баратса, арактан көзү ачылбаган ичкичтердин бирөөсүн кармап келип моюнуна илип салганга аракет кылайын. Байкашпайт деп жүрө бергенге болбойт. Тигил экөөнү Казакстанга жөнөтүп жиберсемби? Мен бул жакты бир нерсе кылып тынчыткыча жүрө турушсун". Ичинен мындай планды ойлонуштуруп жатып кандайча Лёшанын үйүнө жетип калганын да байкабай калыптыр. Кайран эргулдар карта ойноп отурушкан экен.
– Оюнуңарды токтоткула, сөз бар.
– Тынччылыкпы?
Исанын үнүнөн чочулаган экөө алаңдап шашып калышты.
– Тынч эле. Отургулачы, алаңдабай. Акылдашып алалы. Силер бир-эки айга бул жактан кете турбасаңар болбойт окшойт.
– Эмне, жыт алып калыштыбы?
– Мен чогуу иштеп жүрсөм жытты кайдан алышмак эле. Бирок, көңүлүм негедир тынчыбай жатат.
– Биротоло тынчыбай калды окшойт, жолдош капитан! Бул жерден шериктериң да, өзүң да чыга албайсыңар. Колду көтөргүлө!
Оозгу бөлмөдөн тапанча кезей кирип келген Бакыт менен дагы үч кесиптешин көргөндө Исанын көзү алайып кетти.
– Эмне эле бул тоногучтар куйругунан карматпайт дейм да. Көрсө, биздин улуу урматтуу капитан башчылык кылып жүргөн тура. Шекшигенибизге көп болду. Ишене албай, батына албай жүрбөдүкпү.
Бакытты жанына жолотпой, көз ирмемдин ичинде Иса да тапанчасын алып кезеп калды.
– Эмне, кесиптештериңди атасыңбы? Тышта да балдар бар. Ошолордун баарын тигил бечара таксисттерди аткандай кылып атып таштайсыңбы?
Чын эле көптөн бери чогуу иштеп, чогуу ойноп, бир нанды бөлө жеп жүргөн кесиптештерин, теңтуштарын кантип атат? Тапанча кармаган колу калтырап барып, оор онтоп алган Иса шалак эте жерге отуруп калды.

Даярдаган Айбек Нурадилов, Сүрөтчү Ренат Мамытбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 263, 16-22-ноябрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан