ЭЛДИК ЫҢКЫЛАПКА 3 ЖЫЛ ТОЛДУ

2005-жылдын февраль айында болгон депутаттык шайлоолор өтө ыплас өтүп, эл колдогон адамдар мамлекеттик машинанын арты менен четке сүрүлүп, депутаттык мандаттарынан ажыраган. Мындай адилетсиздикке күбө болгон карапайым калк түп-тамыры менен көтөрүлүп, ар бир региондордо нааразычылык акцияларын өткөрө баштаган. 24-март күнү өлкөнүн ар бир бурчунан чыккан эл толкуну Бишкекке чогулуп, бийликти сүрүп түшкөн. Төмөндө ошол тарыхый күндөрдүн хроникасы...

24-МАРТКА ЧЕЙИН...
23.02.2005. Шаршемби. Кочкор районунун эли Бишкекке өтчү бардык жолду тосуп, кан жолго 23-февралда алты боз үй тигишкен. 5000ге чукул пикетчилерге район акими Тариэл Айтбаев келип жолукту. Чогулгандар «сот келмейинче акимди эч кайда кетирбейбиз» деп Тариэл Айтбаевди кармап турушат. Пикетчилер талапкерлер Акылбек Жапаров жана Бейшен Болотбековдун талапкерлигинин кайра калыбына келтирилишин, аким жана губернатордун кызматтан кетишин талап кылып жатышат. Кочкор райондук соту Алжанов жана губернатор Шамшыбек Медетбеков чогулган эл менен азырынча жолуга элек. Кочкор районунун алты айыл өкмөтүнүн башчылары чогулгандарга келишип, эл менен бирге экендиктерин билдиришти. Ал эми Каракечеден Бишкекке көмүр сатып келе жаткан элүүгө чукул автоунаанын шоопурлары алты күндөн бери суусуз, тамак-ашсыз турушат.

24.02.2005. Бейшемби. Эки күнгө созулган митинг жана жол тосуулардан кийин шайлоодон четтетилген Акылбек Жапаров жана Бейшенбек Болотбековдун жактоочулары Кочкор райондук акимиатын басып алышты.

  • Шайлоодон четтетилген Арслан Малиевдин жактоочуларыТоң райондук акимиатын ээлеп алышты.
  • “Азаттык” радиосунун он миңдеген кыргызстандыктар угуучу толкуну бийлик тарабынан өчүрүл­дү.

25.02.2005. Жума. Чындыкты чагылдырган массалык маалымат каражаттарына бийлик тарабынан бут тосуу аракеттери улантылды. Оппозициялык багыттагы интернет барактарына кирүү татаалдашты.
27.02.2005. Жекшемби. Парламенттик шайлоо күнү. 75 депутаттык орун үчүн 400дөн ашык талапкер ат салышууда.
28.02.2005. Дүйшөмбү. Жогорку Кеңешке шайлоонун биринчи туру аяктап, 31 талапкер жеңишке жетишти. Алардын арасында Айдар Акаев да бар. Жеңишке жетишкендердин көпчүлүгү бийликке караштуу “Алга, Кыргызстан!” пар­тиясынын мүчөлөрү, ал эми оппозициянын өкүлдөрү саналуу гана. Бермет Акае­ва 2-турга чыкты.
01.03.2005. Шейшемби. Карасуу, Араван шаарларында шайлоодон утулган талапкерлердин жактоочулары нааразылык аракеттерин уюштурушууда.
04.03.2005. Жума. Саат 10:00дө социалдык курамы дыйкандар, жумушсуздар, студенттер, мугалимдер, мекеме кызматкерлери, соодагерлер, алтургай милиция кызматкерлеринен турган 600гө жакын митингчилер Жалалабат облустук мамлекеттик администрациясынын алдындагы аянтка чогулушту. Облустук бийлик жетекчилеринен бир да адам басып келип эл талабы менен эсептешпеди. Милиция кызматкерлерин элдин алдын тостуруп тизип коюшту.
Саат 13:00гө чукул “Акаев токтоосуз отставкага кетсин!”, “Эл бийликке ишенбейт!” деген плакаттарды көтөргөн митингчилердин саны 2000ге жетти. 13:15те кыжырланган эл катар турган милицияны сүрүп, облустук бийликтин имаратына кирип барды.
Экс-депутат Бектур Асанов элди бийликке каршы жарандык согушка үндөдү.
05.03.2005. Ишемби. Жалалабат облусунун губернатору Жусупбек Шарипов жумушуна кире албай калды. Облустук администрация имаратынын ичинде 100дөн ашык адам, сыртында 500гө жакын адам нааразычылык акцияларын улантышты. Губернатордун элди тынч­тандыруу аракети ишке ашкан жок.
06.03.2005. Жекшемби. Бишкек. Оппозиция лидерлери эски парламенттин кезексиз жыйынын чакырууну, президенттик шайлоону мөөнөтү­нөн мурда өткөрүүнү талап кыла баш­таш­ты.
Жалалабат. Кыргызстан Элдик Кыймылынын лидери, Караүңкүр округу боюнча 2-турга чыккан талапкер Курманбек Бакиев митингчилерди Акаевдин бийлигин кулатууга чакырды жана аянтта элди курчап турган милиция кызматкерлерин эл тарапка өтүүгө үндөдү.
Нарын. Ишенбай Кадырбековдун жактоочулары облустун губернатору Шамшыбек Медетбековду барымтага алышты.
07.03.2005. Дүйшөмбү. Турсунбек Акундун кийлигишүүсү менен митингчилер Нарындын губернаторун коё беришти.
Өзгөн. Адахан Мадумаровдун жактоочулары райондук акимчиликти ээлеп алышты.
09.03.2005. Шаршемби. Ош. Каракулжадан келген 200дөн ашык Дүйшөн Чотоновдун жактоочулары облустук администрациянын алдында мөөнөтсүз митинг башташты.
10.03.2005. Бейшемби. Нарын. 500гө жакын И.Кадырбековдун жактоочуларынын облустук администрацияны басып алуу аракети ишке ашкан жок.
11.03.2005. Жума. Нарын. Милиция И.Кадырбеков менен Т.Акундун жактоочуларынын нааразылык акциясын күч менен таратты. Бир аял жаракат алып, кыркка жакын адам кармалды.
13.03.2005. Жекшемби. Шайлоонун 2-туру жүрүүдө.

  • Он күнгө жакын облустук акимчиликти ээлеп турушкан жалалабаттыктар Бишкекке жөө жүрүшкө чыгууну ойлошууда.
  • Нарындан Бишкекке жөө жү­рүш баштап келаткан Т.Акун милиция кызматкерлери тарабынан кармалды.
  • Шайлоо аяктай электе эле Бермет Акаеванын жеңишке жетишкени тууралуу маалымат пайда болду.

14.03.2005. Дүйшөмбү. Шайлоонун 2-туру аяктады. Жогорку Кеңешке дагы 38 депутат кошулду. Алардын арасында оппозиция бирин-серин.
15.03.2005. Шейшемби. Талас. Равшан Жээнбековдун 5000ден ашык жактоочулары облустук администрацияны ээлеп алышты.
Өзгөн. Адахан Мадумаровдун тарапкерлери кайрадан акимчиликти ээлешти.
Жалалабат. Элдик Курултайдын катышуучулары шаардын аянтындагы Аскар Акаевдин сүрөтүн алып салышты жана облустун элдик губернатору кылып Жусуп Жээнбековду шайлашты.
16.03.2005. Шаршемби. Базаркоргон. Райондук акимчилик нааразы болгон элдин колуна өттү.
Кочкор. Акылбек Жапаровдун жактоочулары райондук администрацияны ээлеп алышты.
17.03.2005. Бейшемби. Кочкор. Райондун эли жалалабаттыктардын үлгүсүндө өздөрүнүн “элдик акимин” шайлашты.
18.03.2005 Жума. Ош. Жүздөгөн адамдар милициянын тосмосун жарып өтүп, облустук администрация имаратын ээлешти.
19.03.2005. Ишемби. Ош. Анвар Артыков Элдик Курултай тарабынан Ош облусунун элдик кеңешинин төрагасы болуп шайланды.
20.03.2005. Жекшемби. Ош. Жалалабат. Таңкы саат беш. Спецназ жана милиция оппозиция тарабынан ээленген облустук акимчиликтерди күч колдонуу менен бошотту. Ондогон адамдар жаракат алып, жүздөгөн адамдар камакка алынды. Камалгандардын арасында Анвар Артыков жана башка оппозиция лидерлери да бар. Бир нече адамдын өлгөнү тууралуу имиштер тарады.
Бишкек. Кыргызстан Элдик Кыймылынын төрагасы Курманбек Бакиев оппозициянын активисттерин чукул кеңешмеге чогултту. Бакиев бүткүл оппозиция күчтөрүн Жалалабат шаарына багыттоого буйрук берди.
Жалалабат. Түшкү саат он эки. Шаардын кире беришине 30 миңге жакын оппозициянын жактоочулары чогулду. Түшкү саат бир. Бийликтин күч колдонгонуна кыжырданган эл шаардын борбору тарапка бет алды. Алдынан тосуп чыккан милиция күчтөрү чегине баштады. Облустук администрация имараты кайрадан элдин колуна өттү. Шаардык милиция бөлүмү өрт­төлдү. Жергиликтүү күч органдары эл тарапка өткөндүгүн жарыя кылышты. Кечинде Бишкектен кошумча күч келбеши үчүн шаардын аэропортуна шагыл төгүлдү.
21.03.2005. Дүйшөмбү. Ош. Облустук администрация имараты кайрадан элдин колуна өттү.
Бишкек. Нооруз майрамы бул ирет мурдагыдай шаан-шөкөт, президенттин аянттагы сөзү менен коштолгон жок.
22.03.2005. Шейшемби. Аскар Акаевдин өлкөнү таштап качып кеткени тууралуу имиштер тарай баштады.
23.03.2005. Шаршемби. Жалалабатта нааразычылык акциясы дале уланууда. Митингге 5000ден ашык адам катышты. Ошондой эле митингге атчан адамдар келип кошулду. Облустагы эл бийлигинин маалымат кызматы билдиргенине караганда, Жалалабат, Базаркоргон, Ноокен аймактары, облустук улуттук коопсуздук кызматы эл бийлигинин колуна өттү. 20-мартта спецназ тарабынан токмок жеген 62 адам ушул тапта медициналык жардам алууда. Ок тийген эки адамдын биринин абалы оор.

  • Президент ИИМге Кеңешбек Дүйшөбаевди министр кылып дайындады. Жаңы министр өлкөнү башаламандыкка түрт­көндөрдү аёосуз жазалай турганын жарыя кылды.
  • Бишкектеги ЦУМга жакын аянттагы оппозиция митинги күч колдонуу менен таратылып, уюштуруучулар камакка алынды. Митингди таратууга «ак кепкачандар» активдүү катышты.
  • Оппозициянын колуна өткөн өлкөнүн түштүк тарабынан ондогон автобустар Бишкекти карай багыт алганы тууралуу имиштер пайда боло баштады.
  • Саясатчылар А.Мадумаров, Р.Жээнбеков, М.Эшимканов, парламенттин депутаттары Ж.Сатыбалдиев, К.Байболов, оппозициянын жана парламенттин айрым өкүлдөрү 23-март күнү “Хаят” мейманканасында жолугушуу өткөрүшүп, анда түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун жолдорун талкуулашты. Жолугушууда президент А.Акаев өкмөттү отставкага кетирүү, сот, прокуратура, Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилерин, губернаторлорду кызматынан кетирүү, үч айдын ичинде президенттик шайлоону өткөрүү, талаш-тартыш жаралган округдарда кайрадан парламенттик шайлоо өткөрүү талаптарын коюунун зарылдыгы тууралуу макулдашылды. Жогорку Кеңештин он чакты депутаты жыйындан соң мындай талаптарды билдирүү үчүн президет А.Акаевге жолугушуу максатында Ак үйгө барышты. Бирок, алар премьер-министр Н.Танаев жана президенттик администрациянын башчысы Т.Касымов менен кездешкени менен аларды президент А.Акаев кабыл алуудан баш тартып койду. Оппозициячылардын көз карашы боюнча, “Акаев өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салууга аракет жасабай жатканын көрсөттү” деп бааланды.

24-МАРТ КҮНҮ...
24.03.2005. Бейшемби. Бишкек.
8:00.
Жеңишбек Назаралиевдин медициналык борборунун жанында кызгылтым, сары түстөгү плакаттарды кармаган миңдеген адамдардын митинги башталды. Медициналык борбордун чатырынын үстүндө оппозиция лидерлери бийликке каршы кескин сөз сүйлөштү.
8:30. Ак үйгө ИИМдин жана аскер кызматкерлери топтоло башташты. Атайын каражаттардан пластикалык калканч жана резина дубинкалар гана бар. Курал-жарак жок.
10:15. Элдин топтолгонун байкоо үчүн шаар үстүндө вертолёттор учууда. Мамкатчы Осмонакун Ибраимов өз арызы менен кызматтан кеткени маалым болду.
11:00. Медборбордун жанына топтолгон элдин саны чукул өсө баштады. “Баткен облусу эл бийлигине өттү” деген маалымат тарады.
12:00. Ахунбаев-Алматы көчөлө­рүнүн кесилишинде Алмазбек Атамбаев жана башка оппозиция лидерлери катышкан митинг башталды. Ошол эле учурда К.Бакиев, И.Болжурова, А.Бекназаров, Р.Отунбаева жана башка оппозиция лидерлери он миңге жакын адамдан турган колоннаны жетектеп, медборбордон Алатоо аянты тарапка жөө жөнөштү.
12:30. Президент кортежи өтө чоң ылдамдыкта Ак үйдүн территориясынан узады. Ушул убактан баштап президент А.Акаевдин кайда экендиги тууралуу так маалымат жок.
14:00.
К.Бакиев жетектеген колонна Алатоо аянтына жетип, митинг улана баштады. Ошол эле учурда А.Атамбаев жетектеген колонна Бишкектин түштүк-чыгыш бөлү­гүнөн Алатоо аянтына бет алды.
14:20. Атчан милициялар отряды пайда болду. Алардын артында жөө милиция кызматкерлери чуркап келишүүдө. Алар демонстранттарга сокку беришүүдө. Эл аларды уруп-согуп, погондорун жулууда.
15:00. Ак үйдүн каптал тарабынан союл, калкан менен куралданган «ак кепкачандар» Алатоо аянтындагы митингчилерге кол салышты. Аянтта тополоң башталып, милиция «ак кепкачандарга» тийбестен, аянттагы митингчилерди кубалай баштады. Бир азга чачырай түшкөн эл кайрадан топтолушуп, милиция жана «ак кепкачандарды» Ак үйдүн короосуна чейин сүрүп киришти. А.Атамбаев жетектеген колонна аянтка жетип келди.
15:00. Милициялар окуя болгон жерди таштап кетишүүдө.
Ак үй алынды... 7-кабаттагы А.Акаевдин кабинетинин терезесинен демонстранттар көрүнө башташты. Терезелерден эмеректер, оргтехникалар ыргытылууда.
15:10. Милиция жана аскер адамдары көтөрүлгөн эл тарапка өтүшүүдө.
15:20. Элдин жоон бөлүгү Бишкек мэриясын көздөй багыт алды.
15:45. Элдин “Бакиев, Бакиев!” деген сүрөөнүнүн коштоосунда К.Бакиев Ак үйдүн имаратына кирди.
16:00. Улуттук телевидение оппозиция тарапка өткөнү белгилүү болду.
16:30. Демонстранттардын тобу Ф.Кулов жаткан колонияга бет алды.
17:20. Ф.Кулов азаттыкта.
18:00.
Кызматтык машиналардын өрттөл­гөндүгү тууралуу маалымат түшүүдө.
Кечки окуялар.
Ак үйдүн айланасында жана борбордук аянтта шаан-шөкөт. Бийликтин, милициянын жана «ак кепкачандардын» карааны көрүнбөй калды. Аскар Акаевдин кайда экени белгисиз. Премьер-министр Николай Танаевдин отставкага кеткени белгилүү болду. Бишкекте талап-тоноолор башталды. Эски парламент шашылыш чогулуп, өкмөт башчылыгына Бакиевди дайындады.

ЫҢКЫЛАПТАН КИЙИН...
Мародёрчулук тууралуу
24-март түнү Бишкекте талап-тоноочулук башталды. Супермаркеттер менен кошо кээбир кафе, кафе-интернеттер, акча алмаштыруучу түйүндөр, «Мадина» базары тонолгон. Киев көчөсүндөгү дээрлик дүкөн, кафелер талкаланган.
Кийин такталган маалыматтарга кайрылсак, жалпы чыгым 100 миллион долларды түзгөн. Бишкек шаары боюнча жалпы 186 кылмыш иши козголгон. Таланган буюмдардын 3 миллион 800000 сомдук өлчөмү кайтарылган. Дагы 668000 сомдук товар ээсин тапкан эмес. Козголгон кылмыш иштеринин 63ү өндүрүштө аяктаган.

24-МАРТ КҮНҮ ЖАРАКАТ АЛГАНДАР, ӨЛГӨНДӨР...
Маалыматтарга таянсак, Бишкектеги травматология жана ортопедия боюнча илим изилдөө борборуна 24-25-март күндөрү 80 адам кайрылган. Анын 30у жеңил жаракат алгандыктан, врачтар алгачкы жардам көрсөтүшкөн соң үйлөрүнө кетишкен. 50сү оор абалда түшкөн. Алар – башы-көзүнөн тамтык жок таяк жегендер, эл тебелендисинде калгандар, колу-буту сынгандар.
Улуттук госпиталдын “нейротравматологиялык бөлүмүнө 25 адам алынып келинип, 7өөсүнө жардам көрсөтүлгөн соң үйлөрүнө кетсе, 18 адам дарыланууга жаткан. Баш сөөгү сынган 3 адамга операция жасалган.
Жалпысынан, “24-25-мартта 500дөй адам жабыркап, 20га чукул адамдын өмүрү кыйылган” деген маалыматтар бар.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 281, 21-27-март, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан