9- Май 2013 -жылы Бишкекте эл аралык Көк бөрү федерациясынын конгресси өткөн
Бишкекте эл аралык Көк бөрү федерациясынын конгресси өтүп, федерациянын курамына Иран, Монголия жана Түркия өлкөлөрү кошулган. Иш-чарага Кыргыз мамлекети, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай, Орусия жана Ооганстандын Көк бөрү боюнча улуттук федерациясынын өкүлдөрү катышкан. Анда федерациянын курамына жаңы кошулган мамлекеттердин көк бөрү боюнча улуттук федерациясын түзүү керектиги айтылган. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көк бөрү федерациясынын президенти Канатбек Исаев аталган эл аралык федерациянын башкы катчысы болуп шайланды.
Эл аралык Көк бөрү федерациясы 2001-жылдын 9-ноябрында түзүлгөн. Анын негиздөөчүлөрү Кыргыз мамлекети, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрү.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан