Бүгүн, 12-февралда парламент жыйынында депутат Максат Сабиров өкмөттү түзүү укугун оппозицияга берүү керектигин айтып чыкты. "Биз мыйзамдарды кабыл алып коюп отурабыз, өлкөдө эмне болууда? Мурунку башкы прокурор коррупция менен күрөшүүнүн начардыгы боюнча президентти айыптады, Ош аэропортунан ири суммадагы акчаны карактап кетишти. Премьер-министрдин командасына "страус" деген лакап ат жабышты. "Кумтөр" маселеси чечиле элек. Ушундай өкмөттүн кереги барбы? Өкмөттү оппозицияга бергиле",- дейт Сабиров.