Кенже Дүйшеева сөзү Сейит Жыйылбаев, обону Кеңеш Тайлаковго таандык болгон
"Аялзат" ырына клип тарттырып бүтүп, элге тартуулады. "Жыл сайын 8-Март күнү айымдарга арнап ыр белек кылуу - менин чоң милдеттеримдин бири болуп калды. Мурун "Аял дебе" аттуу ырымды айымдарга тартууласам, бул жылы "Аялзаты" деген ырды 8-Мартка даяр кылгам. Ал эми клибин жакында эле тарттырып бүттүм",- деди ырчы айым.