Мамлекеттик түзүмдөрдүн милдеттери кайрадан ыраатташтырылууда

Бүгүн, 18-февралда Жогорку Кеңеште жаңыдан иштелип чыгып, мамлекеттик сатып алуу жол-жоболорун жөнгө салууга багытталган "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, бюджеттин 20 пайыз каражаты же 22 миллиард сом мамлекеттик сатып алууларга жумшала турганы, иштеп жаткан мыйзамда "кол кесер" алуу сындуу коррупциялык жосундарга жол ача турган ченемдер да камтылып калган. Ошондон улам мыйзам долбоорунда мамлекеттик сатып алууларды жөнгө салуу жана коррупциялык жосундарды четтетүүгө багытталган бир катар жаңы ченемдер киргизилип жатат.

Мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы коррупциялык жосундарга бөгөт коюу максатында электрондук документ жүгүртүү усулу киргизилгени айтылды. Азыр тендерлерге катышууну көздөгөн компаниялар өздөрүнүн документтерин электрондук түрдө жөнөтө алат. Тендер өткөрүү маселелерине байланыштуу мамлекеттик органдардын иш-милдеттерин кайрадан ыраатташтырып, тендердик документацияларды белгилүү бир мөөнөттө гана өзгөртүү шарты сунушталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан