Дүйнөлүк банк Кыргызстандын суу ресурсун пайдалануу багытына 7,7 миллион доллар бөлөт

Бүгүн, 18-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуу боюнча мыйзам долбоору каралып, үч окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Аталган документке ылайык, Дүйнөлүк банк Кыргызстандын суу байлыгын сарамжалдуу пайдалануу багытындагы долбоордун 1-фазасына 7 миллион 750 миң доллар өлчөмүндө каражат бөлүүдө. Долбоор 4 бөлүктөн турат: улуттук суу байлыктарын башкаруу жана аны бекемдөө, суу пайдалануучулар үчүн сугат иштерин жөнгө салуу, сууну сарамжалдуу пайдалануу, жалпы мүмкүнчүлүктөрдү бекемдөө.

Талкууда өкмөткө гранттык каражатты өз багытында максаттуу пайдалануу, чет өлкөлүк кеңешчилердин ордуна жергиликтүү адистерди тартуу, суу чарба кызматкерлеринин эмгек акыларын көтөрүү сунуштары берилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан