Кыргызстанда 2014-жылы 48 102 адам жумушка орношкон. Бул тууралуу 18-февралда Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинен билдиришти. Жаштар эмгек биржасында өткөн жылы 5882 жаран ишке орношкону кабарланды. Жумушка орношкон жарандардын аймактар боюнча көрсөткүчү төмөнкүдөй:Бишкек шаары - 9798;
Ош шаары - 1325;
Чүй облусу - 8324;
Талас облусу - 3662;
Ысык-Көл облусу - 2483;
Нарын облусу - 1078;
Жалал-Абад облусу - 5340;
Ош облусу - 6240;
Баткен облусу - 3970.