Бүгүн, 20-февралда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда депутат Ахматбек Келдибековдун иши боюнча соттук отурум өтөт. Маалыматка ылайык, иш-чара саат 14:00дө башталат.
Эскерте кетсек, Келдибеков "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталып, 2013-жылдын күз мезгилинде камакка алынган эле. Былтыр август айында ден соолугуна байланыштуу чет өлкөгө дарыланууга кетип, 10-февралда Бишкекке кайтып келди.