Бүгүн, 20-февралда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты
Ахматбек Келдибековго козголгон кылмыш ишине байланыштуу кезектеги сот отуруму башталды.
Эскерте кетсек, Келдибеков "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталып, 2013-жылдын күз мезгилинде камакка алынган эле. Былтыр август айында ден соолугуна байланыштуу чет өлкөгө дарыланууга кетип, 10-февралда Бишкекке кайтып келген.