Роберт Уразгильдеев 1935-жылы 13-майда Пермь шаарында туулган. Пермь мамлекеттик окуу жайын балет артисти адистиги боюнча бүтүргөн. 1955-жылы Москвадагы А.Луначарский атындагы Мамлекеттик театралдык институтунун тарых жана театр теориясы адистиги боюнча аяктаган.
Роберт Уразгильдеев көптөгөн опера спектаклдеринин бий сценаларын койгон. Ал Борбор Азия мамлекеттеринде искусство таануу боюнча жалгыз доктор болгон. Анын практика боюнча берген рекомендацияларын бир нече мамлекеттердин тажрыйба топтоочулары жана окумуштуулары колдонушкан.
Ал 19-февралда каза тапкан эле. Маркумду узатуу зыйнаты 21-февралда А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өткөрүлөт.