Бүгүн, 20-февралда өкмөттүн отурумунда премьер-министр Жоомарт Оторбаев электрондук сатып алууларга өтө элек мамлекеттик мекемелерди сынга алды.
Жыйындын жүрүшүндө ал мекемелердин сатып алууларды көзөмөлдөгөн жетекчилерине сөгүш жарыялады. "Сатып алуулардын 90 пайызы кагаз түрүндө жүрүп жатат. Мындан ким пайда тапкандыгы баарыбызга белгилүү. Ошондуктан жетекчилер бир аптанын ичинде электрондук сатып алууларга өтүү пландарын тапшырышсын",- деп буюрду өкмөт башчы.
Айта кетсек, сөгүш алгандардын арасында Чек ара жана Бажы кызматтарынын башчыларынын орун басарлары, Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы, ИИМдин башчысынын биринчи орун басары, Бишкектин вице-мэри жана башкалар бар.