Бажы биримдигиндеги мамлекеттер ортосунда аскердик кызмат өтөө тажрыйбалары жайылтылат. Муну 21-февралда депутат Кожобек Рыспаевге шилтеме берүү менен парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Армия чоң мектеп экенин, андан өткөн ар бир жаран турмушка болгон тактикасын калыптандырарын белгилеген депутат: "Бажы биримдигинин алкагында иш алып бара турган болгон соң, аскердик кызматташтыкта дагы бир топ жаңылануулар болот. Мисалы, мурдагы СССРдин мезгилиндегидей болуп ошол биримдикке кирген өлкөлөрдөгү уландар Бажы тутумундагы мамлекеттердин армиясында кызмат өтөө мүмкүнчүлүктөрүн алышат. Ошентип, Бажы биримдигиндеги мамлекеттер ортосунда аскердик кызмат өтөө тажрыйбалары жайылтылат",- дейт Рыспаев.
Рыспаев Ооган согушунда кызмат кылып, кийин Кыргызстанга келгенден кийин каза болгондордун эң кенже баласы 18ге чыкканга чейин 3 миң сомдук жөлөк пул берүүнү демилгелеп жатканын кошумчалады.