Асия Сасыкбаева Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси менен парламенттер аралык кызматташтыкты талкуулады
Жогорку Кеңештин вице-спикери Асия Сасыкбаева 20-февралда Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Гидаят Худуш оглу Оруджев менен жолугушту. Экономикалык жана маданий кызматташтык, парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү маселеси талкууланган жолугушууда Сасыкбаева: “Биз ТүркПА, ЕКПА сыяктуу уюмдарда Азербайжан менен өнөктөштүктү жогору баалайбыз. Эки өлкөнүн парламентчилери ар дайым иш тажрыйбалары менен бөлүшүп келүүдө”,- деп билдирди. ЖКнын маалымат кызматы билдиргендей, элчи Жогорку Кеңештин Азербайжан менен кызматташуу боюнча достук тобу жана Эл аралык иштер боюнча комитети менен конструктивдүү кызматташуу жолго коюлганын билдирди. Өнөр жай, туризм, инвестиция тартуу жаатында кызматташууну жандандыруу зарылдыгын кошумчалады.