18-февраль күнү Кашка-Суу жайлоосуна жылкы айдап келүүгө кеткен 5 адамдын экөөсүн кар көчкү басып калган. Кар алдында калып каза тапкан эки жаран Жерге-Тал айылынын 33 жаштагы Адылбек Төлөнбаев жана 22 жаштагы Мирбек Жээнбай уулу аттуу тургундары болгон. Кырсык тооруп, өмүрү менен коштошкон 2 жарандын үй-бүлөсүнө президенттик фонддон 50 миң сомдон бөлүндү. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.