Кыргызстандын Коргоо кеңешинин катчысы кызматына Темир Жумакадыров дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 21-февралда кол койду.
Президенттик аппараттан кабарлашкандай, Жумакадыров Темир Курмангазиевич буга чейин Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары кызматын аркалап келген.
Кошумчалай кетсек, буга чейин аталган кызматты аркалап келген Бейшенбай Жунусов 19-февралда кызматынан бошотулган. Б.Жунусовдун кызматтан алынышы анын башка кызматка которулушу менен байланыштуу экени айтылган.