Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы келишимдерди өз убагында ишке ашыруу тууралуу сүйлөшүү болду

Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 22-февралда бир күндүк иш сапары менен Казакстанга барып келди. ТИМдин басма сөз кызматынын билдиришинче, өкмөттүк деңгээлдеги жолугушууларда эки тараптуу кызматташтык, мурда жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды. "Тараптар кыргыз-казак мамилесин бекемдөөчү саясий-экономикалык диалог, бардык деңгээлдеги байланыштар тууралуу пикир алышты. Мурда түзүлгөн бардык келишимдер өз учурунда ишке ашырыларына ишеним артышты. Мындан тышкары бир катар эл аралык жана аймактык маселелер талкууга алынды",- деп билдирет министрлик. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан