Алдын ала маалыматтар боюнча, 2015-жылдын январь айында республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү 7 миллиард 255 миллион 400 миң сом суммасында аткарылды же план 95,8 пайызга орундалды. Муну 22-февралда Каржы министрлиги билдирди. Былтыркы жылдын бул мезгилинде республикалык бюджеттин аткарылышы 6 миллиард 133 миллион 600 миң сомду түзгөн же быйыл чыгашалар 1 миллиард 121 миллион 800 миң сомго же 18,3 пайызга көбөйгөн.
"Чыгашалардын корголгон беренелери боюнча 2015-жылдын январь айында республикалык бюджеттен 5 миллиард 760 миллион 400 миң сом каржыланды же план 99 пайызга аткарылды. Чыгашалардын корголбогон беренелери боюнча январда республикалык бюджеттен 715 миллион 8 миң сом каржыланды же план 99,7 пайызга аткарылды",- деп билдирет министрлик.