Бишкек шаардык кеңешиндеги "Ата Мекен" фракциясы 21-февралда
Калыйнур Үсөнбеков атындагы Куралдуу күчтөрдүн Аскер институтунун курсанттарын Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады. Саамалык аталган институттун жетекчилигинин көмөгү менен өтүп, ага Бакен Кыдыкеева атындагы Мамлекеттик жаштар театрынын артисттери жана кыргыз эстрадасынын ырчылары катышты.
Шаардык кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Союзбек Салиев куттуктоо сөзүндө аскердик кызмат өтөөнүн татаал экенине карабай мекен үчүн кызмат кылууга чакырды. Ал эми шаардык кеңештеги партиянын төрагасы Камалидин Токтосартов бул майрамды белгилөөнүн тарыхына токтолду. Соңунда ырчылар Султан Садыралиев, Замира Мавлянова, Венера Сатылганова жана башка артисттер чыгармаларын тартуулашты.