Кыргыз жеринде 2015-жылдын январь айында 4123 түгөй баш кошушту. Мамлекеттик каттоо кызматынын билдиришинче, баш кошуулардын саны боюнча Ош облусу алдыда же облуста 1093 түгөй баш кошушкан. Жалал-Абад облусунда 857 түгөй, Чүй облусунда 529 түгөй, Бишкек шаарында 344 түгөй никеге турушканы айтылды. Эң төмөнкү көрсөткүч Ош шаарында катталды (172 түгөй).
Өлкөдө 1 айда 668 түгөй ажырашты, көбү Жалал-Абад облусунда (104 ажырашуу фактысы) жана Ош шаарында (35 ажырашуу фактысы).