Кыргыз жеринде борбордук мамлекеттик органдардын аппарат башчыларын жана статс-катчыларын "Каржылык менеджмент" багытында окутуу башталды. Бул тууралуу 24-февралда Мамлекеттик кадр кызматынан билдиришти. Иш-чара 2015-жылга карата Мамлекеттик буюртманы ишке ашыруунун негизинде жасалып жатканы айтылды.
Кошумчалай кетсек, статс-катчылардын деңгээлин көтөрүү максатында жакында 21 мамлекеттик органдын статс-катчыларынын ишине мониторинг жана мекеме кызматкерлери арасында статс-катчылардын ишмердүүлүгү тууралуу анонимдүү сурамжылоо жүргүзүлгөн. Анда 8 мамлекеттик органдын статс-катчылары ээлеген кызматтарына ылайык келерин тастыкташканы айтылган эле.